Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Кыргызстан «жашыл» экономикага жана энергетикага өзгөчө көңүл бурат — Амангелдиев

Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев КР коммерциялык банктары тарабынан өнөр жай жана турак жай секторлорунда энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Кыргызстандагы «Жашыл энергияны каржылоо» программасынын (KyrSEFF) жазгы сессиясына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган программа Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылууда.

Кыргызстанда «Жашыл экономиканы каржылоо» программасынын жаңы III фазасы климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жана адаптацияны колдогон, айлана-чөйрөнүн булганышын азайткан жана сууну туруктуу пайдаланууга көмөктөшүүчү жаңы инклюзивдик финансылык продуктыларды киргизүүгө багытталган.

Сессиянын ачылышында Амангелдиев сөз сүйлөп, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына KyrSEFF программасын колдоп, энергияны үнөмдөө боюнча 3 355 долбоорго 55 млн доллардан ашык инвестиция салганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз сөзүндө министр иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз станда жашыл экономиканын алкагында 50 млн доллар жеке секторду колдоого жумшалаарын маалымдады. Ошондой эле өлкөдө экологиялык жактан таза коомдук транспортко, анын ичинде электр автобустарына өтүү саясаты жүргүзүлүп, салттуу энергия булактарынан көз карандылыкты азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү максатында геотермалдык энергияны мындан ары пайдалануу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР коммерциялык банктарынын ортосунда KyrSEFF программасын ишке ашырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар