Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

Мусулманкул

Мусулманкул – 167 жыл жашаган Кокон хандыгында (1709 – 1876), же тагыраагы өзбек, кыргыз, кыпчак, тажик жана башка уруулардын, этникалык топтордун орток мамлекетинде кызмат кылуу менен, ордодогу таасирдүү төбөлдөрдүн бирине айланып, ооматы жүрүп аталык даражасына жеткен тарыхый инсан жана көрүнүктүү аскер башы. Азыркыча айтканда, мамлекеттик жана саясий ишмер. Анын теги анжияндык кыпчактардан, кетментөбөлүк кыргыздардын саруу уруусуна, анын ичинен саруу уруусунун келдей уругуна жээн. Мусулманкулдун көп аялынын бири да саруу уруусунун келдей уругунун мыктыларынын биринин кызы.

Анын образы бизге жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы аркылуу тааныш. Жазуучунун тарыхый окуяларды таасын сүрөттөгөн сүрөткердик таланты, «Сынган кылычтын» кыргыз улуттук адабиятындагы эң мыкты тарыхый роман экени эч талашсыз болсо да, романда Мусулманкулдун образына ашкере коюу боектор сүртүлүп, өтө эле коюуланып кеткени, ал образ тарыхтагы чыныгы Мусулманкулдун мамлекеттик ишмердигин, саясий бейнесин ар тараптуу чагылдырып бере албасы мыйзам ченемдүү нерсе. Муну түшүнүү менен кабыл алуу керек. Ал көркөм чыгармага мүнөздүү нерсе.

Арадан канча убакыт өтпөсүн, канча суулар акпасын, кайрадан Мусулманкулдун тагдырына кайрылып, анын тарыхый бейнесине ашырбай да, кемитпей баа берүү озуйпасы күн тартибинде кала берет. Бул албетте, жеңил-желпи нерсе эмес. Мусулманкулдун мамлекеттик жана саясий ишмерлик, аскер башылык бейнесин ачууда эң оболу архивдик материалдарды кылдат үйрөнүп гана тим болбой, иралды ал жашаган мезгилди, ал учурдагы Орто Азия аймагындагы геосаясий абалды, Бухара эмирдигинин утур-утуру жасаган кутумчулук аракеттерин, Орус падышалыгынын Орто Азия аймагына көз артып, таасирин күчөтүү максатындагы ниеттерин, эң башкысы Кокон хандыгынын табиятын мыктылап үйрөнүү зарыл экени талашсыз. Бирде кыргыз уруулары, бирде кыпчак уруулары, бирде өзбек уруулары таасирдүү күчкө айлангысы келген Кокон хандыгында тири укмуштай ордо оюндары жүргөн. Тарыхый материалдардан улам бир тууган бир тууганын, аялы күйөөсүн курмандыкка чалып ийген окуялар да болгонбу деп да ойлоп кетесиң. Ал ордо кутумдарында бир эл менен бир эл эле эмес, уруулардын мыктыларынын ортосундагы таасир талашуу күрөштөрү болгону бул турулуу иш. Андан эч кайда кача албайбыз.

Демек, Мусулманкулдун ким тарапта болуп, кандай кызыкчылыктарды коргоп, эмнеден улам тиги же бу саясат чечимдерди кабыл алганына жана анын маани-маңызына, эмнеден улам тигил же бу кадамга барганына терең аңдабай, калыс баа бербей, анын тарыхтагы ордуна баа берүү, тарыхый инсан катары чыныгы бейнесин ачуу кыйын. Биз бул тарыхый озуйпаны тарыхчылардан талашпайбыз жана ал жооптуу ишти тарыхчыларга калтырабыз, ал эми биздин бул эмгегибиз Мусулманкулдун бейнесин ачууга карата алгачкы кадам болуп калса деген ниетибиз бар.

Дегеле бүгүн Кокон хандыгынын саясий тарыхындагы Ажы бий, Маматкул бий, Нүзүп аталык, Ажыбек датка, Эсен Сарымсак уулу, Алымбек, Алымкул аталык баштаган кыргыздардын ролу жана орду, хандыкты бекемдөөгө же кыйратууга кошкон салымы изилдөөгө алынса жаман болмок эмес.

Нүзүп жана Мусулманкул

Талаш жок, Мусулманкулдун басып өткөн жолу, адамдык тагдыры өтө карама-каршылыктарга жык толгон. Ал карама-каршылыктардын бири – Нүзүп аталык менен болгон мамилесине байланыштуу. Тарыхый маалыматтарда Нүзүп менен Мусулманкул жамандык-жакшылыкта бир жүргөн, жоого аттанышса бир аттанышкан үзөңгүлөштөр болгону айтылса да, айрым булактарда [Гариб Маргилани молдо. Тасниф-и Гариб. / Кол жазма] Нүзүптүн Кокон хандыгынын ордосунда кадыр-баркынын өсүшү кандай да болбосун бийликке жетүүнү көздөгөн Мусулманкул жана Шады датка баштаган топторго жаккан эмес, ошондуктан алар Нүзүптү ордодон алыстатууну көздөп, саясый оюндардан улам ордодон четтетилет деп жазылып калган.

Кокон хандыгынын тарыхын изилдеген белгилүү тарыхчы Ташманбет Кененсариев “Нүсүп Миңбашы: Мамлекеттик ишмер жана тарыхый инсан” (https://kghistory.akipress.org/unews/un_post:10540/?from=mnenie&place=authors) макаласында: “Нүсүптүн буйругу менен Анжиян-Алай аймагындагы кыргыздарга кабар жиберилген. Биринчилерден болуп, 500-600 аскери менен ичкилик кыргыздарынын абагат уруусунун өкүлү – Мусулманкул Нүсүптүн кошуунуна кошулган. Зор дымак менен аттанган Нүсүптүн кошууну алгач Касан шаа-рын, андан кийин Төрө-Коргонду, бир аз өтпөй Чуст шаарын алып, Сыр-Дарыянын чыгыш жээгиндеги Султан Баёз мазарынын жанына келип токтогон. Бул жерде Намаз датка башында турган өзбек жана тажик жигиттеринен куралган кошуун Нүсүптүн колуна келип кошулган” деп Мусулманкулдун алгачкылардан болуп Нүзүптү колдоп, Коконго аттанганын баса белгилеген менен, эмнегедир Нүзүптүн саясий бейнесин ачууда жогоруда аты аталган Гариб Маргилани молдонун кол жазмасына көбүрөөк таянып, Нүзүп менен Мусулманкулдун ортосундагы мамилеге ашкере эле боек сүртүп ийгендей таасир калтырат.

Албетте, бир кылым илгери кагазга жазылып, ага альтернатива башка маалыматтар болбогон соң, ал кол жазмалардагы маалыматтарга таянса, шилтеме жасаса болот, бирок ошонун өзүн акыркы чындык катары кабыл алуу мүмкүн эмес, тарыхка бир жактуу мамиле болуп калат деп ойлойбуз.

Тарыхый окуялардын жүрүшүнүн логикасынан алсак, Нүзүп менен Мусулманкул эч убакта бири-бирине карама-каршылыкка бармак эмес. Маселе Кокон ордосунда ошол кезде орун-очок алып, тымызын өз саясатын жүргүзө баштаган башка бир күчтөрдө. Алар атүгүл тарыхты өз ыңгайына ылайыктап жаздыруу үчүн “бакма тарыхчыларына” бурмаланган маалыматтарды да жаздырып калтырган болушу да ыктымал.

Ошол эле күч Нүзүптү ордодон четтетүү менен Мусулманкулду алсыратууну көздөшкөн сыяктуу. Нүзүп 1844-жылы Шералы хандын чакыруусу менен, эч нерседен бейкапар, болгону 12 жоокери Маргалаңдан келатканда жолдо аны акмалап, аңдып, жолдо тосуп туруп өлтүрүп койгондор да ошолор болушу мүмкүн десек да болот. Натыйжада, Шералыны Коконго апкелип, хан көтөргөндөрдүн арасынан Мусулманкул жалгыз калган.

Шералыны хан көтөрүүнүн кыскача таржымалы мындай. 1841-жылы Бухара эмири Насрулла Коконго басып кирип, Мадалы хан жана анын бир туугандары өлтүрүлөт. Хан тактысына Ибрагим Хайал коюлат. Буга көчмөн кыргыздар менен кыпчактар көз жумуп кое албайт да, тактыга мурас-кор издеп, Шералы ханга токтолушат. Хан көтөрүү демилгесин Мадалы хандын тушунда эле ордодо миң башылыкка жеткен, хандыктын аймагына таанымал кыркуул уруусунун бийи Нүзүп өз колуна алат. 1842-жылы Шералы Сафид-Булан мазарында ак кийизге салынып, хан көтөрүлөт. Нүзүп бий үзөңгүлөштөрү менен Коконду камап, Шералы такка отуруп, Нүзүп Аталык наамын алат. Кыскасы, Шералынын бийликке келишинде Нүзүптүн эмгеги чоң. Мусулманкулдун да эмгеги аз эмес.

Өкүнүчтүүсү, Шералы ханды Кокон хандыгынын тактысына апкелүүгө катышкан Ажыбек бий да, Нүзүп да Шералы хан болуп турган тушта өлтүрүлгөн. Алар жарык дүйнө менен кош айтышкан соң, Шералынын доору деле көпкө созулган эмес, кийин-
ки жылы эле өлтүрүлүп, ордуна Алим хандын уулу Шах-Мурад такка отурат.  Бул убакта Мусулманкул Ошто жүргөн экен, суук кабарды угуп, Коконго жетип келип, жети, сегиз күн гана такта отурган Мурад хандын башын алдыртып, Шералы хандын жашы жетелек баласы Кудаяр ханды такка отургузат. Өзүн ал эрезеге жеткенче аталык деп жарыялайт. Ошентип, Кудаяр хан чоңойгончо, Кокон хандыгын Мусулманкул аталык башкарган. Анын аталык даражасын алышынын тарыхы
ушундай.

Ордо жана ордо кутумдары

Турмушта бир атанын балдары, бир жатындан чыккан бир туугандар эле бири-биринин жүзүн карашпай, жамандык-жакшылыгына катташпай калганын көрүп жүрөбүз. Андай болгондо, Кокон хандыгында бирде кыргыз уруулары, бирде кыпчак уруулары, бирде өзбек уруулары таасирдүү күчкө айлангысы келгенин эске алсак, ордо кутумдарында бир эл менен бир эл эле эмес, бир уруу менен бир уруунун, уруу төбөлдөрүнүн, же уруу ичиндеги кызыкчылыктары бир топтордун бийлик талашып, кырды-бычак жашаганы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Бийлик үчүн уруу-уруулар гана эмес, аталар менен балдар, бир туу-гандар бири-бирин аеосуз өлтүрткөнүнө адамзат тарыхында жүздөгөн мисалдар бар.

Мына ошондой уруу төбөлдөрүнүн жана уруу ичиндеги кызыкчылыгы бир топтордун ордо оюндары, Кокон ордосунун жылымчы саясаты Мусулманкулдун түбүнө жеткени анык. Тарыхый булактарда Мусулманкул Ташкендин кушбеги Нармамбеттин пикири бир жерден чыкпаганы, ортосунда карама-каршылык болгону тууралуу айтылат. Бул экөө да кыпчак уруусунан болушкан, демек кеп экөөндө да эмес, экөөнүн ортосуна муздак суу сээп, аларды каршылаштырган тараптарда экени турулуу иш эмеспи.

Кыскасы, Нармамбет 1850–51-жылдары Мусулманкулга каршы таасирдүү адамдарды колго алып, уруулашына ачык эле каршы чыгат. Аны хан ордодогу өзбектер, кыргыздар, кыпчак төбөлдөрү да колдойт. Пешенеге жазылганы ушул болсо эмне кылат, Нармамбет менен Мусулманкулдун жоокерлеринин чечүүчү салгылашуу-су 1852-жылы күз айларында Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш жагындагы (Анжиян менен Балыкчынын аралыгында) Былкыллама деген жерде болуп өтөт. Эки тараптан бир нече миң киши өлөт. Ал Кокон хандыгынын тарыхындагы кандуу кагылышуулардын бирине айланган. Ошол салгылашта Мусулманкулду Кудаяр ханга кармап беришкен. “Кудаяр хан бүтүндөй Фергана өрөөнүндөгү кыпчак калкын тукум курут кылууга буйрук берип, 1851–52-жылдары Фергана өрөөнү боюнча 20000ден ашуун кыпчак кырылганын изилдөөлөр ырастайт” – делет “Кыргыз тарыхы” энциклопедиясында (Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003).

Мусулманкулдун тарых таржымалын жана инсандык бейнесин тарых изилдөөчү Улан Чотбаев “Анжыяндык кыргыздардын өтмүшүнө бир назар: Алымкул аталыктын жана Мусулманкул бийдин тарыхтагы ролу, бүгүнкү абалы” аттуу илимий макаласында (https://kmborboru.su/2018/09/18/anzhyyandyk-kyrgyzdardyn-tm-sh-n-bir-nazar-alymkul-atalyktyn-zhana-musulmankulbijdin-taryhtagy-rolu-b-g-nk-abaly/) башкача өңүттөн чагылдырган.

Ал падышалык Россия Орто Азияны Ташкент шаарына чейин басып алганына, ушуга байланыштуу Кокон хандыгынын аймактары тарып, казынага түшө турган кирешелер кескин түрдө кыскарганына, казынаны толуктоо максатында Кудаярдын буйругу менен элге кошумча салыктар салынганына, салыктардын оордугунан, хандын ырайымсыздыгынан эл жакырланып, жашоосу оорлошконуна басым жасаган. Бул убакта 25 жашка келип акыл-эси жетилген Кудаяр хан ордого таасири күчтүү кыргыз уруулары менен кыпчактарды бийликтен четтете баштаган учур болгон.

Мусулманкул жана келдейлер

Мусулманкулдун кыпчактын кулан кыпчагынын молдо баласы уругунан чыкканы жана саруу уруусунун келдейлерине жээн экени тууралуу санжырачы Кабылбек Казыбай уулунун “Эсен Сарымсак уулу” аттуу макаласында айтылат. Бул маалыматка таянсак, Мусулманкулдун энеси саруу уруусунун келдей уругунун кызы болгон. Мусулманкулдун келдейлер менен байланышы муну менен эле үзүлүп калбайт. Көзүндө оту, көкүрөгүндө жалыны бар уулун өз тарабына тартайын, тай журту менен байланышы үзүлбөсүн деген алысты көздөгөн ой менен, уулун өз төркүн тарабына тартып, келдейлердин бир мыктысынын кызын алперген экен. Ошентип, Мусулманкулдун тайжурту келдейлер менен байланышы өмүр бою үзүлгөн эмес. Аны жана анын уул-кыздарын тайжурту аталардан келаткан салт боюнча жакшылыкта сүрөп, жамандыкта коргоп келишкен. Мусулманкулдун башынан кара булут айланып, куугунтук жеген күндөрдө ал кетментөбөлүк кыргыздардын, анын ичинде келдейлердин колдоосуна ээ болгон.

Мусулманкулдун саруунун келдейинен чыккан Эсен Сарымсак уулу менен таяке-жээндик, ага-инилик карым-катнашынын, Коконго хан көтөрүүдө үзөңгүлөш жүр-гөнүнүн сырын да ушул жактан издесек болчудай.

Уңгулуу иштери менен тарых барактарында калган Эсен Сарымсак уулу Нүзүп, Мусулманкулдар менен бирге Шералыны Таластан Коконго алпарып, хан көтөрүүгө катышкан тарыхый инсан. Алардан 10-11 жаш улуураак. Бул учурда анын баралына келип, күчкө толуп турган мезгили болгон. Кийин көп жылдар хан ордого кызмат да кылган. Бул Мусулманкул Кокон ордосу менен араздашып, Кудаяр хан экөөнүн ортосу сууган мезгилге чейин созулат. Кечээ эле бири хандык, бири аталык милдетти аткарып, сөзү бир жерден чыккан Кокон хандыгынын эң таасирдүү адамдары бет карашпай, бири куугунтуктап, бири куугунтук жегенде, Эсен аке Мусулманкулду Таласка апкелип, өздөрүнүн ата конушу болгон Калба тараптагы Чолок-Булак, Терс-Булакка үй көтөрүп берип, баш калкалатат.

Чыныгы баатыр башына каран түн түшкөн күндөрдө да башын катып жатып алган эмес. Бул касиет Мусулманкулда да бар эле. Намыска жана эрдикке туулган Мусулманкул арадан ай өтпөй Кудаяр хан кыпчактарды чилдей кууп, жеткен жерден башын алдырып кырып жатканын угуп: “Менин элимди кырып жатса, кара башымды калкалап жатып алганым жарабайт. Мен өлсөм бир кишимин. Же өлөм, же элимдин кунун кууп, кегимди алам”, – деп Коконго аттанат. Ошондо ары таякеси, ары улуу да болсо үзөңгүлөшү Эсен Сарымсак уулу жигиттерин чогултуп Мусулманкулду жалгыз жибербей, “Кокус өлсөк, бир чуңкурда бололу”, – деп кылычын кынсыз байланып, Коконго коштоп барат.

Бул убакта Кудаяр хан ал-күчкө толуп, ордо кутумчулуктарынын бардык айла-амалдарын үйрөнүп, жедеп бышып, кылычынан кан таамп, укуругу узун болуп турган кезең. Мусулманкулду карматып, көрбөгөн кордукту көрсөтөт. Алгач колун, бутун сындырат. Анан башын чоң таш менен бастырып кыйнайт, таштын салмагын ушундан билиңиз, таш менен бастырганда, Мусулманкулдун эки көзү чанагынан чыгып кетет. Кайран көкжал эр тиштенип, “кың” деп үн чыгарбайт. Аны көрүп Кудаяр андан бетер
жинденет.

Ордонун желдеттери эми Мусулманкулду даргага асмак болушат. Ал болгон күчүн жыйнап, канжалаган башын бийик көтөрүп, башына илине турган сыйыртмакты бир карап, мыйыгынан мыскылдуу күлүп: “Балам, барсыңбы?” – деп ач арстандай кыйкырат. Эл дымып калат. Аңгыча көпчүлүк арасынан: “Бармын, ата”, – деп жооп кайтарган баланын чыйрак үнү угулат. “Уулум, тоо таяна кач” дейт Мусулманкул. Каары кайнаган Кудаяр хан Мусулманкулду дарга аскыла деп колун шилтеп буйрук берип, “Баланы кармагыла” деп желдеттерине буйрат. Баланы кайдан кармамак. Эбак тоо таянып кеткен болот. Ал атасы дарга асылат дегенди угуп, бир ооз
керээз сөзүн угууга гана келген эле.

Санжырачы Кабылбек Казыбай уулунун айтымында, Мусулманкулдун трагедиялуу өлүмүнө Эсен Сарымсак уулу өз көзү менен күбө болгон. Ал Таласка кайткан жолдо, тоо таянып кетишкен Мусулманкулдун саруунун келдей уругунан алган аялын, уулун таап, алар менен кошо кокту-коктуда качып-бозуп жүргөн Мусулманкулдун туугандарын (кулан кыпчактын молдо баласы уруусу) өз айылына ала келет. Сыягы Коконго бараткан жолдо өлүмгө өз эрки менен баратканын билген Мусулманкул келдей аялына жана балдарына жолугуп, аларды аманат кылып Эсен Сарымсак уулуна дайындаган окшойт.

Не дейбиз, Эсен акенин Мусулманкулдун уулун жана аялын, кулан кыпчактын молдо баласы уруусунун өкүлдөрүн Таласка ала кеткени эрдикке тете иш болгон. Ал убакта Кокон хандыгынын арааны жүрүп, Кудаяр Кудаяр болуп турган убак. Кокус жер-жерлердеги тыңчылары аркылуу бул кабар хан ордого жетип калса, Мусулманкулдун башын алган хан ордо Эсен акенин деле түбүнө жетмек. Анын антип башын өлүмгө сайганы, бир чети Мусулманкул менен болгон касам ичишкен достугу жана ал баланын энеси келдейдин кызы болушу мүмкүн деген божомолдун чындыгы бар.

Эсен Сарымсак уулу ала келген кулан кыпчактын молдо баласы уруусунун өкүлдөрү азыр Таластын Көк-Кашат айылында жашашат. Болжол менен 50-60 түтүн эл. Тарыхчы жана санжыра иликтөөчү Ния-залы Осмоновдун айтымында, Мусулманкулдун ата теги – кулан кыпчактын молдо баласы уругу казак жергесинде турушкан. Казактардын арасындагы кулан кыпчактын молдо баласын – кулан кыпчактын молдо тукуму деп коюшат. Кийин алар кайсы бир кылымдарда Ташкент, Анжиян тарапка оошкон. Мусулманкулдун ооматы жүрүп ордодо кызмат кылганда да, кийин ооматы кетип куугунтук жеп, дарга асылганда ошол жакын туугандары акыр аягына
чейин колдоп, кылычын чабышып, найзасын сунушкан окшобойбу.

– Эсен Сарымсак уулу Мусулманкулдун элин, кулан кыпчактын молдо баласы уругунун өлгөндөн калган качып-бозгон өкүлдөрүн из жашырып, оболу Чүйгө апкелет. Азыр Чүй боорундагы тоолуу айылдарда ошол көчтө келгендердин тукумдары жашашат. Эсен аке менен кеткендери Көк-Кашатта. Ал эми Кокондон ээрчите келген Мусулманкулдун баласын (келдей аялынан төрөлгөн баланы) Эсен Тоялы деп өзүнө жаздырып, бакма бала кылып багып өстүргөн экен. Кийин ал эр жетип, старчын болуп шайлангандыгы тууралуу архивдик материалдар бар. Бирок, тилекке каршы Эсен Тоялынын андан аркы тагдыры белгисиз. Балким, ал кайрадан Коконго же Анжиянга өз элине кеткенби, анын баарын архивдик материалдардын негизинде тактоо зарыл дейт, – Ниязалы аке.

«Фергана хандарынын тарыхы”: Мусулманкулдун акыркы сааттары

Зиябидин Максым (Магзуми) «Фергана хандарынын тарыхында” Мусулманкулду «акылы даана Афлатундай, баатырлыгы Исфандийардай» деп сү-рөттөп, «Ал кыпчак Саид Мухаммат Али хандын уулу  Мухаммат Аминбектин баатыр башчысы эле» дейт. Андан ары Мухаммат Али Амири Бухара менен согушуп, жеңилгенде «Бухар амири Мусулманкулдун баатырлыгын баалап ордого кызматка алганы» айтылат. Мусулманкул күндөрдүн биринде «Коконго элчи жиберсеңиз, мени кошуп жибериңиз. Хандын кол алдындагылар менин туугандарым. Козголоң баштасам, алар мени колдошот» дейт. Бухара амири ага сарпайы жаап, колуна кырк миң дилде берет. Мусулман Коконго келип, кырк миң дилдени Шералынын алдына коюп, бул Мухаммат Алиден сизге калган байлык, айла-амал менен апкелдим. Сизге кызмат кылсам» деген ниетин билдирет. Шералы сүйүнүп, сарпайы жаап, Шахзадага баатыр башчы кылып дайындайт. Бул чечимди ордодо кызмат кылган кыргыздар менен кыпчактар кубануу менен кабыл алышат. Андан ары ордо тарыхчысы Бухара амиринин элчилери Бухарага Мусулманкулу жок кайтканы, падыша ачууланып, согушка аттанганы, Бухара эмирлиги менен согушта Мусулманкул баатырдык көрсөткөнү тууралуу баяндайт.

«Кокон хандарынын тарыхында» Мусулманкул көзү жок эрдиги менен гана эмес, айлакерлиги менен аскер башылык, миң башылык даражага жетип, ордонун таа-
сирдүү адамдарынын бирине айланганы кызыктуу баяндалган. Арийне, адам өмүрү ар дайым эле жеңиштерден, ташы өйдө кулаган жогорулоодон турбайт. Адам сөзсүз жаңылышат, жаза басат. А колунда мансаптуу адамдын жаңылышмагы, көзүн май басмагы, алдырарда жаздырары андан да жеңил. Анан калса хандыктарда, асыресе хан ордосунда биринин изине бири сары чөп салып, ор казып жатса, ким жаңылбай коймок. Ордо оюндарынын айлакерлеринин бири болгон Мусулманкул өзү да ордонун курмандыгына айланган.

Кудаяр хандын бир тууганы Абдырахманбектин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү Кудаяр хан менен энеси Жаркын айымдын кыпчактарга карата жек көрүүсүн арттырган имиш. Жаркын айым Шералынын өлүмүнө Мусулманкулдун тиешеси бар деп шектенген.

Ушул арада кыпчак Мусулманкул менен кыпчактын башка мыктыларынын ортосунда жарака кетип, алар Мусулманкулду өлтүрмөк болгондо, бул кабар Мусулманкулга жетип, ал Мамадийар датка менен Калбек датканын баштарын алдырып, бул кабар жел менен тарап, кыпчактар: «Мусулманкул менен күрөшпөсөк болбойт, түрү бузук» деген чечимге келишет. Бул кабар Мусулманкулга угулуп, ал 20 миң лашкар менен Ташкенге келип, үч ай уруш кылат. Жеңе албай артка кайтып, Коконго келип, колун 40 миңге жеткирип Ташкенге кайта барат. Мусулманкулга Нурмухаммат датка, Касымбек, Пазылбек, Камарбек дагы бир канча сарт кыпчактар каршы туруп, уруш 40 күнгө созулат. Мусулманкул кайра качат.

Нармухаммат датка Коконго келип түшүп, Мусулманкулду кармап келүүгө, тирүү болсо өзүн, өлүү болсо башын апкелүүгө буйрат. Мусулманкулга каршы 30 миң кыпчакты каршы коюп, алар Мусулманкул менен урушуунун ордуна аны качырып жиберишет. Ошондо Нармухаммат Касымбек, Пазылбек, Камарбектерди каршы коюп, аларды кырып салат. Кан дайрадай агып, кишинин башы сайдын ташындай үйүлөт. Өлгөндөрдү 9 күнү көмүшөт. Кыпчактардын ич ара бийлик талашуусу кандуу кыргынга айланып, Кокон кыпчактардын таасиринен тазаланып, бийлик Кудаяр ханда калат. Ал Мусулманкулдун туусун жыккан кыпчактарды ар кайсы шаарларга аким дайындап, эми агасынын кеги үчүн «Жер үстүнөн кыпчакты кырам!»  деген тилегин ишке ашыруу үчүн айла-амалдарын кыла баштайт.

«Кокон хандарынын тарыхында» «Кудайаркан: «Чоң шаарлар болгон Андижан, Марглан, Шааркан, Намангандаги мага караган улуу, кичүү молдо, кожо — баары Мусулманкулдун аркасынан жүрүш кылсын!» — деп амир эткени»,  «Хан Азирети көңүлүндө урушуу ниети деле болгон эместиги», «Мусулманкул менен Атамкул экөөнү эл алдына алып чыгып, элдешсек деген ой менен барганы» айтылат. Бирок болбой эле эки тарап ортосунда уруш чыгып, кан төгүлөт. Аксакалдар Мусулманкулга: «Эй Мусулманкул, кел эми, дагы да болсо өзүбүздүн хан эмеспи, ырайым кылаар, баш ийип, алдына баралык» – дешет. «Киши өлбөй да бийликти колго алса болобу? Дагы да салгылашабыз» деп ал хан алдына барганга көнбөйт.

Азирети хан тарап «Мусулманкулдан башкага эч кандай кегибиз жок, ошону бизге берсеңиздер. Аны деле өлтүрөлү деген ниетибиз жок. Анын максаты бийлик. Жарашсак, бири-бирибизге жаман ишти ыраа көрбөсөк» деп кат жазып Сабырхан төрөнү жиберишет. Мусулманкул төрө менен жылуу учурашып, алар Кудаяр ханга
жөнөшөт.

Андан кийинки окуя мындай сүрөттөлөт: «Баары кубанычта болушту. Бирок Мусулманкулду өлтүрүү Хан Азиреттин ойунда да жок эле. Ошол мезгилде Кокон шаарында Каримкул Мактар деген бар эле, Мусулманкул анын алдына апкелинди. Колунда чынжыр, бутунда кишен. Аны Каримкул Мактар бийик жыгач орноттуруп, анын үстүнө отургузуп койду. Эл тамаша кылып турду. Андан кийин ар бир айыл-кыштак, тоо, чөлдөрдө качып жүргөн кыпчактарды кармап келип, ошол Мусулманкул отурган жыгачтын астына апкелип, баштарын кесе берди. Ошентип он күнгө чейин Мусулманкул тактанын үстүнө отурду, кыпчактарды тынбай мууздай беришти. Анын ошончо көргөн дөөлөтү бир күнчөлүк көрүнбөй калды. Мусулманкулдун кыпчактарына
боору ачыды, Хан Азиретти бир көрсөм деп самады. Анын өмүрү бүтүп, ыкыбалы кайткан кези эле.

Мусулманкулду он күн тактага отургузуп, он биринчи күнү жерге түшүрүп, Каримкул Мактар анын башын алдырды. Бул кабар Хан Азиретке жетти, буга өкүнүп калды. «Мусулманкул мага кадырдан эле, кандай болсо да мага кабарласаңар болмок!» -деди».

Тарыхчыларыбыздын бири “орус тилиндеги жазма даректерде Мусулманкулду аянтка отургузуп коюп, бир-эки саат сайын 15тен кыпчактын башын алдыртып турганы, акырында аны даргага астырып, үч күн бою денеси алынбай асылып турганы жазылганы тууралуу жаза келип, “кийин Кудаяр хан Мусулманкулду мен өлтүрткөн жокмун деп актанып, анын баласы Абдырахман аптабаачыны миңбашы кылып жанында алып жүргөнү, кыпчак кыргынынан кийин кыпчактар алсызданып, өзүнчө күч катары баш көтөрө алышпаганы, эл каттоолордо Фергана өрөөнүндө кыпчактар өзүнчө эл катары катталбаганы, көп кылымдар бою ат үстүнөн түшпөй, зор таасирге ээ болуп келген элдин тагдыры өтө аянычтуу аяктаганы” жөнүндө маалыматтарды окуп отуруп, Мусулманкулдун кыпчак элинин тагдырындагы ордун жана анын өмүр максаты эмнеде болгонун түшүнгөндөй болосуң.

Ал Кокон ордосуна ак кызмат кылып, андагы таасирдүү адамдардын бирине айлануу менен кыпчак элинин даңазасын көтөргүсү, башка элдер менен тең аталыгын далилдегиси келген, тилекке каршы анын бул ниети кыпчак элинин трагедиясына апкелгени Мусулманкулдун эле эмей, кыпчак уруусунун орду толгус жоготуусу, тарыхтагы кара так эмей эмне!!!

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”.
ДЖЕЕНАЛИЕВ Чолпон

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар