Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

“Бопуш” болуп таанылып, “Саякбай” болуп элдин эсинде калды

Эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз киносун жана улуттук сахнаны КРнын эмгек сиңирген артисти, кино, театр, сахна жана теле берүүлөрдүн жылдызы таланттуу актер, маркум Марат Жантелиевсиз элестетүү эч мүмкүн эмес. Бир кезде сахнада жана кинодо Советбек Жумадыловдун жылдызы кандай жанса, соңку 30 жылда Мараттын жылдызы да дал ошондой жанды. Ал театр үчүн, кино үчүн жаралган адам эле. Ошондон го анын жараткан образдары, мейли эпизоддук ролбу, мейли баш каармандын образы болобу, кайталангыс болчу.

Тянь-Шань районундагы Казан-Куйган айылында жарык дүйнөгө келген Марат Жантелиев Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтунун (ВГИК) актердук факультетинде, СССРдин эл артисти, профессор А.В.Баталовдун классында окуйт, аны 1982-жылы артыкчылык диплом менен бүтүрөт.

Тилекке каршы, анын чыгармачылык тагдыры улуттук кинонун “кыргыз керемети” аталган доорунун солгундап бараткан, мыкты кинотасмалар аз тартылган мезгилге туш келди. Эрдин кесе тиштеген Марат 1982-жылдан баштап 1990-жылга чейин “Кыргызфильм” киностудиясында эмгектенди. Азыноолак фильмдерге тартылып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон ролдорду жаратты.1991-жылы Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрына (ТЮЗ) ишке кирип, өмүрүнүн аягына чейин ушул
театрда эмгектенди.

Көп кырдуу тубаса талант театр жана кино менен гана чектелип калбастан кыргыз телерадиосу менен да тыгыз байланышта болуп, өнөрүн өркүндөтүп, талантын такшалтып, бир нече берүүлөрдү уюштуруп, КТРКнын казанында кайнап, чыгармачылык жолун кеңейтүүнүн үстүндө алпурушту. Марат Жантелиев алып барган “Алтынчы күнү кечинде”, “Таңкы кат”  теле берүүлөрү элдин эсинде калып, азыр да аңыз болуп айтылып жүрөт.

“Тулпар тушунда, күлүк күнүндө”. Анысы кандай, өз учурунда таланты ташкындап, өнөрү өр чаап турган актер Марат Жантелиевди театр менен кинонун дөө-шаа режиссерлору колдон талашып, башкы ролдорду сунуштаган кел-кел мезгили дал ушул Б.Кыдыкеев атындагы театрда иштеп турган, өмүрүнүн акыры күндөрүнө туш келди.

Театр сахнасындагы сансыз репетицияларбы же кинодогу ысык-сууктагы кайталанган, канчалаган дублдарды Марат Жантелиев актер катары бүт ыкласын коюп, режиссер “тартылды, сонун, жарайт, бүттү” дегенче иштегенге жөндөмдүүлүгү артык экенин дайыма көрсөтө алган актер болгон.

СССР кыйрап, маданият менен искусствону мындай коелу, эл кара курсагынын айласын таппай жатканда да А.В.Баталовдун окуучусу сүйгөн кесибин таштап кеткен жок. Өмүрүнүн отуз сегиз жылын чыгармачылыкка арнап, кино менен театрда эртеден кечке эмгектенди, тажабады жана ишеним оту өчпөдү.Таланттуу актер театрда улуу жазуучу Ч.Айтматов, япон Акира Куросава, М.Тойбаев, С.Раев, Б.Брехт, Ж.Кулманбетов баштаган жыйырма алты автордун чыгармаларында кайталангыс роль жаратканы менен театр күйөрмандарынын элесинде түбөлүккө сакталып калды. Мисалга айта турган болсок, театрда жараткан акыркы ролдорунун бири Ж.Осмоновдун ”Үч кемпир” спектаклиндеги Акиш кемпирдин образы. “Көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда” дегендей, эң мыкты ойноп, образдарды жаратууда эркек, аял дебестен аткаруучулук чеберчилигинин деңгээли өтө жогору экендигин көрсөтө алган. Ал эми, 2012-жылы Алма-Ата шаарында өткөн Эл аралык театр фестивалында Б.Брехттин “Меловой круг” спектаклинде башкы каарман Аздакты ойноп, эркектин ролун мыкты аткарганы үчүн ага гран-при сыйлыгы ыйгарылган. Ошол эле жылы Эл аралык Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын ээси болот.

Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр теат-рынын жалпы жамааты Марат Жантелиев кайтыш болгондон кийин, катары менен эки сезондо тең театрдын “визиттик карточкасы” болгон Ж.Кулманбетовдун “Талант жана тагдыр” аттуу спектаклин койгондон карманышкан. Бул – театрдын, жамааттын маркум Марат Жантелиевге болгон, көрсөткөн акыркы сый-урматы эле…

 

…Кино жаатында Марат Жантелиев деген ысым, кыргыз элинин атактуу кинорежиссеру Т.Океевдин “Ак илбирстин тукуму” көркөм тасмасындагы Саяктын ролунан кийин белгилүү боло баштаган. Кыргыз кино актерлорунан атактуу “Мосфильм” киностудиясында роль ойноп, тасмага тартылуу бактысы баарына эле туш келбестир. Марат Жантелиев ВГИКти бүтүп келгенден кийин “Мосфильм” киностудиясы тарткан “Алые паруса” (режиссеру А.Птушко) жана “Очарованный странник” (режиссеру И.Поплавская) тасмаларында роль жараткан. Албетте, бул жерде окутуучусу А.В.Баталовдун да салымы бардыр, мүмкүн мыкты студентине ролго сунуштагандыр.

 

Кыргыз киносунун гүлдөп өскөн мезгили, дүйнөгө ”Кыргыз керемети” деген аталыштагы өткөн кылымдын 70-жылдарынын ортосу 80-жылдардын аягына туура келген. Марат Жантелиев кыргыз кереметин жараткан дөө-шаалар М.Убукеев, Т.Океев, Б.Шамшиев, Г.Базаров жана башка бир топ режиссерлор менен, ошондой эле кийинки муундагы А.Сүйүндүков, Т.Ибрагимов, Б.Карагулов, З.Эралиев, М.Мамбетов, Нурбек Эген, Э.Абдыжапаров, С.Шернияз, Ы.Окенова баштаган жыйырмадан ашуун режиссерлордун отуздан ашык тасмаларында ар кандай ролдордо ойноп, элдин эсинде өчпөгөн образдарды жараткан. Мисалы: 2012-жылы тартылган “Президент жана бомж” көркөм тасмасында Жуманын (Пятница) ролун аткаруудагы чеберчилиги буга толук далил.

Марат Жантелиевдин актердук тагдырына манасчы Саякбай Каралаевдин образын эки тасмада жаратуу мүмкүнчүлүгү туш келген.1995-жылы атактуу кинорежиссер, тарыхчы Мелис Убукеев  “Манас”  эпосунун 1000 жылдыгына карата тарткан “Манастын ааламы” (“Вселенная Манаса”) көркөм-публицистикалык тасмада жаш манасчы Саякбайдын ролун көрүүчүлөрдүн купулуна толгондой абдан жогорку деңгээлде аткарган. Туура 22 жылдан кийин, 2017-жылы актер өзү айтып жүргөндөй, манасчынын улгайган кездеги ролун аткаруу вазийпасы канчалаган талаш-тартыштан кийин экинчи жолу ага тиет. Көркөм тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаровдун: “Саякбайды ойносо Марат ойнойт, болбосо мен тартпаймын” деген так кесе талабынан кийин, көркөм кеңеште маселеге чекит коюлган. Кинону тартуу башталганга чейин, улуу манасчынын дал өзүндөй келбетине ээ болуу үчүн актерго 16 кг. салмак кошууга туура келген. Ошентип кыргыз эли көптөн күткөн “Саякбай” көркөм тасмасы тартылып бүтөөрү менен 41- эл аралык Монреал кинофестивалына катышып, “Мыкты инновациялар үчүн” категориясында “Алтын Зенит” сыйлыгына татып, кыргыз киносуна кадыр-барк алып келген ак жолтой тасмага айланды. “Манас” кинотеатрында өткөн тасманын бет ачар аземинде Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн эже кино жөнүндө: “Атамдын жыты келип турду” деп ичиндеги атасына болгон сагынычын муңкануу менен жөн эле айтпаган чыгаар. “Саякбай” көркөм тасмасы “Манас” кинотеатрында аншлаг менен айлап көрсөтүлүп, актер Марат Жантелиевдин жылдызы жанган. Эл ичиндеги анын каймана “Бопуш” аты эми “Саякбай” аталып, эл-журтка атагы жайылды. Ондогон сыйлыктарга татыктуу болду.

 

“Аккан арыктан суу агат” дейт. Марат үч эркек бир туугандын ортончусу. Атасы Кыдык Жантелиев КРнын эмгек сиңирген врачы, агасы Талант КРнын Улуттук коопсуздук кызматынын ардактуу ардагери. Алган жары Асел менен бир уул, эки кызды тарбиялап өстүрүп, бир небересинин чекесинен жыттап калууга жетишти.

Кыргыз элинин сүйүктүү актеру Марат Жантелиев 2020-жылы 9-июнда 59 жаш курагында оорунун кесепетинен дүйнөдөн өтүп, сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Мырзатай ШАТМАНАЛИЕВ,
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар