Бишкектин Кара-Дарыя көчөсүндө жол оңдоого тоскоол болгон объектилер демонтаждалды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Кара-Дарыя көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейимнки бөлүгүндө 69 объект демонтаждалып, 3850 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган.
Алар:
— 13 капиталдык имараттар;
— 6 жеке үйлөрдүн темир тосмолору;
— 2 унаа токтотуучу жай;
— 1 кафе;
— чарбалык объектилердин 7 темир-бетон тосмолору;
— 39 жеңил конструкция жана контейнер.