Суббота, 27 апреля, 2024
3.1 C
Бишкек

БЕКБОЛОТ уулу Бактыбек: «Жаш кыздардын келишин каалабайт элем”

Өткөн аптада Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Британиядагы сезондук жумуштарга барып иштөө үчүн жети сааттын ичинде 26 миңден ашык кыргызстандык арыз бергенин билдирди. Алар Британиянын айыл чарбасындагы жумуштарга орноштуруу программасынын алкагында Hops Labor Ltd оператору аркылуу арыз беришкен. Бул көрсөткүч Европага барып, сезондук жумуштарга иштеп келүүгө даяр адамдардын көп экенин ачыктады.

Сезондук жумушка баргандар талаада, күнөсканада жер-жемиш, кулпунай, кожагат, алма ж.б. терип иштешет. Мына ошондой айыл чарба жумуштарында иштеп жүргөн мекендешибиз Бактыбек Бекболот уулу менен байланыштык. Бактыбектин Англияда иштеп жатканына 3 ай болду.

– Бактыбек, учурда Англиянын кайсы шаарындасың жана эмне иш аткарып жатасың?

– Англиянын түндүк-батыш тарабында Манчестер деген шаар бар. Ошол Манчес-терден бир сааттык алыстыкта жайгашкан фермада, күнөсканада салат жалбырактарын терип иштеп жатам. Ишимди жеңил деп айта албайм. Айыл жеринде айдоо айдап, эгин эгип, кетмен-күрөк кармап чоңойгон балдарга кыйын деле болбойт. Мен айылдык болгонумдан, бул жакта иштөө мага өтө деле кыйынчылыкты жараткан жок. Албетте, физикалык жактан чарчап каласың. Анткени, бир күндө миң жолу эңкейип, миң жолу өйдө болууга туура келет.

Мага чоң бычактар менен кесип жыйнай турган жумуштар оор сезилди. Мисалы, капуста, селдерей кесип иштедим.

– Англияга кандайча барып иштеп калдың?

– Бул менин Англияга экинчи ирет келишим. Алгач, 2022-жылы алча терип иштеп кеткем. Ага чейин Кыргызстанда, Россияда курулуш иштеринде иштеп жүрдүм. Курулуш деле бир күнү бар, бир күнү жок жумуш эмеспи. Тапканым муктаждыктарыма жетпей баштаганда, чет өлкөгө, Европага чыгып иштеп келүүнү ойлоно баштадым. 2021-жылы Россиядан келдим. Чехияга кете турган болуп, бирок, кете албай калдым. Көрсө, мен чет өлкөдөн жумуш таап беребиз, виза ачып беребиз деп куру убада кылган компаниялардын бирине алданып калыптырмын. Ошондуктан, Европага сезондук жумуштарга келүүнү каалагандарга айтарым, мага окшоп көчөдөн кармап алып эле жумушка орноштурам дегендерге ишенип акчаңарды бере бербегиле. Арызды толтурууга эч кандай акча кетпейт экен. Аны ар ким үйүндө отуруп эле толтуруп койсо болот экен.

– Бул жакка кайсы компания менен келдиң?

– Эки жолкусунда тең Британиянын AGRI HR («Агри-Эйчар») компаниясы аркылуу келдим. Ал кыргызстандыктарды сезондук айыл чарба жумуштарына алгачкылардан болуп тарткан компания. 2022-жылдан бери компаниянын Кыргызстандагы филиалы катары иш жүргүзүп келсе, 2023-жылдан тарта Кыргызстандагы жумушка орноштуруучу жеке агенттик катары иштей баштады.

– Келишимде жазылган шарттар толук аткарылбай кала турганын айтып калышат?

– Кээде келишимде көрсөтүлбөй калган да жагдайлар болуп калат. Бирок, конкреттүү максат менен келгендер кандай болсо дагы визалык режимди сактап, тартип бузбай иштегенге аракет кылышат. Ал эми айрым мекендештерибиз кыйналып, тескерисинче, Кыргызстандагы жакындарына акча салдыртып артка кайткан учурлар болот.

– Өзүңдүн мисалыңда айтсаң, азыр кандай жерде жашап жатасың?

– Биз азыр 2 кабаттуу үйдө эки кыргызстандык, төрт казакстандык жана үч европалык жумушчу жашап жатабыз. Бөлмөлөрүбүз жарык, таза, ыңгайлуу. Ар кимибиз тамагыбызды өзүбүз жасап жейбиз. Бизге жакын жерде түрк туугандарыбыздын дүкөнү бар. Бир жумада бир жолу ошол дүкөндөн азык-түлүк сатып келип алабыз.

– Алты айда же бир сезондо канча акча таап келсе болот экен?

– 6 миң доллардан 8 миң долларга чейин тапса болот. Бул эми сенин иштегенине, тартибиңе, келишимдин талаптарын туура, так сактаганыңа байланыштуу. Аз иштеп, бир күндүк норманы аткарбай койсоң, 2-3 күн ишке чыгарбай коет. Же болбосо айлыгыңдан кыскартып салат. Ал эми жакшы иштесең, нормативдерди аткарсаң айлыгыңдан сырткары бонустар кошулуп турат. Мисалы, азыр бизге ар бир иштеген саатыбыз үчүн биздин акча менен 1100 сомдон төлөнөт. Ошондо бир күндө 8-9 миң сомдон табабыз. Ал эми бышыкчылык мезгилде, саатына эмес, иштин көлөмүнө, тактап айтканда канча жашик тергениңе жараша акы аласың.

– Быйыл дагы сезондук жумуштарга барам деген оюң барбы?

– Ооба. Буюрса, 3 айдан кийин эмгек келишимдин мөөнөтү бүтсө, Кыргызстанга кетем. Кийинки сезондо дагы келүү планым бар. Бул мен үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Азыр жашымда, ден соолугум чың кезде, күчкө толуп турган учурумда убактымды туура пайдаланып, келечегимди түптөм алсам дейм. Тапкан каражатымды мал чарбачылыкка жумшап жатам. Бул менин ишкерликке карай жасаган алгачкы кадамдарым деп билем.

– Англияга барып иштейт элем дегендерге кандай кеңеш бере аласың?

– Мен биринчи эле жаш кыздарга фермага жумушка келбегиле деп айткым келет. Аларды билим алууга, тил үйрөнүүгө чакырмакмын. Жаш кыздардын талаада иштеп жүргөндөрүн, кыйналгандарын көрүп боорум ооруйт. Негизи эркек кишилер иштей турган жумуш. Антейин десең эркектер менен теңтайлашып, керек болсо сенден ашып өтүп иштеген эжелерди да көрөбүз.

Ал эми бул жакка келип иштейм деген мекендештериме айтарым, биринчиден ден соолугу чың болуш керек. Орус тил, англис тилин билип келишсе, ашыкча болбойт. Ошондой эле моралдык жактан өзүн-өзү даярдап келиши керек.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”  

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар