Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Нарында маданият кызматкерлери 1,5 млн. сомду кымырып алган

Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1,5 млн. сомду ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маданият кызматкерлери көптөн бери өздөрүнө «аванс» түрүндө акча жазып келишкени, бирок ал айлык акыларынан кармалбай келгени аныкталды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бухгалтердик текшерүү дайындалып, анын жыйынтыгында келтирилген зыяндын суммасы 1 млн. 588 миң сомду түзгөн.

Мындан улам суракка алынган Т.Ы., Ж.Т., А.А., Р.М., А.М., Р.Б. жана Г.А. жогоруда көрсөтүлгөн суммадагы акчаны ыйгарып алганын моюнуна алып, келтирилген зыяндын белгиленген өлчөмүн толугу менен толтурган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар