Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

“Мен да эл катары өмүр сүргүм келет”

Жараткан ар бир адам баласынын башына ар кандай сыноолорду салат экен. Бирине бекем ден соолук, дагы бирине байлык, мансап, бала берип сынаса, кай бирөөлөргө оору, кыйынчылык берип сынайт экен. Наристе кезинен эле майыптыктын азабын тартып, учурда оорусу күчөгөндүктөн операцияга акча топтоо үчүн Бишкек, Токмоктун базарларын кыдырып жүргөн ДОКТУРБЕК уулу Бекжанды кепке тарттык. Ысык-суукка карабай жайы, кышы тилемчилик кылган 28 жаштагы мекендешибиз буларды айтып берди.

Мен Тоң районунун Жоомарт Бөкөнбаев айылынан болом. Ата-энем менен турам. Өзүм тубаса ДЦП болуп төрөлүпмүн. Оорумдун айынан Аксуу балдар үйүндө 4-класска чейин эле окугам. Кийин оорум күчөгөндө окууга көңүлүм чаппай аны уланта албай калдым. Ата-энем, эжем үчөө тең экинчи топтогу майыптар болгондуктан ар жылы Токмоктогу психикалык ооруканада дарыланып турушат. Алар өздөрү менен өздөрү болуп мага жардам бере алышпайт. Бир жыл мурун футболист Азамат Байматов кайрымдуулук иш-чарасын уюштуруп, коомчулуктун, мигранттардын, айыл өкмөтүнүн, айылдаштардын жардамы менен айылдагы үйүбүздү бүтүргөнбүз. Үйдү саларда “Кумтөр” компаниясы 100 миң сомдук курулуш материалдарын берди. Кытайга каттаган айдоочулар 100 миң сом чогултуп беришти. Бизге жардам бергендерге миң мертебе ыраазычылык билдирем.

Айылда жашай берейин десем оорум күчөп, түнкүсүн кыйнай берди. Мага жасалчу операция Индия мамлекетинде 23 миң доллар турат экен. Бул каражатты табуу үчүн былтыртан бери кайрымдуу кыргыз элимден ушинтип жардам сурап жүрөм. Ош базарында, Дордой,  Аламүдүн базарларында, Токмоктогу мал базарда ырдап, эл кыдырам. Шаарда үйүм болбогондуктан Күн-Туу айылындагы Кызылгүл таежемдикинде жашайм.

Мен операция жасатып, арка-белимди түздөтүп, түз басып эл катары өмүр сүргүм келет. Өзүм оорунун айынан беш жашымда араң басыптырмын. Дарыгерлердин айтымында, мендеги сколиоз оорусу 4-стадияга жетип калыптыр.  Алар операция кылдыртпасаң илдет жүрөккө да күч келтирип, сени акыры майыптар коляскасына отургузат деп жатышат. Далымдагы сөөк өсүп отуруп азыр 60 градуска бурулуп кетти. Бас-пай калсам көргөн күнүм кандай болот деп санаа тартам. Ошого жеткирбей эртерээк каражат топтоп, операция жасатып алсам жакшы болот эле. Кыргыз элиме ыраазымын, ары-бери өткөндөр беш, он сомдон болсо да салып өтүп жатышат. Азырынча, ишкер, бизнесмендерден жардам беребиз дегендер боло элек. Чогулган акчаны жоготуп албайын деп таежеме эсеп ачтыртып койгом. Бүгүнкү күндө 3,5 миң доллардай чогулуп калды. Майыптык боюнча алган жөлөк пулум баскан-турганыман, дары-дармектеримен ашпайт, – дейт ал.

Бекжанга жардам берем дегендер болсо ушул номерлерге акча которсоңуздар болот:

М-Банк: 0709 940 510;

Элсом:  0709 940 510

О! Деньги: 0709 940 510

Сбербанк: 5228 6005 2879 3005

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар