Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

«Керемет Банктын» акцияларын Министрлер Кабинети сатып алат

Президент Садыр Жапаров “КР Улуттук банкынан “Керемет Банк” ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин КР Министрлер Кабинетинин сатып алуусу жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 14-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам коммерциялык банктарды көзөмөлдөө органы – КР Улуттук банкынын кызыкчылыктарынын каршы келип калышына жол бербөө үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамда Министрлер Кабинети Финансы министрлиги аркылуу «Керемет Банк» ААКнын жөнөкөй энчилүү акцияларынын жалпы санынын 97,45 пайызын түзгөн 84 770 588 даана сандагы, «Керемет Банк» ААКынын Улуттук банкка таандык жөнөкөй энчилүү акцияларынын пакетин сатып алары каралган.

Министрлер Кабинети сатып алуучу акциялардын пакетинин баасы рыноктук нарк менен 7 126 432 000 сомду түзөт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар