Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

“Кабатырланткан” мыйзам кайда алпарат?

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын ишмердигин тартипке салуу демилгеси эки жыл мурун көтөрүлүп, бул демилгеге биздеги коммерциялык эмес уюмдар, ал тургай эл аралык уюмдар да каршы чыгышкан. Ар кандай каршылыктар болуп отуруп Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун 2023-жылдын 25-октябрында биринчи окууда жактырган. Жыл башы менен Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бул мыйзам долбоорун экинчи окууда да жактырды. Мыйзам долбоорун демилгелеген Надира Нарматова баштаган 19 депутаттын билдиришинче, бул мыйзамдын кабыл алынышы менен коммерциялык эмес уюмдар каражат булактары тууралуу ачык отчёт берүүгө милдеттендирилет. Мыйзамга ылайык,  алардын ишмердүүлүгү да ачык-айкын жүргүзүлөт.

Баарынан кызыгы, бул мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда жактырылгандан көп өтпөй АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен мыйзам долбооруна карата тынчсыздануусун билдирип өлкө башчысы Садыр Жапаровго кат жолдогон. 9-февралда Президент Э.Блинкенге өзүнүн өтө жөндүү, аргументтүү ачык жообун узатты. 

Эртеби-кечпи, мындай мыйзам кабыл алынышы керек болчу

Өлкө башчысы өз жообунда кыргыз эли илгертен адилеттүүлүккө жана эркиндикке умтулган эл экенин баса белгилөө менен аталган мыйзам дол-боорунун максаты коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу, тартипке келтирүү экендигин айткан. Буга улай Президент коммерциялык эмес уюмдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мыйзамдарынын жана Салык кодексинин талаптарын аткарышы керектигин билдирген.

Чынында акыркы жыйырма жылда Кыргызстанда 30 миңге жакын өкмөттүк эмес уюмдар пайда болуп, алардын көбү кайдан каржыланып, эмне иш жүргүзүп жатканы белгисиз болгондуктан эртеби-кечпи мындай мыйзам кабыл алынышы керек болчу. Анын үстүнө Президент айткандай, ошол эле АКШнын 1938-жылы кабыл алынган “Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, кайсы бир чет өлкөлүк уюм каттоодон кечиксе административдик айып эле эмес кылмыш-жаза жоопкерчилигине да тартылат. Ошондой эле коммерциялык эмес тармак өз ишмердиги жөнүндө мамлекетке отчёт берип, салык төлөйт. Эгер “Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө” мыйзамы бузулса, 250 миң долларга чейинки айып пул салынат же беш жылга чейин абак жазасына тартылат. Кокус кайсы бир коммерциялык эмес уюм АКШнын Юстиция министрлигине кабарлабастан, башка мамлекеттин агенти катары иш алып барса, анын жетекчилиги он жылга эркинен ажыратылат.

Дүйнөлүк практикада деле чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы кадыресе көрүнүш. Алсак, мындай мыйзамдар Англия, Австралия, Венгрия, Израилде да кабыл алынган. Бул өлкөлөрдө чет өлкөлүк өкүл катары катталуу эрежесин сактабагандарга ири өлчөмдө айып пул салынат же камалат. Бул эреже эч кимди коркутпайт жана буга эч ким каршы да чыкпайт. Ал эми коңшу Өзбекстанда бейөкмөт уюмдардын ишмердиги атайын мыйзам менен жөнгө салынып, аларды Мамлекеттик эмес уюмдардын улуттук ассоциациясы тескейт. Казакстанда коммерциялык эмес уюмдардын баары каржы булактары туурасында отчёт берип, социалдык, камсыздандыруу жана башка төгүмдөрдү төлөшөт. Анан эмнеге Садыр Жапаров айткандай, мындай мыйзамды Кыргызстан кабыл алса болбойт?! Демек, бул мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыкккандардын себеби таптакыр башка окшойт. Же, Президент айткандай, “грант жегичтер” бул мыйзам долбоору жана кыргыз бийлигинин ички саясаты боюнча грант берүүчүлөргө башкача өңүттө отчёт беришкен.

Негизги максат – демократия, саламаттык сактообу же башкабы?

Өкүнүчтүүсү, мындай коммерциялык эмес уюмдар арасында сырттан каржыланып, бирок, каражатты коомдун аң-сезимин манипуляциялоого жумшап жаткан “көз карандысыз” ЖМКлар да жок эмес.

Жыл башында Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигинде берген маегинде сырттан келген гранттар туурасында айтып жатып, бир катар белгилүү маалымат каражаттарын жана суммаларды санап өткөн. Президенттин айтымында, factcheck.kg интернет ресурсу 2020–2022-жылдар аралыгында америкалык NED уюмунан жалпы 142 900 доллар, kloop.media ресурсу 2021-жылы ушул эле уюмдан 585 900 доллар алган. Ошондой эле бир катар бейөкмөт уюмдар менен “көз карандысыз журналист” деп таанылгандарга NED уюмунан 90 миңден 220 миң долларга чейин грант берилген. Өлкө башчысынын маалыматы боюнча kloop.media, “Медиахаб”, kaktus.media, “ПолитКлиника”, factcheck.kg, T-Media жана бир катар маалымат агенттиктери, басылмалар чет өлкөлүк донорлорунан жалпысынан 600 миң доллардан ашуун каражат алышкан. Мындан сырткары 2017-жылдан 2020-жылга чейин NED кыргызстандык бейөкмөт уюмдарга, журналист жана блогерлерге жалпы 8 471 614 доллар каражат которгон. Буга улай өлкө башчы “сөз эркиндигин коргоо долбоорунун алкагында бөлүнгөн гранттар бийликти дискредитациялап, мамлекеттик саясатты каралап, улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган жалган маалыматтарды таратууга жумшалып жатканын” билдирди. Муну айтып жатып ал чет өлкөлөрдөн грант алган айрым журналист, блогерлердин кыс-ка мөөнөттө байыгандары боюнча фактылар бар экенин да ортого салды.

Чынында акыркы убакта жогоруда аталган ЖМКлар ашыкча саясатташып, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун баскан-турганына чейин кийлигише баштаганы баарыбызга маалым. Кызыгы, аталган мыйзам долбоору кабыл алына турган болгондон бери батышчыл уюмдардын таскагы басаңдай түшкөнү да байкалды. Же булар каржылык отчёт талап кылынса мурдагыдай гранттарды кандай жумшагандарын жашыра албай, жооп берип калбайлы деген убайымда жүрүшөбү, белгисиз.

Өздөрү билдиргендей, Кыргызстанда Сорос фонду, USAID, Sigrid Rausing Trust, NED (Демократияны колдоо боюнча улуттук фонд) жана башка уюмдар жыл сайын алар каржылаган долбоорлорунун отчётторун жарыялашат. Бирок отчёттордо негедир жалпы сумма көрсөтүлүп, чыгымдар туурасында кеңири маалымат айтылбайт. Бирок, ошол отчёттордо да кызык фактылар бар экенин “Спутник” агенттиги жазып чыкты. “Сорос фондунун отчётунда «Саламаттык сактоо» бөлүмү алдыңкы сапта турат. Бирок ушул бөлүмдөгү кыйла салмактуу сумма (200 миң доллардан ашык сумма) “Лабрис” жана “Кыргыз Индиго” өңдүү ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргогон уюмдарга бөлүнгөнү таң калтырат” делет агенттиктин материалында. А “Лабрис” коомдук уюму 2019-жылдын 8-мартында Бишкекте гейлердин укугун коргогон жүрүш кылганын шаардыктар жакшы билишет. Андыктан, өкмөттүк эмес уюмдарды теске сала турган мыйзамдын кабыл алынышы Э.Блинкен айткандай, “күчтүү жарандык коомдун жашашына” коркунуч жаратпай, тескерисинче, коомго жат көрүнүштөрдү ооздуктоого өбөлгө болуп жүрбөсүн?!

Жакшы таз башын жашырбайт

Албетте, Кыргызстандагы сырттан каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын баары өлкө саясатына каршы иш кылат дегенден алыспыз. Алардын көпчүлүгү мамлекет, жергиликтүү бийликтин чамасы жетпей калган социалдык көйгөйлөрдү чечип жүргөнүн көрүп, билип жүрөбүз. Ар кандай социалдык долбоорлорду ишке ашырып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мигранттарга жардам берип, айыл чарба, билим берүү тармагында алгылыктуу иш жүргүзүп жаткан коммерциялык эмес уюмдар бар экенин эч ким жокко чыгарбайт. Учурда мындай уюмдардын өкүлдөрү жогоруда айтылган мыйзам долбоорунун кабыл алынышына да каршы эмес. Себеби, финансылык отчёттун ачык болушу менен аларга карата элдин ишеними мурдагыдан да жогоруларын жакшы түшүнүп турушат. Эгер сырттан кирген акча каражаттары ушундай жакшы иштерге, мамлекеттин, элдин өнүгүшүнө жумшала турган болсо сырттан грант алган коммерциялык уюмдар, ЖМКлар, эл аралык уюмдар эмнеге бул мыйзамдын кабыл алынышынан коркушат? АКШ катчысы неге буга “кабатыр болуп, тынчсызданат?

Ханнс Зайдел фондунун директору Макс Георг Майер айткандай, коммерциялык эмес уюмдар өлкөгө зыян эмес, пайда алып келип жатышса Германиядагыдай эмнеге мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлгө алынганга болбосун?

Бул суроолорго жооп табуу анчейин деле кыйынга турбайт. Ал үчүн өлкө башчы айткандай, Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдардын акыркы 5-10 жылдагы ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүү жетиштүү. Ошондо коммерциялык эмес уюмдардын негизги ишмердүүлүгү ачыкталып, гранттардын чоң бөлүгү кайсыл максатта иштетилип жатканы ачыкталат. Мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгуунун бирден-бир негизги себеби да ушунда болуп жүрбөсүн? Эгер Кыргызстандагы бардык коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү адам укугун коргоого, өлкөнү, демократияны өнүктүрүүгө, коррупцияны жоюуга багытталса, гранттар максаттуу сарпталган болсо мындай мыйзамдын кабыл алынышына алар реакция да кылышмак эмес. Тескерисинче, колдошмок. “Жакшы таз башын жашырбайт, жакшы адам ашын жашырбайт” дегендей, коммерциялык эмес уюмдардын кылган иши жакшы болсо баары ачык-айкын болсун. Президент Садыр Жапаров Блинкенге ошону гана айтты.

Ал арада артка кайтарылды  

2023-жылы март айында Грузия парламентинде “Чет өлкөлүк таасирдин айкындуулугу жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Андан көп өтпөй митинг уюшулуп, ал башаламандык менен коштолуп отуруп документ кайра артка кайтарылган. Айрым жергиликтүү эксперттер муну грузин коомчулугуна карата чет өлкөлүк таасирдин күчтүү болгонунан улам деп сыпатташкан. Анын сыңарындай, АКШ катчысынын Президентке болгон ачык каты батыштын бизге бардык жактан “аке” болгусу келип турганын көргөзүп тургандай.

Бизге да сырткы күчтөр таасир эттиби же башка себептерденби, айтор, 14-февралда аталган мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде ал колдоо таппай, артка кайтарылды. Вице-спикер Нурланбек Азыгалиев долбоордогу кылмыш жоопкерчилигине тартуу жазасы сыяктуу нормаларды алып салуу сунушталганын айтып, оңдоо үчүн комитетке жөнөтүү зарыл болуп жатканын белгиледи. Биз да мындан ары бул мыйзам долбоорунун тагдыры кандай болоруна саресеп салып  турмакчыбыз.

Негизи мындан эч кандай трагедия жасоонун деле зарылчылыгы жок. Мыйзам чыгаруу процессинин өзү ушундай. Эң башкысы, мыйзамчыларыбыз  тигил же бул тараптын кысымына алдырбай, өлкөбүзгө кесепет келтирбей турган мыйзам кабыл алып беришсе болду.

Мелис СОВЕТ  уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар