Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Кыргызстан – Россия тапкан жол

1917-1990-жж. чейин Кыргыз ССРинде жашап келген 120 ашык улуттардын өкүлдөрү 1991-ж. 31-августта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз каранды эместиги жөнүндө декларациясын кабыл алып, Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин маңдайына Манас бабабыздан мурас калган кызыл туубузду желбиреттик. Мына ушул эркин мамлекетибизде жашап илим менен санжырага кызыккан азыркы жаштар-студенттер Кара-Кыргыз АО тарыхы 1855-ж. 17-январында башталганбы же 1863-ж. 13-октябрында ишке ашканбы? деген суроо берип келе жатышат. Туура, так жооп табыш үчүн, биринчиден, мамлекеттик башкы архивдердеги маалыматтар жана окумуштуулардын эмгектерине кайрылуу туура болот.

Эркиндикти кабыл алып барктаган элибиз “Кыргызстан тарыхы /Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин/” деген баалуу китептерден байма-бай керектүү маалыматтарды таап окуп келе жатышат. Аталган китеп алты жолу толукталып, алты жолу оңдолуп, өкмөттүк сыйлыкка ээ болгон. Ушул китеп кыргыз элинин эгемендикке чыккан тарыхы орус эли менен байланыштуу экендигин далилдеп, “Кыргызстан Россия империясынын жана СССРдин курамында” деген тема менен баштаптыр. Анда: “1855-ж. 17-январда көлдүк бугу уруусу Россиянын карамагына “өтүү жөнүндө” жана “өткөндүгү жөнүндө” куран кармап ант берген десе, 1863-ж. 13-октябрда тянь-шандык черик уруусу Россиянын бийлигине кабыл алынган” деп жазылат. Ал эми 1963-ж. 30-октябрда Кыргыз ССРи “Кыргызстандын Россиянын курамына ыктыярдуу кошулгандыгынын 100 жылдыгын” СССРдин курамында туруп эл аралык деңгээлде белгилейт.

Бул жогорудагы 1855, 1863, 1963-жж. үч маалыматтын кайсынысы 1924-ж. 14-октябрында түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу обулусунун тарыхына түз барып кошулат?

Биринчиден, Кара-Кыргыз АОсу кандай шартта кандай себептер менен түзүлгөндүгү тууралуу чогултулуп бир китепке чыккан маалыматтарды табуу кыйынга турат.

Экинчиден,  1855-ж. жана 1863-ж. жашап турган ала-тоолук кыргыздар уруу-уруу болуп, өз аймактарын ээлеп, Цин кытай, Кокон, Кашкар бийликтери менен ич ара соода-сатык жана согуштук байланыштарда болуп турган.

Үчүнчүдөн, 1854-55-жж. жер талаштын айынан Ормон хан, Боромбай бий, Алыбек баатырлар баштап кеткен көлдөгү кандуу чабыш 1875-ж. чейин токтобой уланган.

Төртүнчүдөн, чек арасы чектеш турган Цин кытай бийлиги Көлдүн өйүз-бүйүзүндө узак жылдардан бери токтобой келе жаткан бул чабыштарга тымызын көңүл буруп, бирок, ошол эле учурда Кашкар чегинен Нарынга чейинки жер-сууга көз арта баштайт.

Бешинчиден, бул кабарды угуп, уйгур-кыргыз, кытай-кыргыз чек арасын коруп Улуу жибек соода жолун өз көзөмөлүнө алып турган черик Турдуке баатыр менен хан Карымшак Чеч-Дөбө деген жерге курултай чакырышат. Жыйынтыгында ал улуттук баатырлар аталган территорияны 1863-ж. 21-майда падыша Александер IIге өз каалоосу менен кошушат.

Алтынчыдан, 1863-ж. 13-октябрда Омск шаарына келген Батыш Сибирь генерал-губернатору А.О.Дюгамель черик уруусунун Россияга өз каалоосу менен кошулгандыгы боюнча эл аралык маанидеги иш-чара өткөрөт. Буга Орус армиясынын Башкы штабында кызмат кылган жогорку чиндеги аскер адамдары менен кээ бир казак султандары катышат. Кашкар чегинен берки Үч-Турпан, Бөрү-Токой, Улуу-Чат, Какшаал, Артыш, Ак-Сай, Чатыр-Көл, Арпа, Ат-Башы, Орто-Сырт, Дөрбөлжүн, Куртка, Эки-Нарын, Долон ашуусуна чейин-ки зор аймакты Россия империясына /Кыргызстанга/ алып калгандыгы үчүн падыша Александр II Тоймат уулу Турдукени Чоң Алтын медаль, I даражадагы баркыт чапан, Сазан уулу Карымшакты Чоң Күмүш медаль, I даражадагы нооту чепкен, дагы чериктердин төрт манабын I даражадагы нооту чепкендер менен сыйлайт. Демек, тянь-шандык кыргыздар Цин Кытай, Кокон, кашкар бийликтеринин баскынчылыктарынан биротоло кутулуп, Орус империясынын коргоосуна алынып, алардын алгачкы букараларынан болуп калышат.

Жетинчиден, 1864-ж. 23.09. Россиядан генерал В.Мединский менен Кытайдан Шаа аттуу комиссарлар Нарынга келип, Чугучак эл аралык протоколу менен азыркы Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Торугарт ашуусунан Орус-Кытай чек ара сызыгын аныктап кол коюшат. Ушул протоколдун күчү менен кечээ эле Россиянын курамына кабыл алынган Турдуке баатыр баштаган черик, чоң багыш, кутчу уруулары Кашкар, Кытай тарапта, ал эми хан Карымшак баштаган черик, моңолдор, басыз уруулары менен чоро саяк, тынымсейит кичи уруктары Россия тарапта калат. Ала-Тоо округунун генерал-губернатору А.Г.Колпаковский өз букараларын коргоо максатында 1864-ж. күз айынан баштап казак жүздүктөрүн Торугарт ашуусуна коюп, эл аралык маанидеги чек арада тартипсиздик болбосун деп буйрук чыгарат.

Сегизинчиден, 1867-ж. Ала-Тоо жергесинде биринчи жолу Токмок шаары негизделет. Санкт-Петербурга баш ийип турган Түркестан генерал-губернаторлугу Токмокко биринчи болуп “Черикская волость” деген орус-кыргыз бийлигин түзөт. Кыргыздарда “волость” деген сөздөн “болуш” деген институт пайда болот.  Бул Токмоктогу орус-кыргыз бийлигин Верный шаарында турган генерал-майор А.Г.Колпаковский менен Нарында турган Кан Карымшак шериктештик менен башкарат. Аталган бийликке уездик полициянын начальниги, жаңыдан шайланган кыргыз болуштары баш ийишет.

Тогузунчусу, Сазан уулу Карымшактын сунушу менен Көлдөгү бугу, сарыбагыш, саяк, моңолдор, сарт калмак урууларына калыс деп черик Тилекматтын уулу Чыныбайды бийликке алып келишет. Окумуштуу Б.И.Бөрүбашов белгилегендей, “Чыныбай 1873-ж. младший помощник уездного начальника” деген кызматта иштеп турат.

Онунчусу, 1868-ж. Нарын, 1869-ж. Каракол, 1878-ж. Жалал-Абад менен Пишпек шаарлары негизделет. Демек, Ат-Башыдан Жалал-Абадка чейин аймактарга саясий бийликти бекемдөө жүрүп жана башкаруунун административдик аймактык органдары түзүлөт.

Он биринчиси, Төрөгелди, Адыл, Үмөтаалынын кандуу чапкындарына чыдай албай Көлдү таштап Текес, Кыяс, Кытай чегине чейин качып, П.П.Семенов күндөлүгүнө жазып калтыргандай, малы менен жаны кырылган бугу уруусун губернатор Колпаковский, Карымшак Чыныбай орус аскерлеринин күчүнө салып Көлдүн тескей бетине кайрадан көчүртүп келет.

Он экинчиси, Ормон хандын “Төрө-гелди мен десе Көлдү үч айлантып чапсын” деген керээз кебин унутпаган урпактары Текес, Кыястан жаңы көчүп келген бугулар менен ал жердеги саяктардын белдүүлөрүн чет-четинен түн жамынып өлтүрө башташат. Көлдөгү ахвал кайрадан оорлошот.

Он үчүнчүсү, генерал А.Г.Колпаков-ский, хан Карымшак, Матай бий, Чыныбай баатыр башында тургандар профессор С.Аттокуров жазып, санжырачылар айткандай, 1865-1880-жж. аралыгында: Көлдө турган Канат хан менен Карыпбай баштаган бир боорлорду Медет датканын Кара-Кочкоруна, ал эми Касымалы, Эсенгул, Чоко болуштарды Ажыбек баатырдын Нарын, Ат-Башысына көчүртүшөт. Бул окуяга улай эле Ош, Көл, Чүй тараптан бир болуш эл чогултуп келген Абадан уулу Жакыпбекти Ат-Башы менен Нарын суусунун ортосуна жайгаштырып, элди ачарчылыктан сакташат. Чындыктан тайбаган кыргыздарда: “чокойлуу черик чоң болду, чоюлган сарыбагыш, бугу кор болду, Көлгө келген саяктар көргөнү балык чор болду, черик менен бир тууган моңолдор элге тең болуп, эки суунун ортосу аралчага ээ болду” деген кеп ошон үчүн айтылып калат.

Он төртүнчүсү, 1917-ж. 27-февралында Россияда падыша өкмөтү кулап, В.И.Ленин баштаган Кеңеш өкмөтү бийликке келет. 3-мартта Санкт-Петербург телеграф аркылуу Пишпекке «Буржуазиялык бийлик кулады, падышалык өкмөткө караштуу министрлер камакка алынды» деген кабар берет.

Он бешинчиси, 2023-ж. Борбордук мамлекеттик архивден жаңы табылган маалыматтар боюнча, 1917-ж. 30-мартынан баштап Пишпекте турган уездик комиссарлар элдик-жумушчу дыйкан милициясын декабрь айынын аягына чейин жетектеп уюшкан кылмышкерлерден, талап-тоногон бандиттерден, басмачылардан, чет элдик интервенттерден эл-журтту коргоп тартипти өз колдоруна алышат.

Жогоруда белгилегендей, 1863-ж. 13-октябрдан баштап 1917-ж. 27-февралына чейин 54 жыл бою Орус империясы менен бирге туруп, оош-кыйыш тагдырлаш-даамдаш болгон кыргыздар өз аймагына өз алдынча мамлекет түзүүгө карата ич ара даярдыктарды көрүп, жалпы кыргыз улутунун биригүүсүн башташкан.

1924-ж. сентябрь айында Түркстан Кеңешинин (ЦИКтин) кезексиз чоң жыйыны болуп, анда кыргыздар толугу менен бул кеңештин карамагынан чыгарылат да, 14-октябрда СССРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлөт. 1925-ж. май айында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу Кыргыз автономиялуу облусу, 1926-ж. 1-февралда Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы, 1936-ж. 5-декабрында Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп СССРдин курамындагы 15 союздук республикалардын бири катары өз Конституциясын кабыл алат.

1962-ж. Кыргызстан КП БК биринчи секретары, тарых илимдеринин кандидаты Т.Усубалиев, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Б.Мамбетов, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Т.Кулатов, академик тарыхчы Б.Джамгерчинов ж.б. жетекчилер 1855-ж. 17-январындагы көлдүк жана 1863-ж. 13-октябрындагы тянь-шандык кыргыздардын Россияга кошулган тарыхый маалыматтарынын кайсынысы чын жана эл аралык мааниге ээ экендигин дагы бир жолу изилдеттиришет. Жыйынтыгында Бугу уруусунун элчиси Омск шаарына барганда падыша Николай II башында тургандар “жолдун алыстыгын” шылтоо кылышып көлдүктөрдү Россиянын курамына кабыл алуудан баш тарткан делет.

Ошол эле иликтөөдө черик уруусун падыша Александр II өз жарлыгы менен Россиянын курамына кабыл алып, чоң манап Турдуке, Карымшак баштаган улуу инсандарды жогорку сыйлыктар менен сыйлаганы айтылат. Бул тарых барактарын изилдеген илимпоздор жогорку далилдерди тарыхчы, этногаф Н.А. Аристовдун “Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: Очерки истории и быта населения западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической геграфии” (78-479-с.; РИТСА. Ф. СПб. Башкы архив.1-7, оп.6.1844-1863-ж. д. 1,3-баракта) деген эмгектен табышат.

Республиканын Т.У.Усубалиев, М.А.Гаврилов ж.б. жетекчилери Башкы архив берген бул маалыматтарга толук ынанып, 1963-ж. 18, 22, 23-январында Кыргызстан КП БКнын “өтө жашыруун” отурумун өткөрүшүп, №3/П протоколун кабыл алышат. Муну менен: 1963-ж. 30-октябрда Кыргыз-Россия достугунун 100 жылдыгы СССРдин убагындагы 15 союздук республиканын жетекчилеринин катышуусунда борбор шаарыбыз Фрунзеде эң жогорку деңгээлде өтөт. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Кыргыз ССРине Ленин ордени берилет. Ал эми Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен 1200 эмгектин алдыңкысына грамоталар тапшырылат.

Эң кызыктуусу, Кыргызстанда биринчи жолу “Настольная медаль в память 100 летия добровольного вхождения Киргизского народа в состав России” аттуу мааракелик медалы менен СССРде жашаган 770 кишини сыйлайт. Бул сыйлык алгандардын ичинде КПСС БКнын генеральный секретары Н.С.Хрущев башында турган Л.И.Брежнев, А.Н.Косыгин, А.А.Суслов, Н.В.Подгорный, Ю.В.Андропов, К.У.Черненко, Т.У.Усубалиев, Б.М.Мамбетов, Т.Б.Балтагулов, А.С.Савитахунов, Ч.Т.Айтматов ж.б. жетекчилер менен айрым эмгектин алдыңкылары болушат.

Мына ушул узак тарых белгилегендей, 1917-1990-жж. чейин СССРдин курамында турган Кыргыз ССРи эркиндик үчүн деп көтөрүлүш чыгарып кан төкпөй 1991-ж. 31-августта көз карандысыз Кыргыз Республикасы болуп аталат.

Эгемен мамлекет болгондон кийин кыргыз тарыхчылары “1963-ж. Т.Усубалиевдин Кыргыз-Орус достугунун 100 жылдыгын” өткөргөн эл аралык иш-чарасына кызыгып, дагы бир жолу иликтешет. 2003-ж. тарых илиминин кандидаты Т.Өмүрбеков докторлук диссертациясын коргош үчүн КР УИА академиги, мамлекеттик сыйлыктын ээси А.Какеев, тарых илимдеринин доктору, КР илимине эмгек сиңирген ишмер З.Эралиев, тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Кененсариевди баш кылып илимий ишине жетекчи кылып бекиттирет. Мына ушул диссертациялык эмгекте да 1863-ж. 13-октябрда тянь-шандык кыргыздар Россиянын курамына ыктыярдуу киргендиги дагы бир жолу ырасталып, чекит коюлат. Билим берүү жана илим министрлиги тарых жаа-
тында эмгек кылган окумуштуулар 2014-ж. чейин алты жолу толуктап, оңдоп, басмаканалардан чыгарган Ө.Осмонов агайыбыздын ошол китебинде ХIХ к. ала-тоолук кара кыргыздарга ак ниет эмгек кылып орус достору менен эгемендүүлүккө барчу жолду таап тайманбай салып кеткен Сазан уулу хан Карымшак баштаган тянь-шандыктар жазылбай келе жатышы өтө эле өкүнүчтүү.

Кыскартып айтканда, эгемендүүлүктү алганыбызга 33 жыл болсо да Сазан уулу хан Карымшак, Токтобай уулу Ажыбек баатыр ж.б. улуу инсандардын уйгур-кыргыз, кытай-кыргыз чек арасын коргоп, Улуу Жибек соода жолун көзөмөлгө алып келишкен зор эмгектери ошол 2014-ж. тарых китепте “Теңир-Тоодогу черик уруусунун Россиянын бийлигине киришинин мааниси чоң” деген эле бир сүйлөм менен бүтүп келе жатат. Албетте, буга Кан Кошой менен Алмамбет шердин, Кыз Сайкал менен Жаңыл Мырзанын, эмир Баймурат-Черик менен Тагай бийдин, Эр Табылды менен Онтогор хандын урпактары өздөрү толук күнөөлүү. Себеби, алар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Ала-Мышык тоосунан кар көчкү түшөт, сактангыла!” деп эскертсе да, “көчкү келгенчекти дагы убакыт бар” деп, малын карап, тиричилик кылып жүрө беришет.

Ушундан улам, орус элинин улуу акыны А.С.Пушкиндин: “Ата-бабаларды сыйлабоо – адепсиздиктин биринчи белгиси”, – деген кебин эстөөгө туура келет. Демек, кайсыл
доордо болбосун, ата-бабаларыбыздын кыргыз мамлекетин калыптандыруу боюнча жасап кеткен иштеринде ачуу менен таттуу чындыктардын далилдери бар экендигин унутпашыбыз керек. Бул ж.б. маалыматтарды “чыканак ийинге тартпай”, унутпай, бурмалабай, бөлүп-жарып жазбай, толуктап жазып эли-журтубузга тартуулап турсак, азыркы өсүп келе жаткан жаштар ошол тарых барактарынан туура сабак, туура
жооп алат деген ишеничтебиз.

Каныбек БОКОЕВ,
журналист,  илим изилдөөчү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар