Ош шаарынын борбордук А.Сүйүнбаев атындагы стадионунун отургучтарынын үстүн жабуу иштери дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны менен бирге стадиондун кире беришине таман таштар төшөлүп, жарыктандыруусу жана чуркоо аянтчасы, гибриддик футбол талаасы эл аралык талаптарга ылайык келтирилет.