Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Сеул олимпиадасынын чемпиону Татьяна Сидоренко

Кыргызстандык спорт күйөрмандары 1988-жылы Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда алтын медаль тагынып, олимпиада чемпиону аталган СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, кыргызстандык  Татьяна Сидоренко тууралуу жакшы биле беришпейт.

Атактуу волейболчу СССРдин тандалма командасынын катарында ойноп, олимпиадалык бийиктикти багындырган кыргызстандык спортчулардын бири. Ошондой эле ал волейболдон 1990-жылы дүйнө чемпиону аталган. Ал Европанын чемпионатында СССРдин командасынын үч жолку жеңишине салым кошкон мыкты чабуулчунун бири болгон. Таня СССРдин тандалма командасынын катарында 8 жыл ойногон кыргызстандык жалгыз спортчу. Кийин чет өлкөлүк спорт клубдарда ойноп, чеберчилиги менен таанылган.

Татьяна Сидоренко 1966-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ага волейбол оюнунун алгачкы ыкмаларын, сырларын үйрөткөн устаты Анатолий  Петров болгон. Таланты менен таанылган Татьяна Кыргызстандын жаштар тандалма командасынын катарында ойноп жүрүп, СССРдин мыкты спорт адистеринин көңүлүн буруп, 1982-жылы аны Москва шаарына чакырышып, атактуу ЦСКА командасынын катарына кабыл алынган.

Волейбол командалык оюн болгондуктан спорттук ийгиликтерге жетүү көп эмгекти, талыкпай машыгууну, табият тартуулаган талантты талап кылат. Спорттун жеке түрүнөн бийиктиктерди багынтуу командалык таймаштарга караганда бир аз жеңил. Ошондуктан командалык оюндарга олимпиада, дүйнө чемпиону болуп, дүйнө Кубогун утуу абдан сыймыктуу.

Кыргызстандык таланттуу волейболчу Татьяна Сидоренко Москвага барганына эки жыл өтпөй 1984-жылы ЦСКА командасынын СССРдин Кубогун жеңип алуусуна зор салым кошкон. 1984-жылы СССРдин жаштар тандалма командасынын катарында Европа чемпионатына барып, жеңиш менен кайтып, Европа чемпиону аталган. 1985-жылы СССРдин чемпиону болсо, 1986-жылы СССР элдеринин Спарткиадасында Москва шаарынын тандалма командасынын катарында ойноп, баш байгенин ээси болуп, алтын медаль тагынган.

Ошондой эле 1987-жылы СССРдин чемпионатында күмүш, 1988-жылы коло байгелүү болгон. Чоңдор арасында Европанын чемпиондук наамын 1985-жылы Голландияда, 1989-жылы Германияда, 1991-жылы Италияда жеңип алууга жетишкен. Волейбол оюну боюнча Дүйнө Кубогунда 1989-жылы күмүш, 1985-жана 1991-жылдары Жапонияда коло байгеге татыган. 1990-жылы Кытайда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынса, ошол жылдагы Тилектештик оюндарынын да чемпиону аталган.

Анын абдан мыкты чабуулчу экенин мындан билсеңиз болот. 1989- жана 1991-жылдары Эл аралык волейбол федерациясынын демилгеси менен  «Гала-матч» турнири уюштурулуп, анда дүйнөлүк волейбол жылдыздарынан куралган тандалма командага каршы СССРдин тандалма командасы ойноп, дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган. Ушул дүйнөлүк мелдеште ойноо укугуна кыргызстандык Татьяна Сидоренко да татыктуу болгон. Анын боюнун узундугу 1 метр 85 сантиметр болгондуктан эликтей так түйүлүп секирип, ал соккон топту тоскондор сейрек болгон дешет спорт адистери.

Жогоруда айткандай, 1988-жылы Татьяна Сидоренконун жылдызы жанып, Сеул олимпиадасында алтын медаль тагынып, олимпиада чемпиону аталса, кийин СССР деген чоң мамлекет кыйраганда — 1992-жылы Шериктеш өлкөлөрдүн тандалма командасынын катарында Барселона олимпиадасында финалга чейин жетишип, олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси болгон.

1991-жылдан баштап чет өлкөлүк спорт клубдардын катарында ойногон. 1991-1992-жылдары Хорватиянын «Младост», 1992-1993-жылдары Италиянын Анкона шаарынын «Бруммель», 1993-1994-жылдары Испаниянын «Мурсия», 1994-1995-жылдары Италиянын «Импресем Агредженто», 1995-1997-жылдары «Спеццано» командаларынын намысын коргосо, 1997-1998-жылдары Хорватиянын «Дубровник» командасынын катарында ойногон.

Ошондой эле 1998-2000-жылдары Түркиянын Стамбул шаарынын атактуу «Бешикташ» командасынын катарында ойноп, чеберчилиги менен таанылган.  2000-жылы аны кайра Италиянын Имола шаарындагы «Фамила» командасы чакырып, бул командада эки жыл ойноп, бай тажрыйбасын жаштар менен бөлүшкөн.

Татьяна Сидоренко 1998-жылы Хорватиянын «Дубровник» командасынын Европанын Чемпиондор кубогун жеңип алышына зор салым кошкон. Ал түгүл ушул өлкөнүн жарандыгын алган Татьяна Сидоренко 1998-жылы Хорватиянын тандалма командасынын катарында дүйнө чемпионатына катышкан. 2002-жылы чоң спорт менен коштошуп, педагогдук ишмердикке өткөн. Себеби ал Москва шаарындагы Дене тарбия жана спорт академиясында билим алып, дене тарбия мугалими адистигине да ээ болгон.

Татьяна Сидоренко учурда Москва шаарында жашап, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы гимназияда дене тарбия жана спорт сабагы боюнча мугалим жана устат болуп, үзүрлүү иштеп келатат. Анын жаштар командасы Россиянын биринчилигин бир нече ирет уткан.

Биздин кыргызстандык олимпиада чемпионубуздун спорттук тагдыры, жеңиштери, бийиктиги кыргызстандык волейболчуларга өрнөк болуп саналат.

Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар