Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Чолпонкул АРАБАЕВ: “Өлкөнүн коопсуздугу баарынан баалуу”

– Чолпонкул Исаевич, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Президент С.Жапаровго жазган катын окуган чыгарсыз.

– Ооба окудум. Анда ал Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан “Коммер-циялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөргө карата тынчсыздангандыгын  билдирген экен. Эми чындыгында, биз кандай мыйзамдарды кабыл алабыз, анда кандай кызыкчылыктар корголот, бул биздин мамлекеттин ички сая-
сий маселеси. Ушул өңүттөн алганда, мамлекеттик катчынын каты биздин ички саясатыбызга  кийлигишкендей ойду жаратат. Эл аралык укуктун нормаларына,  принциптерине ылайык, чет мамлекеттин,  кызмат адамдарынын  кийлигишкендиги эч кандай этикага, мыйзамдарга да туура келбейт.

– Демек, сиз Президент С.Жапаров АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына берген жообунда: “Сиздин катыңыздын мазмунунда биздин мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экендигин белгилейм” деп айтканын кубаттайт турбайбызбы?

– Муну мен эле эмес Кыргызстандын ар бир жараны колдойт деп ойлоймун жана колдоого  да тийиш деп эсептейм. Эл аралык укуктун нормалары боюнча тиги же бу өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери, кандай кызматты ээлебесин, Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүгө укугу жок. Биз эгемендүү мамлекетпиз. Башка мамлекеттер сыяктуу эле Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсүбүз. Мындан тышкары КМШ, ШКУ, Коллективдүү коопсуздук келишим уюму, Евразия экономикалык биримдиги, Ислам кызматташтык уюму, Түрк мамлекеттеринин уюму, ТҮРКСОЙ сыяктуу эл аралык уюмдарга мүчө катары кызматташабыз.

– Айрым саясатчылар “бечелге жөтөлдүн кереги эмне, биз чакан мамлекетпиз” дешет го, эл аралык маселелерге келгенде?…

– Айрым саясатчылардын “Биз чакан мамлекетпиз” дегендерин мен да угуп жүрөм. Жок, биз чакан мамлекет эмеспиз. Дүйнөдө 200дөн ашуун мамлекет болсо, Кыргызстан территориясынын чоңдугу боюнча 85-орунда турат. Ал эми КМШ мамлекеттеринин арасында 7-орунда турабыз. Калктын саны боюнча да 110-орундабыз. Кыргызстан биз үчүн жаратылыш байлыктары өтө кенен, көөнө тарыхы бар улуттун ата мекени.

– Блинкендин биздин өлкөгө тиешелүү мыйзам долбоору тууралуу кооптонуу менен билдирген катын окуп отуруп, эгемендүүлүктүн 33 жылында ПЕСАК ж.б. баштаган Батыш өлкөлөрүнүн программаларынын алкагында завод-фабрикаларыбыздын, колхоз-совхоздорубуздун  таланып, талкалануу процессине сын көз менен караган эмес, көрүп туруп көрмөксөн болушкан, ушундан келип эмне үчүн деген суроолор жарала берет.

– Андай суроолор ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө. Ошол эле Кумтөр алтын кенин алсак. Кыргызстан экономикалык кризиске батып, мугалимдер менен врачтарга айлык маяна бере албай, мектеп, оорукана сала албай кыйналган жылдарда кыргыз алтыны канадалыктардын карамагында болуп, натыйжада  миллионерлердин пайда болушуна түрткү болду. Кумтөр аферасы – Кыргызстан үчүн кылым аферасына айланды. АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчылары тынчсызданган катын жазып Кыргыз мамлекетинин, элинин  кызыкчылыгын коргогон болсо, азыр биз башкача мамиле кылмакпыз. Сиз айткандай, завод-фабрикаларыбыз, колхоз-совхоздорубуз катуудан кышы, жумшактан топурагы калганча бүлүндү. Ушундай шартта туура оюн, калыс позициясын билдирген, биздин мамлекеттин тагдырына кооптонгон бир да мамлекет болбоду.

Чындыгында, өзүбүз да кабатырлана турган нерселер өлкөбүздө өтө эле көп. Ал эми “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Рес­публикасынын мыйзамына, Кыргыз Рес­публикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору өткөн кылымдын аягында же тагыраагы 1999-жылы кабыл алынган, колдонуудагы “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган.

Кандай гана мыйзам болбосун, ал мезгилдин өтүшү менен  мыйзам эскирет же  өзгөртүүнү, толуктоону  талап кылып калган  учур келет. Бул мыйзам ченемдүү процесс. Президентибиз  белгилегендей, аталган мыйзам долбоорунун максаты – Кыргыз Республикасындагы өкмөттүк эмес (коммерциялык) уюмдардын ишин коомго ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү. Мунун эмнеси жаман?  Эгер,  майда-баратка чейин башка өлкөнүн мамлекеттик катчысы кийлигишип, акыл үйрөтө баштаса, биз анда эмне деген  эгемендүү мамлекет болобуз?!! Бул өтө одоно көрүнүш жана эл аралык келишимдердин принциптерин четке кагуу болуп саналат.

– Алардын кийлигишип калганына караганда, мүмкүн кандайдыр бир кызыкчылыктары болуп жүрбөсүн?

– Мүмкүн. Эч кимге жашыруун эмес, өкмөттүк эмес (коммерциялык) уюмдардын айрымдары чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евросоюз өлкөлөрүнөн каржыланат. Каржыланганда да өтө чоң суммадагы  каражаттарды алып, коомду ич ара бөлүп-жарууга жумшалып жатканын угуп, көрүп  жүрөбүз. Улуттук кызыкчылыктарды, баалуулуктарды тебелеп-тепселеген, ЛГБТ өңдүү азчылыктын укугун коргоп, аны жайылтууга жумшалып жатканы да белгилүү. Коомду коом, мамлекетти мамлекет кылып турган миңдеген жылдардан бери калыптанып калган салттуу үй-бүлө институтун  жок кылууга, ага шек келтирүүгө жасалган аракеттер да болду.

– «Мен чай куйбайм, мен төрөбөйм» деген жат ураандар астында келиндерди баш ийбөөгө чакырган акцияларды айтасызбы?

– Мындай акциялар кийинки жылдарда  адатка айланып,  туруктуу мүнөзгө ээ боло баштаганы өтө өкүнүчтүү. Бул биздин улуттук салтка, нарк-насилге да жат нерсе. Эгерде келиндер төрөбөсө, балдар үйлөнбөсө, эркек менен эркектин үй-бүлө болуусу жарланса, анда биз эртең кандай мамлекет болобуз, генофондубуз эмне болот,  кандай коом  куруп, калыптандырабыз? Ошон үчүн өкмөттүк эмес (коммерциялык) уюмдарга кайсыл өлкөлөрдөн канча каражат келип,  кандай  максаттарда жумшалып жаткандыгын эл билүүгө тийиш жана мамлекеттин кызыкчылыктарына дал келүүсү абзел.

Мамлекет башчынын: “Чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар.

Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык, ушул өкмөттүк эмес (коммерциялык) уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат” дегенинде бүгүнкү күндүн чыркыраган чындыгы жатат.

Улут, мамлекет катары сакталып калгыбыз келсе, анда үй-бүлө институту кол тийгис болуусу зарыл. Мына ушуга байланыштуу үй-бүлө кодексинин долбоорун дагы улуттук наркка, үрп-адат, каада салтыбыздын негизги принциптерине таянып, кайрадан жаңыдан иштеп чыктык.

Президентибиз Садыр Жапаров коомдук абалды салмактап көрүп, Блинкенге кат жибергени элибиздин колдоосуна татыктуу.

– Блинкендин билдирүүлөрүн жактырбай кабыл алган башка өлкөлөр да бардыр?

– Россия, Түркияда Блинкендин билдирүүлөрүн жана позициясын жактырбай кабыл алган учурлардан менин да кабарым бар. Бул анын үстөмчүл, өкүмчүл позициясынан улам деп ойлойм. Супердержаванын өкүлүмүн, биз башкаларга көрсөтмө берип, акыл айтышыбыз керек деген нерсе канында калып, саясый салттуулукка айланып
калган да.

– Дүйнөнүн ар кайсы өлкө­лөрүндө (Украина, Грузия, Кыргызстанда) болгон түстүү революцияларда да өкмөттүк эмес уюмдардын катышы болду да.

– Албетте, анын баары учуру келгенде ачыкталып, тарых барактарында ак-карасынан талданып, жазылып калат. Түстүү революциялар эч нерсеге апкелбей турганын өз жон терибиз менен сездик. Мына Украинаны алалы, жыргап жатабы? Күн сайын жүздөгөн киши өлүп жатат. Батыш өлкөлөрү Украинада тынчтыкты орнотуунун аракетин кылбай эле, согушту улантууга кызыктар болуп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Мунун аягы жакшы нерсеге алпарбайт.

Дегеле, коом араздашып, бир эле үй-бүлөдө төртөө төрт жакты карап, ар кимиси өзүнө чай куюп, чай ичип отурганы өсүп-өнүгүүнүн көрүнүшү эмес.

– Биздин өлкөбүздөгү мыйзамдар жана иштелип жаткан мыйзам долбоорлору кабыл алынып жатканда эл аралык укуктук документтерге туура келүүсү эсепке алынабы?

– Албетте. Президент: “Кыргыз Рес­публикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык мамлекет өкмөттүк эмес (коммерциялык) уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын уставдык ишине кийлигишпейт жана кийлигишүүгө умтулбайт” деп туура белгиледи. Мыйзам долбоорлору кабыл алынганга чейин далай экспертизадан, анын ичинен илимий экспертизадан өтөт. Эл аралык укуктун нормаларына канчалык шайкеш келери каралат.

Президент Блинкенге жазган катында сынга кабылган долбоору Адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Европа конвенциясына (10-берене); Адамдын укуктарынын жалпы декларациясына (29-берененин 2-пункту); Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактына (19-берененин 3-пункту жана 20-берене); Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактына (10-берене); Жалпыга маалымдоо каражаттары жана адам укуктары жөнүндө Европа Кеңешинин Декларациясына (1970-жыл) жана башкаларга негизделгенин белгилегени – анын аргументтеринин жүйөлүү жана кынтыксыз экенин билдирет. Чындыгында да, Конституцияга ылайык Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери, улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында укуктар жаатында биз АКШдан же дүйнөдөгү башка мамлекеттерден
айырмаланбайбыз.

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар