Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун «Эркин Тоо» («Кыргыз Туусу») гезитинин башатында турган – Э.Арабаев

ХХ кылымдын башында коңшу элдердин басма сөздөрү менен байланыш түзүп, журналистикалык чыйырга негиз салган көрүнүктүү ишмерлердин көч башында Э.Арабаев турат. Ал 1912-жылы “Айкап” журналынын №1 санына “Оренбургдан Ташкентке чейин”, 1917-жылдын 17-июнунда “Казак” гезитинин №236 санына “Бечара кыргыз бооруңарды унутпагыла” деген макалаларды жазган. Аталган макалада Кытайдан өз жерине кайтып келгендерге жардам керек экендиги жөнүндө айтылат.

1920-жылдын 7-декабрынан 1926-жылга чейин чыгып келген Түркстан Республикасынын Борбордук аткаруу комитети менен партиянын борбордук комитетинин органы болгон “Ак жол” гезитинин 4-январь № 10 санындагы (1921-жыл) “Кыргыз шакирттери” деген макаласы менен кыргыз-казак журналына макала жазган баяндамачы катары таанылат.

1921-жылы Ташкент шаарында Казак-кыргыз агартуу институту ачылып, алгачкы кыргыз студенттери Касым Тыныс-танов, Осмонкул Алиев, Базаркул Данияров болсо, Эшенаалы Арабаев буларга сабак берген алгачкы устаты болгон. Арадан үч жыл убакыт өткөн соң, ушул эле жогорку окуу жайы тууралу “Кыргыз-казак институтунан эмне күтөт?” аттуу макаласын “Ак жол” гезитинин 1924-жылы 8-февралдагы №402 санында жарыялайт. Анда үч жыл мурда кирген окуучуларга, институтту бүтүрүү алдында алардан элдин күткөн үмүтүн жеткире баяндаган. Макаладан кыскача мисал келтирсек.

“Казак-кыргыз институту эл жашоосунун кемчиликтерин түшүнө билип, жакшылыктарын караштырып жөнгө салып, замандын түз жолуна жан жактуу карап, элинин ишенимин актай алчу кайраттуу каармандарын күтөт.

Ушул институттан ка-раңгы элдин шорунан арылтып башка маданият, билимдүү журттун катарына кошо ала турган эмгекчил, арыбай-талбай, арданбай турган мугалимдерин күтөт. Ушул институттан, басма сөздөн таңдайы катып суусап, алсыраган кедейлердин суусунун кандырчу жазуучулар керек”, – дейт.

Арабаевдин «Ак жол» гезитине жарыяланган андан кийинки макаласы саясий өңүттө жазылып, автордун бир топ дасыккан коомдук-саясий иш-мердүүлүгүнөн кабар берсе, экинчиден элинин эртеңкиси үчүн түйшөлүп Фергана облисполкомунун башчысы Али Ходжаевге жазган бул ачык кат макаласы убак удулу келгенде кандан, бектен кайра тартпас-тан “бетке айткан сөздүн заары жок” сымал ачык сүйлөгөн кашкөй мүнөзүн көргөзүп турат. Албетте, агартуучу аалымдын бул макаласын бүгүнкү күндүн бийиктигинен сын көз караш менен карасак, учурдагы кыргыз журналистикасына үлгү болчу бир топ өзгөчөлүктөрдү байкоого болот. Орой тил менен сөгүнүп жектебестен “амалкөй” деп жумшак кебез менен муунтуп, өз алдынча облус болууга даяр болуп калган кыргыз элинин көйгөйлүү турмушун көзүн май баскан Али Ходжаевдин кулагына далилдүү маалыматтар менен кумдай куйган ошол мезгилдеги дасыккан сабаттуу журналисттин бейнеси көз алдыбызга тартылат.

Анын таасири менен «Жаш алаш» гезити жана «Шолпан» журналы коомчулукка таанылып, телчигип бутка туруусуна өз салымын кошуп, агартуу, адабият тармагына багыт коюп өсүп келе жаткан кыргыз-казак интеллигенциясынын көзүн ачкан. Өз мезгилинин агартуучулук атагына жетишип, кыргыз интеллигенциясынын “молдокеси” атыккан Эшенаалы Арабаев эми ушул жаңы ачылган «Шолпан» журналынын Айрыкча, басма сөздө тажрыйбасы бар Э.Арабаев жогорудагы газета-журналдар менен гана байланышпастан, Жети-Суудагы жаңы ачылган газеталардын дээрлик көпчүлүгүнө көмөктөшкөнүн замандашы жана шакирти академик Кусейин Карасаев төмөндөгүдөй эскерет: «Эшенаалы 1922-жылы Жети-Суу облшааркомунун аткаруу комитетинин чечими менен «Тилчи» газетасына туруктуу кабарчы болуп бекитилген, ал кеңеш бийлиги орногондон тартып, көп иштерге катышты. Толгон макала жазды. Бул инсандын толгон макалалары чыккан, аларды чогултуп албадым», деп арман кыла эскерген экен.

Эшенаалы Арабаевдин мына ушундай журналисттик тажрыйбасын пайдалануу максатында Түркстан Компартиясынын Жети-Суу облустук Комитети 1921-жылдын 1-январында Верный шаарында «Фукара» мусулман гезитин кайра жаныртып, жумасына бир жолу чыгаруу боюнча маселе каралат. Андагы обкомдун заседаниесинде “Фукара” гезитинин редколлегиялыгына Жандосов, Арабаев, Абдрахманов тандалып, жооптуу редакторлугуна Арабаев дайындалат. “Айкап”, “Казак”, “Тилчи”, Көмөк”, “Сарыарка”, “Ак жол” гезиттеринде жана “Шолпан” журналында макала жазып, жооптуу редактор болуп иштеп келген Эшенаалы Арабаевдин негизги максаты эми кыргыз тилиндеги газетаны чыгаруу болгон. Бирок, калкы чакан кыргыз эли үчүн мындай опол тоодой оңой эмес иш өз алдынча автономиялуу республика болгондо кана ишке ашаарына көзү жеткен. Мындай шартта ал өз талапташтары жана саясий пикирлештери болгон Абдыкерим Сыдыков жана Иманаалы Айдарбеков менен 1922-жылы июль айында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча идеялары ишке ашпай калган.

Андай болгон күндө да кыргыздын бул кашкөй элиталары, өз алдынча мамлекеттүүлүк үчүн күрөштөрүн токтотушкан жок. Кыргыздарга азырынча өз алдынча автономиянын кереги жок, түндүгүн казактарга, түштүгүн өзбектерге кошуп салуу керек деген чолок ойлуу,  казак, өзбек тың чыкмаларына каршы туруп, акыры үмүт тилектерин ишке ашырышып, 1924-жылы октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен элибизге союздук тутумдагы эркин мамлекеттүүлүктү тар-туулашты.

ХХ кылымдын 1920-жылдарынын башындагы кыргыз элитасынын алдыңкы өкүлдөрү Эшенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Осмонкул Алиев жана башка кыргыздын белдүү азаматтары башында турган интеллигенциябыз заман агымын, эл үмүтүн туя билип, жогорудагы көйгөйлөрдү жүрөгүнүн толтоосуна сакташкан. Анын натыйжасында, элибиздин ойлогон тилеги орундалып, Союздук тутумдагы мамлекеттүүлүктүн туусу желбиреген. Замандын нечен оор кыяматтарынан алсырап кемиген, сабатсыздык менен караңгылык каптаган, эркиндикке жетсек деп зарлаган калкыбыз жаңы турмушка бет алышкан. Мына ошол мезгилден баштап кылым карыткан кыргыз элинде жаңы советтик доордун тарых-таржымалы башталды.

Эчен кылым, доорлор мунарыгын артка таштап келген кыргыз элинин жаңы тарых барактарынын ачылышы менен Эшенаалы Арабаевдин демилгеси астында улуттук тун басылмабыз «Эркин-Тоонун» жарыкка чыгышы элибиздин үмүтүн актап, жүрөк дегдөөсүн басты. 1924-жылы 7-ноябрда кыргыз улуттук советтик басма сөзүнүн туңгучу болгон «Эркин-Тоо» газетасынын жарык көрүшү элибиздин чыныгы майрамы, кубанычтуу зор окуя болгон. Ал улуттук жазуунун, басма сөздүн, профессионалдык адабияттын, социалисттик маданияттын жана агартуу ишинин өнүгүшүнө негиз салып, анын алгачкы пайдубалын курган. Ошентип, элибиздин  ойгонушуна жар салып, алдыга үндөө бактысы кыргыз элинин биринчи басма сөз органы – «Эркин-Тоонун» шыбага-энчисине туш келди. «Эркин-Тоо» газетасы жаңынын жарчысы болуу менен, кыргыз элинин улуттук-маданиятын, тилин, адабиятын, салт-санаасын, үрп-адатын, кеңири жайылтып, өсүп өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Гезиттин алгачкы сандары мектеп окуучулары үчүн окуу куралы катары да милдетти аткарды. Сабатсыз эл сабакты газета бетинен да алышты. «Эркин-Тоо» газетасы аркылуу берилген сабактар менен элдин сабатсыздыгын жоюп, сабаттуулардын катарына кошту.

Кыргыз ССРинин тарыхында «Эркин-Тоо» газетасынын иши жөнүндө: «Ал узак жылдар бою кыргыз эмгекчилеринин окутуучусунун жана насаатчысынын, досунун жана кеңешчисинин ролун аткарып, окуучуларга журналдын, китептердин ордуна кызмат кылып келди, ал түгүл сабатсыздар жана чала сабаттуулар үчүн окуу китеби болду» деп көрсөткөн. «Эркин-Тоо» газетасынын атын да агартуучубуз  Эшенаалы Арабаев койгон. Ал 1924-жылы Кара-Кыргыз облу-сунун Академиялык борборунун төрагасы болуп турган убакта башкы редактор Осмонкул Алиев, жооптуу катчы Садык Карачев менен бирге редколлегиянын мүчөсү болуп иштеген. Гезиттин №1 санында «Эркин-Тоо» деген төмөндөгүдөй баш сөз макаласы жарыяланган.

“…Кыргыз-кыргыз болгондон бери өз тилинде гезит, журнал, китеп дегенди көрбөй билбей, ары чети бүт ааламдагы, бери чети өз журтундагы тиричиликтен, саясаттан, маданияттан артта калып, караңгылыкта камыккан. Мына эми өзүнчө облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң, Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп мына бул гезитти чыгарып олтурат. Бул гезиттин табын аягы көңүлдү элжиретип, көздүн жоосун алган эркиндик менен тоону кошуп – «Эркин-Тоо» деп койдук…

…Кыргыз эмгекчилери, саргая сагынып кан какшаган тооң эми эркиндик менен кошо колуңа тийди…Тооң үчүн, эркиндик үчүн күрөштө төгүлгөн каның, салынган башың, элдери кул, катындары тул болгон кыргыздын эңсеген «Эркин-Тоосу» ушул. Эми муну бек карма кыргыз, бек карма…

Эшенаалы Арабай уулу

Ошентип, «Эркин-Тоонун» чыгышы менен кыргыз басма сөзүнүн тарыхы башталган. Жаңы дүйнө жаралып, жарыкка чыйыр салган багы эң оор эле. Мурда көрбөгөн-билбеген иш болгон соң, гезитти уюштуруу, чыгаруу жагы эбегейсиз зор күчтү талап кылган. Мындай учурда өзбек калкы достук жардамын аябай, гезиттин алгачкы төрт санын Ташкенттен чыгарышат. Ал жердеги эки элге орток Казак-кыргыз эл агартуу институтунда билим алган жаштар гезитти чыгарууга, таркатууга көп көмөк көрсөтүшкөн. 1924-жылдын 3-ноябрында Ташкент басмаканасы “Эркин Тоо” гезитин басып чыгаруу үчүн 19 адамдан турган атайын бир цех бөлүп берген. Гезиттин биринчи санынын чыгышы кыргыз эли үчүн чыныгы майрамга айланып, маданий турмушундагы чоң окуялардын бири болгон.

Ошол мезгилдеги «Эркин-Тоо» гезитин уюштуруу жана ал жөнүндө дайыма камкордук көрүү түйшүгүн мойнуна алган Эшенаалы Арабаевди, Жусуп Абдрахмановду, Төрөкул Айтматовду, Осмонкул Алиевди жана туңгуч журналисттерибиз – Шарип Көкөнов, Садык Карачев, Жумадыл Төлөкабыл уулун, гезитке бүткүл жан дили менен кол кабыш кылган Кусейин Карасаев, Аалы Токомбаев, Мурат Салихов, Мустапа Ахмедов жана башкалардын ысымын атап өтсөк калыстык болоор.

Кыргыз элинин ХХ кылымда кайра жаралган басма сөзүнүн төл башы, элге тамга тааныткан “Алиппеси”, өнөр-билимге үндөгөн үгүтчүсү жана агартуучусу болгон жана азыр да өзүнүн калк турмушун ар тараптан таасын чагылдырган тунук күзгү, коом сөзүнүн жарчысы катары тааныткан “Эркин-Тоо” деген жарашыктуу аты бар гезиттин кийин “Кызыл-Кыргызстан”, “Советтик-Кыргызстан”, “Кыргыз Туусу” болуп аталып, кылымга тете жолду басып бүгүнкү күнгө жетишинин өзү эле даңктуу агартуучубуз Арабаев чапкан жолдун кенендигин, ой туюмунун тереңдигин далилдеп, ХХI кылымдын келечек муундарына илим-билимдин жарык нурун чачып турат. Ошол Эшенаалы Арабаев түптөп куруп, бизге мураска калтырган “Эркин-Тоо” газетасы кылымдар бою эңсетип, акыры колубузга тийген ыйык тарыхый таберик катары кыргыз басылмаларынын көч башында турат. Мына ушул төл басылмабыздан таалим тарбия алып, эгемен замандын шартында көптөгөн эркин басылмалар жаралды. Алар мамлекеттүүлүктү түптөөдө, демократиялык сааттарды калыптандырууда бараандуу салымдарын кошуп жатат десек аша чапкандыкка жатпайт. Эшенаалы Арабаев-кыргыз журналис-тикасына негиз салган, улуттук басма сөзүбүздүн негиздөөчү туңгуч карлыгачы экендиги дайын болуп, тарыхта кала бермекчи.

Жумагул БАЙДИЛДЕЕВ,
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент, архивтаануучу

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар