whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүКыргыз улуттук университетинде Түрк мурастарынын борбору ачылды

Кыргыз улуттук университетинде Түрк мурастарынын борбору ачылды

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Түрк мурастарынын борбору ачылды.

Борбордун жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев билдиргендей, борбор археология, тарых, этнография, фольклор, түрк тилдери жана адабияты боюнча иш алып барат.

Ошондой эле борбордун тарыхый-маданий объекттерди жана материалдык эмес мурастарды коргоого жана изилдөөгө багытталган программаларга колдоо көрсөтүүсү пландалууда.

“2022-2023-жылдары Кыргызстандын Азербайжадагы элчилиги тарабынан Түрк маданияты жана мурастары эл аралык фондусу менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча маселе каралган. Кол коюлган меморандумга ылайык, сентябрь айынын башында Түрк мурастарынын борбору ачылды. Борбордун ишмердүүлүгү түрк элдеринин маданиятын өз ара байытууга, каада-салттарды билүүгө жана достук байланыштарды чыңдоо максатында көздөйт”, — деди Осмоналиев.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар