Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Саламбек НЫШАНАЛИЕВ: “Мамлекеттик бийликтин баасы – жоопкерчиликте”

М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде жогорку билим алып, саясий экономика боюнча мугалимдик кесипке ээ болуп, ал жакта бир нече жыл үзүрлүү иштеп, кийин Кыргызстанга келген аксакал Саламбек НЫШАНАЛИЕВ менен капысынан таанышып калдым. Союз доорунда ЖОЖдордо мугалим, мамлекеттик кызматтарда иштеген, 78 жаштагы каарманыбыз 5 китептин автору. Ал бизге алгачкы кыргыз бийлигинин катачылыгы, мамлекеттик идеология тууралуу баян куруп берди. 

“Менчиктештирүү, “Кыргызпотребсоюзду” жоюу туура эмес болгон”

– Кыргызстан эгемендүүлүктү алардын алдында Болгарияда эки ай окуп калдым. Окуумду аяктап, Москвага учуп келе жатсам радиодон Аскар Акаев Кыргызстандын президенти болуп шайланды деп калышты. 1991-жылы болгарлар келип Кыргызстанда кыргыз-болгар менеджмент институтун ачышты. Ошол кезде мен шаар, райондорго барып менчиктештирүү боюнча лекцияларды окуп жүрдүм. Менчиктештирүү демекчи, чет өлкөлөрдө экономиканын 60-70 пайызы жеке секторго карайт. Көп мамлекеттерде экономиканын 15-20 пайызы гана мамлекетке таандык. Американын көрсөтмөсү менен Акаев мамлекеттик экономиканы жеке менчикке өткөрөбүз деп ПЕСАК программасын кабыл алган. Аны ишке ашырууну ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагуловго тапшырды. Ошондо кыргыз бийлиги завод, фабрикаларды, колхоз, сов-хоздорду жеке менчикке эптеп таркатсак эле калганын эл өзү алып кетет деген ойдо болгон. Бирок, эл ага даяр эмес болуп чыкты да. Акаевдин эң негизги катачылыгы ушул болду. Анан 36 завод ошол программага туш келип, бир-эки ишканадан башкасынын баары таланып, сатылып, талкаланып кетти. Ошол жерде иштеген орустар ишсиз калып, көбү Россияга, башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Кыскасы, көзөмөлдүн жоктугунан, А.Акаевдин жоопкерчиликсиздигинен улам экономикабыз кыйрады.

Анысы аз келгенсип коллективдүү менчик болгон “Кыргызпотребсоюзду” таркатып жиберишти. 1926-жылдан баштап пайлар чогулуп отуруп 1995-жылга карата бул мекеменин байлыгы 1 млрд. доллардан ашык болгон. Негизи мыйзам боюнча пайщиктердин съезди өткөрүлүп, ошол жерде аны жоюу, башка мекемеге өзгөртүү чечилиши керек болчу. Булар андай кылбай Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисин комиссия төрагасы кылып, жалган документ менен Кооперативдер ассоциациясын түзүштү. Анан “Кыргызпотребсоюздун” 1926-жылдан бери колдонуп келген ОКПО кодун жаңы түзүлгөн ассоциацияга берип коюшту. А мыйзам боюнча ишкана жоюлганда ал ОКПО коду менен кошо жоюлушу керек. Ошол себептен азыркыга чейин “Кыргызпотребсоюз” жоюлган ишкананын тизмесинде жок. Айрымдар азыр да бул боюнча ар жерде арызданып жүрөт. Бир жылы алар суранышканынан “Кыргызпотребсоюзу пора возвращаться” деген макала жазгам. Кыскасы, кыргыз экономикасынын талкаланышына А.Акаев, К.Бакиевдин “салымы” чоң.

“Бийлик жоопкерчилиги мыйзамга ылайыкталышы керек”

– Саясий экономика боюнча адис катары айтсам, мамлекеттик бийликтин наркы, баасы бар. Анын баасы жоопкерчиликте. Канчалык жоопкерчилик бийик болсо, ийгилик ошончолук болот. Эгер мамлекеттик бийликтин жоопкерчилиги жок болсо ал элин итке мингизет. Өнүккөн мамлекеттерде бийлик жоопкерчилиги мыйзамга ылайыкталган, мыйзам системасы бар. Бизде да бийлик жоопкерчилиги мыйзам системасы менен ылайыкталса мамлекет келечектүү болот. Башкача айтканда, бийликтегилердин айтканын эмес, мыйзамдын айтканын кылсак өнүгөбүз.

Албетте, азыркы бийлик көп нерсени оңдоп койду. Бирок, бийлик деген түбөлүктүү нерсе эмес. Эртең Садыр Нургожоевич кетет, башкасы келет. Ошого чейин эл мыйзам менен жашап, мыйзам менен башкарылганга көнүп калса, жакшы. Болбосо, азыр чек ара ачык. Акылдуу жаштар, билимдүү кадрлар акырындап сыртка агып, Кыргызстан өнүкпөй кала берет.

«Мамлекеттик күчтүү идеология болуш керек»

– Бизде демократия, эркиндик бар. Бирок, азыр кыргыз мамлекетинин келечегине багыт ала турган мамлекеттик саясат, идеология аксап жатат. Аны мамлекеттик катчы жүргүзөт деп жүрүшөт. Мындай чоң ишти ал жалгыз ишке ашыра албайт. Ал үчүн анын жер-жерлерде мыйзамдуу кызматкерлери, колу, буту, көзү болушу керек. Мамлекеттик идеологияны жүргүзүш үчүн талап, жоопкерчилик, кубаттуу аппарат болушу керек. Жөн эле оозеки айтып коюу идеология эмес.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар