Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: жогорку деңгээлде өткөн мелдештер

   13-сентябрда Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Ага 80ден ашык мамлекеттен 2500дөн ашык спортчу катышты. Эң көп спортчулар Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Венгрия, Монголия жана Орусия өлкөлөрүнөн келишти. Кыргызстандан 253 спортчу катышып, спорттун 21 түрүнөн күч сынашты.
Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Грекиянын курамасы жол баштап чыкса, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында демилгечи катары Кыргызстандын командасы биринчи чыкканы салтка айланып баратканы да жакшы жөрөлгө болуп калды.

Биздин демилгенин кадыр-баркы улам жогорулоодо

Өзөгү улуттук оюндарды камтыган эл аралык деңгээлдеги ири иш-чараны Кыргыз Республикасы 10 жыл мурда демилгелеп, өзү үч ирет өткөрүп, төртүнчүсү Түркияда уюштурулган. Бул ирет Казакстан жогорку деңгээлде өткөргөнү менен оюндар коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ачылыш аземинде белгилегендей,  бул иш-чара көчмөндөрдүн мурастарын, рухун, каада-салтын, маданиятын даңазалап, көчмөндөр Батыш менен Чыгыштын ортосунда көпүрө болуп, маданияттардын жакындашына салым кошуп, оюндарды баштаган Кыргызстандын демилгеси эл аралык деңгээлде көчмөндөр олимпиадасы катары таанылды.

Мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана  спорт комплекстерде уюштурулуп,  жеңүүчүлөргө 97 комплект медаль ыйгарылды.  Командалык эсепте биринчи орунду оюн ээлери Казакстан ээлесе, экинчи орунду Кыргызстандын улуттук курама командасы камсыз кылды. Кыргызстандык спортчулар 19 алтын, 21 күмүш, 25 коло медаль, жалпы 65 байге утуп келишти. Үчүнчү орунду өзбекстандык спортчулар ээлеп,  алар 11 алтын, 12 күмүш, 11 коло байгелүү болушту. Россиянын курама командасы төртүнчү катарга илинип, алар 11 алтын, 10 күмүш, 25 коло медаль утуп алышты. Түркия – бешинчи, Иран – алтынчы орунга илинди.

Чынында,  көчмөндөр оюндарынын масштабы кеңейгенине катышкан өлкөлөрдүн саны мисал боло алат. Айталы, биринчи I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 19 мамлекеттен 500дөй киши келсе, II оюндарга 60тай мамлекеттен 1000дей спортчу катышкан. Үчүнчү оюндарда да мындан бир аз ашып, Түркияда өткөн төртүнчү оюндарда 100дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Казакстандагы катышкан өлкөлөр да 89 экенин айтсак жетиштүү болот.

Бириккен Улуттар Уюмунда 193 мамлекет мүчө жана 2 мамлекет байкоочу экенин эске алганда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дээрлик дүйнөнүн жарымынан ашык мамлекеттердин башын бириктирди десек  жарашат.

Эстафетаны кайрадан Кыргызстан алды

2026-жылы VI Дүй­нөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Кыргызстан кайрадан өзүнө алды. Баса, бул оюндардын демилгечиси ким экени да талаш жаратып калды.

Коомдук ишмер Асхат Акибаев: – Бул оюндарды баштап, демилге көтөрүп жатканда бир гана максат бар болчу – Олимпиада оюндарына альтернатива жасоо эле. Себеби, ал жана башка эл аралык оюндар саясатташып, коммерциялашып, дүйнө калкын тажата баштагандай пикир жараткан эле. Акыркы Олимпиада оюндары спорт ансайын саясий курал болуп калганын, айрым өлкөлөргө санкция салынгандыктан өз желеги менен катыша албай калганын көрсөттү. Мына ушунун баарын эске алып, бизге окшогон каражаты аз мамлекеттер үчүн олимпиадалык спорт түрлөрүнүн башаты улуттук оюндар экенин далилдөө максатында өзүнчө этноспорт боюнча оюндарды өткөрүүнү демилге кылган элем. Дүйнөдө этноспорт менен кесип катары машыгып жаткан 500дөн ашык федерация бар экен, мына ошолордун эле башын бириктирсек болорун түшүнүп, көчмөндөр оюндары мына ушинтип башталган эле. Кадимки спорттун технологияларын, брендинг, маркетинг, менежмент, калыстар жана башкаларын этноспортко ыңгайлаштырдык. Алгачкы оюндар фестиваль багыты менен өтүп, улам таасири артып, дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүп калды. Ушундай темп, ыргак менен уланса көчмөндөр оюндары Олимпиаданын деңгээлине жетип калышы ыктымал, – деди.

Бирок, кеп анда деле эмес. Эң башкысы, Кыргызстандын демилгеси колдоо таап, эл аралык масштабдагы ири спорттук иш-чарага айланганында.

Көкпар чыры эки элдин ынтымагын ыдырата албайт

“Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, учурда көкпар же жер улак оюнунан чыккан чырдан улам социалдык тармактарда жана ЖМКларда талаш-тартыштар жаралып кетти. Ошентсе да көп миңдеген казак күйөрмандары кыргызды сыйлап, кыргызды боорум деп турганы талашсыз. Бул чырлуу оюндан кийин казак элинде “дурус болбой калды”, “уят эле болдук”, “Мындай жеңиштин кимге кереги бар эле?” деп калыс сөзүн кашкайта айткандар четтен чыгып жатат. Ал тургай түбү тууган эл экенибизди айтып, кечирим сурагандар аз эмес болууда.

Эки элде илгертен бери куда-сөөк, тууган, дос күткөндөр канча? Ошого карабай, айрым кандаштарыбыздын чырлуу оюндан кийин мүлдө казак журтуна акарат келтирип, ашата сөгүп эки элдин ынтымагына доо кетирип жатканы  туура эмес.

Бир тентектин айынан эки элдин ынтымагына доо кетирбей, эки элдин ортосундагы көрүнбөгөн көпүрөлөрдү өрттөп жиберүүдөн алыс жана калыс, айкөл бололу.

“Түбү тууган түтүшпөйт” дегендей, түрк тектүүлөрдүн бирдигине көчмөндөр оюндары данакер болуп, ынтымагы дагы бекемдей берсин дейли.

Кабыл МАКЕШОВ,
спорттук баяндамачы, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар