Суббота, 27 апреля, 2024
3.1 C
Бишкек

Мажүрүм тал жапжаш эле..

«Мажүрүм тал жапжаш элең…», «Сабакка баруучу жолуңан тосоюн…” деп баарыбызды ырдатып, азырка чейин элдин оозунан түшпөгөн обондордун автору -– обончу жана аткаруучу Советбек Урманбетов 73 жашында да чыгармачылык менен алектенип жүргөн учуру. Зериккенде эл ташып “таксист” болуп кетмейи да бар.

Советбек байке, эл ташып жүргөндө, сизди тааныгандар кезигеби?

– Үйдө жаткандан тажаганда кээде эле чыкпасам, дайыма жүрбөйм. Мурда «Сиз Советбек абасызбы?» деп сурагандар көбүрөөк кезигишчү. Кээси “сизге ыраазыбыз” деп алкоо айтып, “сыйлайт элек, чай ичели” деп телефон сурагандар да болчу. Азыр эми көбү тааныбайт.

Чыгармачылык калбайт экен, карындашым. Эч ким сенден “иштеп атасыңбы?” деп сурабаса да иштегиң келет. Белгисиз бир сезимдер болбой эле кытыгылап турат. Кээде аккордеон кармап олтуруп таң атып кетет.

– “Мажүрүм талды” көпчү­лүк билген менен, сиздин тар­жымалыңызды билгендер аз. Өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи.

– Мен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу деген айылында 1951-жылы төрөлгөм. Балалыгым ошол жерде өткөн. Орто мектепти аяктаган соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшыргам. Окууну бүткөнүмдө, атайы жолдомо менен Тоң районуна жиберишти. Ошол жакта жашадым. Жаштыгым Тоңдо өттү. Өмүр бою райондук маданият үйүнүн директору болуп эмгектендим. Башка жактарга чакырган менен барган жокмун. Элге жагып калыпмын, эл мага жакты. Ошол жерде эки уул, бир кыздуу болдук. Чыгармачыл адамдардын көбүнүн кыялы чатагыраак болот эмес­пи. Ар биринин тилин таап иштештим. Манасчы Каба Атабек уулу, Юра Бобков сыяктуу чорт кыял таланттарды кепке көндүрүп, алдап-соолап иштештим (күлүп).

2000-жылы Бишкекке кеттим. Балдар студент болуп калды. Ошол кезде кыйын заман болбодубу. Менчик фирмада соода-сатык кылдым. Бул жактан да маданиятка байланышкан бир катар жумуштарга чакырышты, айлыгын карасам, 5 миң сом. Барган жокмун, балдарды багыш керек эле. Анан кийин үйдө олтура бербей, такси кызматын көрсөтүп, иштей баштадым. Азыр кээде гана чыгам, алаксыш үчүн. Бишкектин коён жатагына чейин билем. Кээде кардарларды жолду кыскартып жеткирсем, кандай келгенин билбей калышат (күлүп).

– «Мажүрүм талды» кандай жазып калдыңыз эле?

– Тоңдо иштеп жүргөн учурда, Мээркан Токсобаева деген акын бир күнү текст­ти көтөрүп келип калыптыр, төрт эле куплет. Ал кезде адабий ийримге катышчу. Эки куплетке дароо обон келип, анан кайырма ырдалат да, ошо менен төрт куплет болуп калды. Бул аз, дагы кош деп бир жыл жүрдүм. Бир жылда араң жазып берди. Аны эң алгач өзүм ырдадым. Анан Бишкекке келип, жаздырдым. Ошентип, ыр көпчүлүккө жагып кеткен.

– А обону канча убакытта чыкты?

– Текстти көрүп эле жактырдым, алып үйгө келдим. Ашып кетсе, 20 мүнөттүн ичинде чыккан. Жолдошум үйдө экен. Ырдап берсем, “Бул кайсы ыр?” дейт. “Жаңы чыгардым” десем, ишенбейт. Ушундай. «Кайрылуу», «Жолуңан тосоюн», «Таанышуу вальсы», «Ленин тирүү биз менен» деген ырлар да бат эле жазылды. Ушул «Ленин тирүү биз менен» деген ыр менен обончулардын республикалык конкурсунда биринчи орунду алып, 100 сом акчалай сыйлык алгам. Ал кезде акчалай сыйлык деген жок эле да.

Анда обондорду артыңан кууп жүрүп музыкалаштырып жаздырышчу. Барбай койсоң, райкомго чейин телеграмма жиберишчү. “Мажүрүм талды” дагы артыман кууп жүрүп жаздырышкан. Ал кезде  малчыларды кыдырчубуз. Анан ар түрдүү иш-чаралар көп, колуң бошобойт, жан тынбайт. Азыр болсо ырдаганды токтоттук, үн баягы эмес. 4-5 ырым Кыргыз радиосунун алтын казынасында жүрөт.

– Обон жазганда дароо нотага түшүрөсүзбү?

– Жок, обонду толук чыгарып бүткөндө бир жолу нотага түшүрөм. Негизи ырдын эки сабы эле козгойт да, сезимди. Кайрык ошол эки сапка келет. Анан калган саптарга жазасың.

Азыр карап олтурсаң, теледен да, ра-диодон да болбогон ырларды берет. Ошолор элдин табитин бузат. Салмагы жок ырларды улам-улам коё беришет. Бир күндө жакшырак 3 ырды араң угасың. Көркөм кеңеш түзүп, ылгап турса, жеңил ырлар жазылмак эмес. Машина айдап жүрүп радио угам, кээде чыдабай өчүрүп салам.

Бир жолу кар жаап жаткан, анан эле Ырыспайдын «Сагынуусун» берип калды. Мен ошол ыр менен институтка өткөм, кайра-кайра ырдатышкан эле. Эргип кетипмин, маңдайымда “Мерс” турганын байкабай калыпмын…

– Эң узак жазылган обон канча убакытты алат?

– Кээде бат эле чыгып кетет. Кээси эзет. Алыкул Осмоновдун “Айга” деген ырына жазылган обон башы жакшы эле чыгып, акыркы кайрыктары жакпай койду. 1974-жылы чыгаргам. Бир кайрыгы жетпей, улам калтырып жүрүп, союз тарайын дегенде бүтүрдүм.

– Аккордеонду биринчи жолу качан колуңузга алдыңыз эле?

– Аккордеонду мектепте 9-класста окуп жүргөндө атам туулган күнүмө сатып берген. Мен ырга абдан ышкыбоз элем. Мектепте ар түрдүү салтанаттарда ырдап жүрчүмүн. Анда атам чарбада башкы бухгалтер болчу. 420 сомго сатып берди. Ал кезде чоң акча да. Азыр ойлосом, андай аккордеон Жети-Өгүздүн маданият үйүндө жок экен. Биздин айылда Сабыржан, Докен деген жолдош балдарым бар болчу. Жумалап үйгө жатып үйрөтүштү. Экөөнүн эмгеги көп. Анан маданият кызматкерлери концерт коёрдо жанына мени алып алышат. Көрсө, аккордеонума эле кызыгып алып алышчу экен. Ошентип, алар менен көнүп кеттим. Бээрман Бокоев деген комуз менен кыйын ырдаган киши бар эле. Убагында Жапар Чабалдаев, Эстебес Турсуналиев менен чогуу жүргөн киши. Ошол адам “Сенин ордуң ушул жакта” деп искусство институтуна алып барган. Болбосо мен айыл чарба институтунда окучумун. Биринчи курстан кийин аны таштап салдым. Атама айткан эмесмин. Ал кийин угуп, «Биздин тукумда артист жок эле» деп аябай урушту. Бир топко чейин нааразы болуп жүрүп, кийин жибиди, ал тургай ыраазы болду.

Азыр атам  101 жашта. Жаш кезинде кез-кез ыр жазып жүрчү, убактысы болбосо керек. Кийин 5-6 китеп жазды. Ата-энем экөө тең жакшы ырдашчу. 6 бир туугандан кичүү карындашым экөөбүз өнөр тармагына кеттик. Болбосо, өзүм чарбага да жакын болчумун. Андыктан, атам мени ошол тармакка кетсин десе керек. Бардык ишти  мен жасачумун. Атамдын мүнөзү аябай катаал болгон менен, мага колу тийген жок. Инимди көп сабады.  Бир жолу атамдын “Запорожецин” айдап, караңгыда эшек сүзүп алып, аябай сарсанаа болгом. Бирок, атам ошондо да колу тийген жок. Апам болсо математика мугалими. Мен мектепте жакшы окуп, комсомолго да эрте өттүм. Мектептин маданият секциясын башкардым.

– Кийинки обондоруңуз жөнүндө айта кетсеңиз?

– Отузга жакын обонум бар. Онго жакыны элге кеңири белгилүү. Кийин да он чакты обон чыгардым. Бирок, музыкалаштырып жаздыра элекмин. Жалпысынан кырктай обондун авторумун. Кээси обон чыгара коюп эле жаздырганга шашат го. Мен улам, улам иштей берем. Эки жылдан бери иштеп жүргөн ырлар бар. Китептерин берген акындар  көп эле. Бирок, анын баарына эле обон жаза бербейсиң. А обон жаралчу текст өзү эле жаздырат.Өзүмдү кыйнап обон жазып көргөн эмесмин. Жакса, жазам. Азыр 10 обонум даяр турат. Музыкалаштырып жаздырганга каражат керек, эч кимге кайрылганым жок. Ал тургай нотага түшүрбөй жүрөм. Баары башымда сакталуу. Тексти жок эле жазылган бир жакшы обонум бар. Ошого текст таппай жатам.

– Сиздин ырларды ырдаган ырчылардын баарынын эле аткаруусу жагабы?

– Жаштардан Гүлжигит Калыков, Замир Арыкбаев жакшы ырдайт. Кенже Көбөкова «Жолуңан тосоюнду» ырдап жүрөт, жагат. «Мажүрүм талды»  Токтобүбү Черикчиева, Гүлбүбү Ороскул кызы менен Айчүрөк  Султанова жакшы ырдашкан. А кээси ырларды бузуп салып атпайбы. Ошентип ырдагыча ырдабай эле койсо. Мирлан Баеков деген бала “Кайрылууну” ырдап жүрөт, бирок, текстин толук ырдабайт. Эки куплетин жакшы ырдаган, үчүнчүсүн чалды-куйду кылып салган. Негизи текстке көңүл бөлүш керек.

– Сиз курдуу таланттуу обончулардын Коробаевден башкасынын көзү тирүү, бар болушсун. Анан алардын башын кошуп иш-чара уюштурабыз дегендер болдубу. Чындыгында, сиздердин чыгармаларыңыздарды сагынып деле калдык дегендей. 

– Аракет кылган киши боло элек. Алардын көбү өзү менен өзү болуп жүрөт. Эски обончуларды эстеген киши жок. Көп таланттар унутта калды. Турмушта ар кандай болот экен. Өзүм чакырган жерге барам. Көңүлүм сүйбөсө баш тартып коем. Обончулар Камчыбек Букалаев, Өмүрбек Рахманов, Кыдык Усупбаев, Догдурбай Урманбетов, комузчу Намазбек Нуралиев жана башкалар чогулуп чай ичебиз. Маектешебиз, ырдап, бук жазабыз, ар нерсени талкуулайбыз.

– Азыр кандай текстке обон жазгыңыз келип жүрөт?

– Жаш өткөн сайын туулган айылыңды көп эстейсиң. Көптөн бери Саруу айылы жөнүндө ыр жазгым кетет. Чоң айылдан бир акын табылбады. Акын, жазуучу Мусакун Сатыбалдиевге айттым эле, ал да саруулук эмеспи, жаза элек.

Жалпылап айтсам, жашоо жакшы эле, Кудайга шүгүр. Балдарыбыз өз жолун табышты. Он беш неберемдин экөө үйлөнүп-жайланышты. Чыгармачыл адамдар эркерээк болот эмеспи, өзүң билесиң, Рая эжеңе эркелейм. Ал медик болгон менен, ырга ышкыбоз. Чыгарган обонумдун эң алгачкы угарманы ошол. Өзү “Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери”. Балдарымдын баарында талант бар десем болот. Ырдачу шарт болсо, созолонтуп коюшат. Неберелеримдин комуз чертип  кол ойнотконун көрүп, ыраазы болом.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА,
“Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар