Суббота, 27 апреля, 2024
3.1 C
Бишкек

Тарых илимдеринин доктору Акылбек ЖУМАНАЛИЕВ: “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусу доорлор алмашкан мезгилге туура келген”

– Акылбек агай, XX кылымды – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусунун кылымы деп атасак болобу?

– Албетте, XX кылым – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусунун кылымы болгондугунда эч талаш жок. Дүйнөлүк масштабдан алганда, XX кылымдын башындагы Евразия континентин дүңгүрөткөн орошон окуялар жеке эле кыргыздардын гана эмес, бүтүндөй дүйнө элдеринин жашоо-турмушун, мамлекеттердин түзүлүшүн өзгөртүп, коомдук-экономикалык, формациялык өнүгүшүнүн 100 жылдык тагдырын аныктаган. Дүйнөнүн саясий картасын өзгөрткөн. Анан калса бул тарыхый өзгөрүүлөр курч мүнөздө жүргөн жана окуялар чагылгандай тездикте болгон.

– Биздин элдин тагдырына таасир эткен окуялар катары кайсыларды айта аласыз?

– Анын бири – 1914-жылдын август айында башталган биринчи дүйнөлүк согуш. Ал бизден миңдеген чакырым алыста жүрсө да, согуштун капшабы бизге да тийген. Бул убакта кыргыздар падышалык Россиянын карамагында болгондуктан, 1915-жылдын 1-январынан баштап Түркстанда жашаган жергиликтүү калкка аскердик кызматтан бошотулганы үчүн согуштук салык киргизилген. Мунун айынан кедейлер акыркы малын сатып, итке минип отуруп калган учурлар көп болгон. Бул да эч нерсе эмес, 1916-жылдын 25-июнунда падышалык Россиянын Түркстандын жергиликтүү калкын ооруктагы жумуштарга тартуу тууралуу жарлыгы чыгат. Анда 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектер аскердик оорук кызматына чакырылат деп айтылган. Мына ушул жарлык Түркстан аймагында жашаган боордош калк-тардын улуттук боштондук көтөрүлүшүнө апкелип, 1916-жылы 4-июлда Хожентте элдик нааразылык толкуну башталат. Аны Жети-Суу облустундагы кыргыздар менен казактар колдоп кетишкен.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн биз үчүн тарыхый мааниси зор. Элде Үркүн деп аталып калган бул элдик толкун – нукура көз карандысыздык үчүн күрөш болгон жана улуттук аң-сезимди ойготкон, шыктандырган. “Манас” эпосундагы түгөнгөн сайын түтөгөн, өлгөн сайын өрчүгөн дейт го. Анын классикалык үлгүсүн мына ушул Үркүндөн көрө алабыз.

– Тарыхта падышалык Россия көтөрүлүштү тез арада күч менен басып салууну каалаганы айтылат. Бул чындыкпы?

– Ооба, көтөрүлүш күч менен басылат. Бирок, падышалык Россиянын IV Мамлекеттик Думасы жазалоочу отряддардын мыкаачылыгын сынга алган. Муну да унутпоо керек.

– Бул убакта аларда революциялык кырдаал өсүп жетилип калганы, февраль революциясы да режимге карата сын айтылышына себеп болгон чыгар?

– Анысы да бар. Ошол 1917-жылдагы февраль революциясынын биз үчүн да тарыхый мааниси бар. Падышалык бийлик кулагандан кийин, Үркүндө жер ооп кеткен кыргыздар өз мекенине кайтып келе башташкан. Оболу Ташкентте өткөн мусулман уюмдарынын жыйынында Үркүндөн кайткандардын маселеси каралып, 1917-жылдын 12-13-апрелинде качкындарды жайгаштыруу жана аларга жардам берүү берүү боюнча андагы Верный, азыркы Алматыда кыргыз-казактардын курултайы болгон.

– “Алаш” партиясы ошол учурларда түзүлгөнбү?

– 1916-жылдагы улуттук боштондук күрөшүндө анын башында тургандардын көбү — баатыр эр азаматтарыбыз курман болуп, жок кылынган, ошондон улам элдин башын бириктирип, алардын саясий эркин билдире турган өкүлдөр ошол учурда жаманбы-жакшыбы түптөлүп калган кыргыз интеллигенциясынын арасынан чыккан. Алардын демилгеси менен алгачкы улуттук органдар пайда болгон. Пишпекте кыргыз коомдук комитети уюшулган – “Алаш” партиясы бизде ушундай аталган. Падышачылык бийлик кулаган соң, “Алаш” партиясы ачыкка чыгып, анын алгачкы съездине кыргыздардан да өкүлдөр катышкан.

– Быйыл Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын белгилегени жатабыз. Облус түзүү демилгеси эмнеден келип чыкты эле, анын башында кимдер турду?

– Баарыбызга белгилүү болгондой 1917-жылы октябрда большевиктер башында турган куралдуу көтөрүлүш жеңишке жетип, Убактылуу өкмөт бийликтен четтетилип, кеңеш өкмөтүнүн бийликке келиши менен Түркстан аймагында кеңеш бийлигинин орношу 1917-жылдын аягынан 1918-жылдын жаз айларына чейин созулган. Майда-чүйдөсүн айтып отурбайлы, 1918-жылдын 30-апрелинде Россия Советтик Федерациясынын курамында Түркстан Советтик Автономиялык Республикасын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, Борбордук аткаруу комитети шайланган жана эл комиссарлар кеңеши түзүлгөн. Бул биз эле эмес, Орто Азия элдеринин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн башаты болгон.

Октябрь революциясынан кийин Кыргызстандын түндүгү – Түркстан крайынын Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустарынын, түштүгү – Фергана, Самаркан облустарынын курамында болгон.

1924-жылдын январында өткөн Кеңештердин Бүткүлтүркстандык XII съездинен кийин Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүү процессин жүзөгө ашыруу боюнча иштер башталган. РКП(Б) БКнын Саясий бюросу Орто Азия элдеринин өтүнүчтөрүн, талаптарын эске алуу менен Түркстан бийлигине зарыл материалдарды даярдоону тапшырган.

– Съездге катышкан кара-кыргыз депутаттары РКП(б) жана СССР БАКнын Улуттар кеңешине докладдык кат менен кайрылышкан тура. Анда эмнелер айтылган?

– Алар өлкө бийлигине Түрк­стандагы өзбек, тажик жана кайсак-кыргыздардын катарында саны бир миллионго жакын улут – кара-кыргыздардын абалы түшүнүксүз калганын белгилешкен. Кайсак-кыргыздар менен кара-кыргыздардын тилинин, жашоо-турмушунун жана чарбачылыгынын окшоштугу эки элди бир улут катары кабыл алууга түрткү болгонун, Түркстандын айрым жетекчи кызматкерлери аларды бир улутка бириктирүүгө аракет кылып жаткандыгын көрсөткөн. Мындай саясат кеңеш бийлигинин улут саясатына карама-каршы келерин белгилешкен.  Катта Кыргызстан аймагы, табияты жана чарбалык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, кара-кыргыз элин башка улуттар менен катар эле улут катары таануу, Түркстандын башкаруу органдарында кара-кыргыз эмгекчилеринин өкүлдөрүнүн жоктугуна байланыштуу  аларды бийликке тартууну, кара-кыргыз эмгекчилеринин арасында маданий-агартуу иштерин жүргүзүү үчүн биринчи кезекте өз эне тилинде окуу китептерин, анын ичинде гезит чыгарууга мамлекет эсебинен каражат бөлүү маселесин коюшкан.

– Элестетип жатам, каршы болгондор издетпей табылса керектир?…

– Албетте, ансыз болобу. 1924-жылдын 10-мартында Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүүгө даярдык көрүү боюнча Түркстан БАКнын Президиумунун мүчөлөрү жана айрым жетекчи кызматкерлери катышкан жыйын өткөн. Ошол жыйында айрым жолдоштор кыргыз, түркмөн элдеринин өкүлдөрүнүн автономия берүү жөнүндөгү сунуштарын “ар кандай туура эмес жана пикир келишпөөчү” маселелер катары күн тартибинен чыгарып салууну сунуштаган. Докладда да кара-кыргыз, каракалпак жана тажик элдеринин тагдыры жөнүндө эч нерсе айтылбастан, жыйынтыгында докладчы А.Рахимбаев Өзбек, Түркмөн, Кыргыз (Казак АССРи) Респуб-ликаларын түзүү сунуштарын киргизген. Залдан берилген суроолорго Фергана облусунун кара-кыргыздары менен Жети-Суу кара-кыргыздары биригип, Кыргыз (Казак) Республикасынын курамында автономиялык облус болуп түзүлөт деп жооп берилген.

– Э.Арабаев нааразылыгын билдирип, кара-кыргыздар өз алдынча республика түзүү укугуна ээ эмес дегенине каршы болгон тура?

– Негизи Түркстанда кеңеш бийлигинин орношу менен улуттук чек араларды аныктоо маселеси келип чыккан. 1920-жылдын 27-августунда Бүткүл Союздук БАК “Түркстанды администрациялык жактан бөлүштүрүү жөнүндө” токтом кабыл алган.  Мен сөз кылган жыйын да ушул токтомго байланыштуу болуп, Э.Арабаев сүйлөп, кыргыздардын өз алдынча улут экенин, тилекке каршы, улут катары эч жерде эске алынбаганын сындап, кара-кыргыз (кыргыз) автономиясын түзүү тууралуу маселе көтөрөт. Кыргыз элине Түркстанга, Кыргыз (Казак) АССРине же РСФСРдин курамына кирүү маселесин чечүү укугу ыйгарылышын талап кылат.

1924-жылдын 14-октябрында Кеңеш-тердин Бүткүлсоюздук Борбордук аткаруу комитетинин 2 сессиясында Түркстан АССРинин БАКнын республикалардын улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүлүшү жөнүндөгү токтому бекитилип, Өзбек ССРинин курамында Тажик АССРи; Кыргыз (Казак) АССРинин курамында Кара-Калпак автономия облусу, РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз (Кыргыз) автономиялуу облусу түзүлөт.

– Жаңы түзүлгөн автономиялуу облустун территориясы, калкынын саны канча болгон.

– Кыргыз автоном облусу 195,7 км.кв. аймакты ээлеп, калкынын саны 737 миң киши болгон.

– Облустун аймагы кантип аныкталып, кандай принцип менен райондоштурулган?

– Октябрь революциясына чейин Орто Азия элдеринин ортосунда так документтештирилген чек ара болгон эмес. 1924-1925-жылдары Кеңеш өкмөтүнүн чечими менен бул аймакта улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүү жүргүзүлүп, чек аралары такталган. Райондоштуруу боюнча Орто Азия комиссиясы түзүлгөн. Биринчиден, чек араны улуттук белгилерге карата аныктоо принциби колдоого ээ болгон. Экинчиден, жерлерди пайдаланууга карата бөлүштүрүү принциби сунушу өтүп, отурукташкан элге сугат жерлерин берүү негизги принцип катары каралып, натыйжада көчмөн жана жарым көчмөн элдеринин кызыкчылыктары эске алынган эмес. Ошондой эле экономикалык бүтүндүк принциби колдоого ээ болуп, аны ишке ашырууда да Кыргызстан жапа чеккен.

Бирок, кандай болбосун, кандай мүчүлүштүктөргө жол берилбесин, кыргыздар алгачкы ирет өз алдынча мамлекеттик түзүлүштүн чегинде биригишкен. Анын өзү социалдык-экономикалык өнүгүүлөргө жол ачкан. Элибиз туруктуу аймактык, экономикалык жана маданий жалпылыкка ээ болуп, улутка айлануу жана калыптануу процесстери
башталган.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар