Быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө туура 100 жыл толот. Бул юбилейлик датаны утурлай Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын капитаны Жээнбеков Бексултан жана анын жубайы тергөөчү, милициянын капитаны Курманбекова Саламат менен маектештик. Биздин каармандарыбыз бир үйдөн эки киши бир тармакта иштегенинин жакшы жактарын жана ыңгайсыздыктарын айтып беришти.
– Алгач өзүңүздөрдү кыскача тааныштыра кетсеңиздер?
Бексултан: Мен, Талас облусунун Бакай-Ата районунан болом. 2014-жылы ИИМдин академиясына тапшыргам.
Саламат: Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Ильич айылынан болом. Учурда 26 жаштамын, эки баланын энесимин.
– Бул кесипке кантип келип калдыңыздар эле же үй-бүлөдө укук коргоо органдарында иштеген адамдар барбы?
Бексултан: Бул кесипти тандап калышыма атамдын милиция кызматкери болгону түрткү берди. Атамдын дайыма милиция формасын кийип жүргөнүн көрүп чоңойгондуктан, жаштайымдан эле милиция кызматкери болом дейт элем.
Саламат: Биздин айылда милицияда иштегендер жокко эсе, мен биздин айылдан чыккан биринчи погончон айым болоюн деп чечим чыгаргам. Ата-энемдин колдоосу менен 2015-жылы ИИМдин академиясына тапшыргам. 4 жыл окуган соң, Аламүдүн РИИБине жумушка орношком.
– Эң алгачкы жумушка чыккан күнүңүздөр жөнүндө айтып берсеңиздер?
Бексултан: 2018-жылы ИИМ академиясын аяктап, Таласка бардык. Бакай-Ата райондук ИИБине Жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча бөлүмүнө инспектор болуп ишке орношуп, ошол жерден менин биринчи иш күнүм башталган. Мен милицияга ишке кирген күнү атам ардактуу эс алууга чыккан.
Саламат: Окууну аяктаган соң, бизге лейтенант наамын берип, Чүй ОИИБине жиберишти. Ал жерден Аламүдүн РИИБинин Тергөө кызматына бөлүнүп, анан ушул жакта иштеп калгам.
– Сиздер кантип, кай жерде таанышып калдыңыздар эле?
Бексултан: Келинчегим экөөбүз академияда окуп жүргөндө 2015-жылы танышканбыз. Менин ата-энем Бишкек шаарында турушат, мен Таластан мектепти бүткөнүм үчүн ал жакта бир жыл иштеп келишим керек болчу. Ошентип, бир жылдан кийин Аламүдүн РИИБине которулуп келгем.
– Өзүңүздүн кесиптешиңизге баш кошуу ниетин билдиргениңизде үйүңүздөгүлөр кандай кабыл алышкан?
Бексултан: Үйдөгүлөр жакшы кабыл алышкан. Анткени экөөңөр тең бир кесипте иштесеңер бири-бириңерди колдоп турасыңар деп айтышкан.
Саламат: Мен 2015-жылы окууга тапшырганда 16 жашта болчумун. Министрден уруксат алып, окууга тапшыргам, 17 жашымда Бексултан менен таанышып калгам. Ата-энем Бексултанды мурда көрүп, сырттан таанышат болчу. Мен окууну бүткөн жылы ата-энелерибиз таанышып, андан көп өтпөй баш кошконбуз.
– Экөөңүздөр бир кесипти аркалаганыңыздардын кандай жакшы жактары жана ыңгайсыздыктары бар?
Бексултан: Жакшы жагы бири-бирибизди түшүнүү менен кабыл алабыз. Эгер бири органда иштеп, экинчиси башка чөйрөдө иштесе ортодо түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Ал эми бизде андай нерсе жок, жумушка чогуу келип кетебиз.
Ыңгайсыздыктарын айтсам, биз экөөбүз тең кечке жумушта болгондуктан, жакшылык-жамандыкта туугандар менен катташа албай калабыз.
Саламат: Экөөбүз тең орган адамы болгонубуздун минус жагы -балдарыбызды көрбөйбүз. Алар уктап жатканда жумушка кетип, кайра алар уктап калганда үйгө барабыз. Тергөөдө болгонум үчүн кээде суткалап жумушта калган учурларым болот.
– Балдарды тарбиялаганга чынында убакыт бөлүү өтө кыйын. Биз бош убакыт болсо эле балдарды эркелетип эле кучактап отуруп калабыз. Алардын тарбиясына чоң атасы менен чоң энеси карап жатат. Атасы экөөбүз ошондуктан жумушта кеңири жүрөбүз.
– “Бир үйдөн бир кызматкер иштесе болот, сен башка эле жумуш кылбайсыңбы?” – деп аялыңызга айткан учуруңуз болгонбу?
Бексултан: Кечээ жакында эле ушул маселени үйгө баратып талкуулап кеттик. Бирибиз органдан кетип, башка багытта иштеп, балдарга да кичине көңүл бөлөлү деп жатабыз. Бирок, азыркы учурда так бир чечимге келе элекпиз.
– Кызмат учурундагы кызыктуу окуяларыңыздан айтып бербейсиздерби?
Бексултан: Курсант кезимде Свердлов РИИБинде Оор кылмыштар менен иштөө бөлүмүндө практикада жүргөн кезим. Шаардагы батирлердин биринде өлгөн адамдын жыты чыгып жатат деп кабар түштү. Гоголь көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бирине бардык, эшикти такылдатсак эч ким ачкан жок. Чынында жыт сыртка чейин чыгып жатты. ӨКМ кызматкерлерин чакырдык, алар эшикти ачып беришти. Орус улутундагы кары киши экен өлүп калыптыр. Жайдын күнү болчу, анын денеси чирип кетиптир. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу денеси чирип кеткен өлүктү көргөм.
Салтанат: Кезметте турган болчубуз, бир даректе эркек киши суицид кылам деп жатат деген маалымат түштү. Биз жетип барганча ал мойнун кесип, керебетте жатыптыр. Аны тез жардам кызматына өткөрүп берээрде ошол үйдүн ээси менен жарандык никеде жашаганын, үй-бүлөлүк чырдан улам, аны өлтүрүп, үйдүн короосуна көмүп койгонун айтууга жетишиптир. Айткан жерин казганда аялдын сөөгү чыккан. Ал аябай сасып кеткен экен, мен сөөктүн жанына барууга батына албай койгом.
– Кайын-журтта кандай күйөө бала, кандай келинсиз?
Бексултан: Жумушка байланыштуу кайын журтка барууга убакыт деле болбойт. 3-4 айда бир барабыз, барган учурда алар жакшы сыйлап тосуп алышат. Анчалык эле каада-салтты кармана бербейбиз, жакшылык -жамандыкта колдон келишинче катташып турабыз. Негизинен кайын-журт менен сый мамиледемин.
Салтанат: Кайын-журтта башка келиндердей эле кызмат кылам. Бирок, менин кайын-журтум заманбап адамдар десем болот. Бардык нерсеге түшүнүү менен мамиле кылышат, үйдө жоолук салынбай, шым кийип жүрө берем. Чоң атабыз келгенде сөзсүз жоолук салынам.
Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”