Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт

28-апрелде Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Боршайком Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин арыздарынын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондон кийин мандаттар бош калган.

БШКга № 2 Баткен жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу ниетин билдирген алгачкы арыздар келип түштү. Баткен округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Алимберди Бегматов, Кара-Суу округу боюнча Ганишер Бадалов арыз берди.

БШК эки округ боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктарын эскертти.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар