Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Казакстандын мурдагы маданият министри жемкорлук үчүн да соттолду

11 жылга соттолгон Казакстандын мурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамедиулыга дагы эки иш боюнча кайра өкүм чыкты. Бул тууралуу Астана соту билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мурдагы жетекчи «Дипломат» мейманканасындагы рейдерлик жана «Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы» эл аралык көргөзмөсүн уюштуруудагы жемкорлук үчүн да соттолду.

Жаза мөөнөтү буга чейинки өкүмдөрүнө жараша кайра эсептелип, ошо бойдон 11 жыл деп калтырылды жана ал мамлекеттик кызматка эч качан дайындала албай турганы белгиленди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар