Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

Өзүн-өзү жараткан – Улан Бердибаев

Ар бир адам өз тагдырынын кожоюну деген ырас. Улан Бердибаевди көрүп ушундай ойлойм. Балким, ал деле кай бирөөлөргө окшоп, ден соолук мүмкүнчүлүгүм чектелүү деп олтура берсе, кандай болот эле? Анда деле ата-энеси кирпигине чаң жугузбай багып алмак. Бирок, анда ал дайыма жардам берип жүргөн, мүмкүнчүлүгү чектелген  кичинекейлерге кол сунган адамдар бир кишиге азаймак. Анын кылган ишин, аракетин, ийгилигин, эркин көрүп, суктанган адамдарда Улан аттуу каарман жок болот эле.

Улан 1985-жылы 12-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. 9 айында дарыгерлер ага балдардын церебралдык шал оорусуна чалдыккан деген тыянак чыгарып, 2-топтогу майып деген аныктама берген.

Ата-энеси аны дени сак бала болуп чоңоюп, коомубуздун толук кандуу мүчөсү болуп калышы үчүн колунан келгендин баарын жасашкан. Көп аракеттерден кийин алты жарым жашында майыптар арабасынан бутуна туруп, 7 жашында баса баштаган.

Сүйлөө речинде кыйынчылык болгону менен (өтө жай), жалпы билим берүүчү мектепке кирип, мугалимдери да, классташтары да анын сүйлөгөнүнө акырындап көнүп кетишкен. 2004-жылы орто билим тууралуу аттестат алып, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин Дүйнөлүк тилдер институтунун гуманитардык лицейин  аяктаган. Ал эми 2009-жылы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте экономист кесибине ээ болот.

Арийне, сүйлөө речинин кесепетинен аны эч бир жерде жумушка алган эмес. Бул тууралуу өзү мындай дейт: “Мен сыяктуу адамдардын кайсы бир кесипте иштеп кетиши мүмкүн эмес экен. Анткени, мен муну өз башыман өткөрүп, жон терим менен сездим, көп аракет жасап көрдүм. Тыянак болбогон соң, соода менен алектене баштадым. Адам ар дайым татыктуу жана толук кандуу жашоого аракет кылышы керек. Андыктан, үйдө жатып албайм. Адам ар убакта изденип, өсүп турушу кажет».

Улан учурда иштеп тапкан каражаты менен мүмкүнчүлү чектелген балдарга активдүү жардам берип келет. Ага бир-биринен угуп кайрылган үй-бүлөлөр аз эмес. Азык-түлүк, дары-дармек, башка керектүү буюмдарды жеткирип жүргөн каарманыбыз кайрымдуулук ишти ар бир адам жасай аларын, аны мактаныч катары карабаш керектигин эскертип өттү: “Адамдар сага ишенгенде, анын ишенимин актоого аракеттен. Мен аларга жардам бергим келет жана бул иштерди алар ар дайым биздин өлкөдө өздөрүн толук кандуу, татыктуу, өзү үчүн, үй-бүлөсү жана коом үчүн керектүү адам катары сезиши үчүн жасайм.

Бул адамдар мамлекет берген акчаны  тамактанып, дарыланып, кийим-кече сатып алууга жеткире албайт. Сиз мен сыяктуу адамдарды көчөдө көрөсүзбү? Көрбөйсүз. Анткени, алар үйлөрүнөн чыгышпайт, өз кайгылары менен алышып төрт дубалдын ичинде жатышат. Алар эч кимге кызыгы жок. Кээси алардын турмушуна кызыккандай түр көрсөтөт, чынында андай эмес. Себеби, ошол адамдар биздин жашоону элестете да алышпайт. Кээде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга “эмнеге алар тагдырына моюн сунуп жатышат?” деп ачууланам. Аларды башка чаап жатса да унчукпагандай сезилет. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жумуш менен камсыз болбогон соң, жөлөк пулдар аз болгон үчүн, башкалар берген аз акчаны да кабыл алышат. Мен болсо андай нерсеге чыдабайм», – дейт ал.

Улан Бердибаев спортту жакшы көрөт, жиу-житсу менен машыгып, көк курдун ээси болгон. Аны атасы 8-класста окуп жүргөндө күрөш залына алып барган. Бул спорттун жакшы жагы – коркунучтуу ыкмалар жок. Ошого карабай, манжалары сынып, акыреги чыгып, буттарын оорутуп алган учурлар болгон. Бирок, ал машыгууну уланта берди. Себеби, анын аркасы менен күнүнө эки саат бою бардык көйгөйлөрдү унутуп калат, сергийт. Ал Бишкекте жана Алматыда өткөн төрт турнирге катышып,  дени сак спортчулар менен күрөшкөн. Кээ бир уруштарда жеңишке да жетишкен.

Улан азыр энеси менен жашайт. Атасы Бердибаев Тилек каза болгон күн анын эң оор күнү эле. “Ал мен үлгү туткан чыныгы адам эле. Азыр апамдын жанындамын. Анын кесиби дарыгер, ардактуу эс алууда.  Ата-энем мен үчүн, менин бактылуу адам болуум үчүн болгон аракетин жумшады, көп нерседен баш тартты. Мен аларга ыраазымын”, -деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Каарманыбыз алдына чоң максаттарды коюп, жаштардан түзүлгөн “Эл үмүтү” партиясы менен парламенттик шай-лоого катышкан. Жакшы билгендер аны “мотиватор” деп аташат. Чын эле, анын сөздөрү адамга дем берип, кайратыңды калыптандырат. Көкүрөгүңдү тазалайт. Сөзүмдүн акырында ага айтат элем: Улан, сен күчтүүнүн күчтүүсүсүң, ыракмат сага!

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар