Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

Мектеп директорлугуна сынакка арыздарды кабыл алуу башталат

Республика боюнча мектеп директорлугуна 375 бош орун бар. Бул тууралуу Билим берүү министрлигигинин өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди.

Бүгүн, 4-марттан тарта, сынакка арыздарды кабыл алуу башталат. Талапкерлер Ош жана Бишкек шаарларына келип компьютер аркылуу тапшырышы керек.

«Бир адам бир мектепке сынак аркылуу эки ирет дайындала алат, үчүнчү жолу ал башка мектепке конкурс аркылуу дайындалууга укуктуу.  Мектеп директорлугуна 7 жылдык үзгүлтүксүз педагогикалык тажрыйбасы бар, анын ичинде эки жыл директор же директордун орун басары болгондор гана талапкер боло алат», — деди министрликтин өкүлү Айнура Кусеинова.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар