Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

“Эркин Тоонун” алгачкы сандарын элге жеткиргендер

Быйыл кыргыздын туңгуч гезити “Эркин Тоонун” (“Кыргыз Туусу”) 100 жылдык мааракеси белгиленет. Буга байланыштуу гезиттин алгачкы сандары кандай чыккан, кимдер жана кандай шарттарда чыгарган иликтеп чыгуу кыргыз тарых-маданияты, адабияты, журналистикасы үчүн өтө маанилүү. Буга чейин “Эркин Тоонун” 1924-1927-жылдардагы алгачкы сандары арап тамгасынан кириллицага которулгандыгы, бул олуттуу эмгекти (“Кыргыз басма сөзүнүн тарыхы, «Эркин Тоо» гезити (1924-1927-жылдар) эже-сиңди окумуштуулар Гүлзада жана Топчугүл Нармаматовалар ишке ашыргандыгы тууралуу, гезитибиздин өткөн сандарында жазганбыз. Төмөндө аталган эмгектин киришүүсүнө жазылган авторлордун макаласын жарыялайбыз. Белгилей кетсек, “Кыргыз Туусу” гезити “Эркин Тоонун” алгачкы сандарына чыккан айрым макалалар менен окурмандарыбызды тааныштырып турмакчы.   

Киришүү

Баарыбызга маалым болгондой эле ар бир кылымда кандайдыр бир маалымат каражаты ойлоп табылып, маалыматтын оперативдүү жайылуусуна шарт түзүп келген. Мисалга алсак, телефон жана телеграф XIX кылымдын маанилүү маалымат каражаттары болгон болсо, XX кылымда мезгилдүү басылмалар, андан кийин радио жана телевидение кылымдын орду алмашкыс маалымдоо каражаттары катары коомго бардык керектүү маалыматтарды жеткирип, бийлик менен карапайым калк арасында көпүрө ролун аткарып келет. Илимпоздор XXI кылымдын маанилүү маалымат каражаты катары интернетти санайт.

Жаңы маалымат технологияла­рынын акылга сыйбас өнүгүүсү опе­ративдүүлүккө жана интерактивдүү маалымат алмашууга шарт түзүп берди. Басылып чыкчу мезгилдүү басылмалар да, радио-телевидение берүүлөрү да интернет аркылуу элге кызмат кыла баштады. Технологиянын болуп көрбөгөндөй өнүгүүлөрү кезегинде дүйнөнүн ааламдашуусуна, ар кандай улуттардын бири-бирине жакындашуусуна, маданияттардын өз ара таасирленүүсүнө, ошондой эле империалист мамлекеттердин маданий баалуулуктарынын башка маданияттарга үстөмдүк кылуусуна себепкер болду. Мындай ааламдашуу процессинде ар бир коом өзүнүн улуттук баалуулуктарын, улуттук нарк-насилин сактап калуу аракетине киришүүдө. Бул үчүн албетте, тарыхка кайрылып, тарыхый булактарды кайрадан окуп чыгуу, жандандыруу керек.

Аталган илимий эмгек да кыргыздын басма сөзүнүн тарыхын изилдөөнү максат кылган. Кыргыздын алгачкы жалпыга маалымдоо каражаты болгон «Эркин-Тоо» гезитинин 1924-1927-жылдардагы сандарын иликтеп чыгып, араб тамгасынан транскрипциялоо, керектүү жерлерде комментарийлерди берүү жана коомчулукка жарыялоо мүдөөсүн
көздөйт.

Айрыкча Кыргыз улуттук китепканасындагы бул гезиттин эски сандарын сактоодо керектүү шарттар болбогондуктан, өз учурунда колдонууга берилип тургандыктан эскирип, тытылып бараткандыктан газеталардын Кыргыз Улуттук китепканада сакталып турган бардык сандары электрондук вариантка өткөрүлдү.

«Эркин-Тоо» гезитинин тили, түшүндүрүү ыкмасы, сүйлөмдөрдүн синтаксистик түзүлүшү, орфографиясы азыркы кыргыз тилинен айырмаланат. Эски чагатай тилине тиешелүү болгон сөздөр да изилдөө учурунда кездешпей койгон жок. Албетте,  гезиттин транскрипциясында мындай өзгөчөлүктөр эске алынды жана эч кандай өзгөртүүсүз берилди. Кыргыз тилинин тарыхый өнүгүп-өсүү этаптарынын чагылдырылышына көңүл бурулду. Бүгүнкү күнгө чейин гезиттин 1924-жылдагы № 1,2,3-сандарынын транскрипциясы жасалып, ошол текстке таянуу менен кыргыз журналистикасынын тарыхы окутулуп келген. Бирок, «Эркин Тоонун» 1,2,3-сандарынын мурдагы транскрипциясында көптөгөн катачылыктар кетирилгени оригинал текст менен салыштырып окуганда тастыкталды. Ошондуктан газетанын биринчи үч санына да кайра башынан транскрипция жасалды. Туура эмес окулган жерлер тиркемеде көрсөтүлүп, оңдоолор киргизилди. Жалпысынан Кыргыз улуттук китепканасында сакталып турган «Эркин-Тоо» гезитинин 1924-1927-жылдардагы төмөнкү сандары изилденди.

Булар:

1924-жыл, № 1, 2, 3;

1925-жыл, № 6;

1926-жыл, № 118, 119, 120,121, 123, 126, 127, 133, 135, 140;

1927-жыл, № 13, 15, 16.

Кыргыз басма сөзүнүн тарыхын иликтөө иши кыргыз элинин жана ошол эле мезгилде Орто Азиянын XX кылымдын башындагы коомдук, маданий, саясий жана экономикалык абалы тууралуу орчундуу маалыматтарды камтыгандыгы үчүн маанилүү болуп саналат. Мисалга алсак, Кыргызстандын чек арасы тууралуу ошол мезгилдин көрүнүктүү коомдук ишмери Жусуп Абдырахмановдун берген маалыматы көңүл коюуга арзырлык. «Эркин Тоо» гезитинин транскрипцияланышы, изилдениши бир эле коммуникация т.а. журналистика илиминде эмес, ошол эле учурда тарых, түркология, социология, экономика, саясат таануу сыяктуу башка коомдук илимдер үчүн да кайталангыс булак болуп саналат.

«Эркин-Тоо» гезити жөнүндө

Кыргыз тарыхында эң алгачкы кыргыз тилиндеги басылма болгон «Эркин-Тоо» 1924-жылы 7-ноябрда арап тамгасында азыркы Өзбекстандын Ташкент шаарында басылып чыга баштаган. «Эркин-Тоо» гезитинин басылып чыгышына себепкер болгон көрүнүктүү кыргыз айдыңдарынын бири Ишенаалы Арабаев гезиттин алгачкы санында гезиттин аты тууралуу макала жазган. Анда «Бул гезиттин атын байагы көңүлдү элжиреткен, көздү телмирткен «эркин» менен «тоо»ну кошуб «эркин тоо» койулду. Ал эми кыргыздын эмгекчилери! Качантан бери жоголгон эригин сагыныб «сейнеп» болуб «күкүк» деб самырдай какшаган тооң жоголгон эригиңе кошулуб колуңа тийди. Бек карма! Бул эриктүү үчүн төгүлгөн жаштарың, сатылган баштарың, ажыраган теңдериң, кыйратылган сөөктүрүң, эрлериң кул болгон, катындарың күң болгон бек карма кыргыз бек карма!» деп айткан.

«Эркин-Тоо» гезитинде Осмонкул Алиев, Ишенаалы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Сыдык Карачев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Шарип Көкөнов Т. Осмон келини, Орозбек уулу. Эсенаман уулу. Касым уулу, Ыбырайым уулу, Жантеке уулу, И.Жээнбай уулу, Орунбек, Жуманаалы уулу, Б. Насыр уулу сыяктуу бүгүнкү күнгө чейин аттары аталып да, аталбай да келген кыргыз айдыңдары иштешкен.

Алардын кыргыз эли үчүн жасаган опол тоодой эмгегинин жемиши, элдин сабатсыздыгын жоюуга кошкон салымы ушул гезит аркылуу ишке ашкан десек жаңылышпайбыз. Гезит бетиндеги көпчүлүк жерлерде өз аты жөнүн так жазбай лакап аттары же болбосо өз атынын жана атасынын атынын баш тамгалары берилген. Бул жерде улуттук, патриоттук маанайдагы макалаларды жазууда айдыңдар өз аттарын атоодон баш тартышканын баамдоого болот. Саясий куугунтукка каршы этият мамиле жасагандыгына карабастан кыргыз айдыңдары 1937-38-жылдары Сталиндик репрессияга кабылып, атылып кеткен. Алардын арасында тирүү калган Сыдык Карачев болсо өмүрү өткөнчө улутчул катары айыпталып, сүргүндө жүргөн.

1925-жылдын жаз айларынан баштап «Эркин-Тоо» гезити Фрунзеде басылып чыга баштайт. Албетте, алгачкы басма сөз каражаты болгон бул гезит кыргыз элинин билим алуусунда, дүйнө таанымынын кеңейүүсүндө өзгөчө роль ойногондугу белгилүү. 1926-жылы Баку шаарындагы алгачкы Түркологдордун конгресси болуп өтөт. Аталган конгрессте алфавитти өзгөртүү б.а. арап алфавитинен латын алфавитине өтүү тууралуу чечим кабыл алынат. Ошентип, 1927-жылдан баштап «Эркин-Тоо» гезити Касым Тыныстановдун редакторлугу астында латын тилинде чыга баштайт. Ошол мезгилдеги кээ бир саясий жана экономикалык маселелерден улам гезиттин латын алфавитине толук бойдон өтүүсү 1930-жылдарда гана ишке ашкан. Бул учурда «Эркин-Тоо» гезити «Кызыл Кыргызстан» деп атала баштаган болчу.

Советтер Союзунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүгүп-өсүүсү жогорку темпте болгон. Бирок союздун курамындагы мамлекеттердин ар кандай тамгаларды колдонуусу бир топ дипломатиялык, экономикалык жана маданий өнүгүүлөргө тоскоол болгон. Ошол себептүү кыргыз калкынын да кириллицага өтүүсү тууралуу 1939-жылы буйрук чыккан. Буга байланыштуу «Эркин-Тоо» гезити да 1939-жылдан баштап «Советтик Кыргызстан» аталышы менен кирилл алфавитинде басыла баштаган. Ал эми Кыргызстан эгемендүү болгондон кийин гезит «Кыргыз Туусу» аты менен басылып чыга баштаган. «Эркин-Тоо» азыркы учурга дейре «Кыргыз Туусу» аты менен чыгып турган мамлекеттик басылма болуп
саналат.

Ph.D. Гүлзада НАРМАМАТОВА, Ph.D. Топчугүл НАРМАМАТОВА

Даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар