Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

Миграциядан жабыркаган аялдарды колдоо форуму өттү

Бишкекте Чүй облусунда жашаган миграциядан жабыркаган аялдар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө колдоо көрсөтүү форуму болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

«Бүгүнкү иш-чара, өзгөчө аялдардын миграциядан кайтып келиши жана алардын балдары менен бирге болушу бүгүнкү күндө абдан актуалдуу. Биздин Министрлик бул маселелердин үстүндө иштеп, миграциядагы аялдар өзгөчө орунду ээлеген Миграция саясатынын Концепциясынын иш-чаралар планын ишке ашыруудабыз”, — деди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев.

«Кыргызстанда турмуштук оор кырдаалдарга кабылган энелерди колдоо боюнча мүмкүн болушунча көбүрөөк кызматтардын түзүлүшү, мигрант аялдарды жана алардын балдарын колдоо боюнча кызматтар, жана алар үчүн жумуш орундарынын түзүлүшү абдан маанилүү. Ошондо ата-энелерге балдарын калтырып кетүүсүнүн зарылчылыгы болбойт», — деди Балдардын укугун коргоочулар лигасы» Коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева, КР ЭМУнун башчысы Б. Молдобаева, Чүй облусунда жашаган миграциядан жабыркаган аялдар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун жыйынтыгында өз мекенинде көйгөйлөргө дуушар болгон миграциядан жапа чеккен аялдардын реалдуу учурларынын мисалдарын колдонуу менен алардын мамлекеттик органдар жана бизнес чөйрөсү менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде иштелип чыккан сунуштар жана рекомендациялар түзүлдү. Алар аялдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн үй шартында мүмкүн болушунча оңой реинтеграцияланышына, оор турмуштук кырдаалдарды жеңүүгө жана жаңы кесиптик жана социалдык компетенцияларга ээ болуусуна мүмкүндүк берет.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар