Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

Дарыгер Асылкан ЭРКЕБАЕВА: “Кош бойлуу аялдар кызамык менен ооруса, бала майып болуп төрөлөт”

КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына таянсак, өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны ай сайын төмөндөп жатат. 1-августтан 12-августка чейин өлкөдө кызамыктын 78 учуру катталды. Салыштыруу үчүн айтсак, июль айында 828, ал эми июнда 1257 учур катталган. “Бул көрсөткүч жакшы, бирок, кызамыктын алдын алууну, эмдөө жүргүзүүнү солгундатпашыбыз керек”,- дейт №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Асылкан Эркебаева. Ал кызамык боюнча төмөндөгү маалыматтары менен бөлүштү.

Кызамык – жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2-10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16-21 күн. Кызамык абдан тез тарайт. Ошондуктан, ооруну жугузуп алган балдар бала бакчага, мектепке барса оорунун жайылышына алып келиши мүмкүн. 2024-жылдын 8 айында №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 366 учурду каттады.

Кызамыктын белгилерин байкасаңыз…

Эгерде сиз балаңыздын кызамык менен ооруп калганын байкасаңыз (белгилери: сасык тумоонун белгилерине окшош, алсырайт, табити жоголот, муруну бүтөт, кургак жөтөл, көздүн кызарышы жана бет, моюнда бүдүрчөлөр пайда болуп бүт денеге жайылат), анда жашаган жериңиз боюнча поликлиникага кайрылып, медициналык жардам чакырыңыз. Өз алдыңызча бейтапканага алып барбаңыз. Сөзсүз медицина кызматкерин күтүңүз. Дарыгер келгенге чейин башка адамдар менен байланышты чектеп, бөлмөнү тез – тез желдетип, нымдуу тазалоо керек.

Кантип коргонуу керек?

Оорууну алдын алуунун эң ишенимдүү жолу – эмдөө ыкмасы болуп саналат. Кызамыкка каршы эмдөөдөн 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы бардык балдар өтүүгө тийиш. Эмдөө эки ирет жасалат. Алгачкысы — 12-15 айында. Кийин бала мектепке барар алдында, тагыраак, алты жашында кайра кайталанат. Эгер кандайдыр бир себептерден улам кичине чагында эмдөө жүргүзүлбөй калса, кайсы куракта болбосун, эмдөө жасала берет. Ошондой эле, кызамык курч жүрүп жаткан учурда, кошумча эмдөө алуу сунуштайбыз. Ал эми биздин аймак боюнча айтсак, жалпы 1740 адамга эмдөө жүргүздүк.

Эмдөөдөн кийин баланын абалына көз салып туруу зарыл

Ал эми эмдөө жасалгандан кийин, медициналык мекеменин жанында 30 мүнөт сейилдеп, үйгө барганда баланын абалына көз салып туруу керек. Айрым учурда эмдөөдөн кийин 2-3 күн бала ыйлап, ийне сайган жерин кармалашы мүмкүн. Кызарып, ооруксунат. Бирок, бул өтүп кете турган реакциялар. Ошондуктан, өз алдынча дарылоого болбойт. Мисалы, сезгенүүнү жоюу үчүн ал жерге компресс тартып же майларды сыйпоого таптакыр болбойт. Эгер дене табы көтөрүлсө, дарыгер сунуштаган дене табын түшүрүүчү дарыларын берип, суюктукту көп өлчөмдө ичирүү зарыл.

Түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз

Кызамык вирусу боюнча абал жакшырганы менен азыр деле Бишкек шаарында катталып жатат. Балдар жана чоңдор арасында кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон кала берүүдө. Мисалы, биздин аймакта  жыл башынан бери эмдөөдөн баш тарткан 766 учур катталды.

Республикалык иммунопрофилактика борбору өлкөнүн бардык аймактарында медициналык кызматкерлер үчүн тренингдерди өткөрүп келет. Анда эмдөөнүн этаптары,адамдардын коопсуздугу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу маалыматтар берилет. Биз тренингдерге дайым катышып, алган маалыматтарды башкалар менен бөлүшүп, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз.

Кызамык канчалык кооптуу

Оору өтүшүп кетсе, бронхит, пневмония, менингоэнцефалит (баш мээнин жана жүлүндүн сырткы кабыгынын сезгениши), отит ж.б. оорулар келип чыгышы мүмкүн. Баланын сокур болуп же начар угуп калуу коркунучу бар. Оор учурлар өлүм менен аякташы мүмкүн.

Кош бойлуулар үчүн коркунуч бар

Кызамык менен кош бойлуу аялдардын ооруп калышы абдан коркунучтуу. Айрыкча кош бойлуулуктун алгачкы үч айында ооруп калса, оору козгогучтар кан менен түйүлдүккө өтүп, бала майып болуп төрөлүп калышы мүмкүн. Ал эми кош бойлуулуктун акыркы айларында ооруга кабылса, ичтеги балада анемия жаралып, ички органдары жабыркайт. Андыктан, кош бойлуулар кызамыкты жуктуруп алуудан сак болушу керек.

Адатта көпчүлүк адамдар кызамык (корь) менен кызылча (кроснуха) оорусун бир деп ойлошот жана айырмасын ажыратып биле беришпейт. Бирок, бул эки башка оору. Аларды алмаштырбоо кажет.

Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар