Бир кездери окурмандар толуп турган китепканалар бүгүнкү күнү ээнсиреп калды. Убагында студенттер окууга даярданганда китепканада керелден-кечке отурушчу эле. Азыр болсо интернеттен баарын табууга болот, андыктан китепканага азыркы жаштар каттабайт.
Чындыгында биздин аталарыбыз адабий китептерди көп окугандыгы үчүн алардын сөз байлыгы кенен болчу. Архаизм сөздөрдү, макал-лакаптарды кошуп сүйлөп, ыңгайына жараша какшык сөздөрдү колдонушчу. Азыркы “Z” муундун балдарына архаизм сөздөрдү айтсаң, кыргыз тилинде мындай сөз жок деп чыгышат. Алар үчүн ата-бабаларыбыз колдонгон эски сөздөр өөн учурайт.
Төлөгөн Касымбековдун, Саткын Сасыкбаевдин, Аман Сатпаевдин чыгармаларын окуган жаштар саналуу эле болсо керек. Биз айрым инсандардан азыркы жаштар эмне үчүн китеп окубай калды, өзүңүз акыркы жолу кайсы китепти окудуңуз? – деген суроо менен кайрылдык.
Бейшенаалы КАСЫМБЕК уулу, дыйкан: “Аудио китептерди угуп турам”
Азыр интернет өнүккөн заманда китеп окугандардын саны аз экени чындык. Бардык нерсе интернетте болгону менен уккандан көрө окуганда адамдын эсинде көп нерсе калат. Албетте, шартка байланыштуу дайыма эле китеп окууга мүмкүнчүлүк боло бербейт. Дыйканчылык менен алектенгеним үчүн күнүмдүн көпчүлүк бөлүгү талаада өтөт. Ошентсе да, аудио китептерди угуп турам. Китептин өзүн окуганга жетпейт, бирок, такыр окубагандан көрө жок дегенде угуп койгон деле жакшы.
Бегимай КЕРИМОВА, ЖОЖ мугалими: “Бир жылда көп китеп окуп, өзүм үчүн рекорд жаратам деген китептин ышкыбоздору да бар”
Көпчүлүк жаштар китеп окубайт деп ойлойбуз, балким, алар китеп окуйттур. Анткени, мен өзүмдүн студенттеримден байкайм, алардын ичинде китеп окугандары, окубагандары бар. Көбүнчөсү электрондук китептерди окушат, аудио китептерди угушат. Бирок, колуна китеп кармап бараткан жаштарды көп көрбөйбүз. Себеби, китептен алчу маалыматтардын көбүн интернеттен табышат. Бул технологиялар өнүгүп, жаштардын аң-сезими ошого ылайыкташып калганы десек болот. Анан албетте, көбүнчө китепканага барып, изденип китеп окуган жаштар жылдан-жылга азайып баратканы чындык. Технологиялардын өнүгүшү менен жаштардын аң-сезими узун нерселерди эмес, кысканы кабыл алып калды. Бул дегени китептин бир бетиндеги маалыматты окуп чыккандан көрө интернеттен ошол эле маалыматты эки сап менен түшүнүп алышат. Университетте сабак өткөндө китептердин авторлорун беребиз, интернеттен же китепканадан таап окушат. Бирок, бир тайпада 25-30 студент болсо, анын ичинен 5-6 эле бала китепканага барып, китепти таап окуганын көрүп жүрөм. Арасында бир жылда көп китеп окуп, өзүм үчүн рекорд жаратам деген китеп ышкыбоздору да бар.
Ал эми өзүм жөнүндө айтсам жумушка байланыштуу көп эле китептерди окуйбуз, ал эми адабий китептерди окуганга убакыт боло бербейт.
Абдывахап НУРБАЕВ, ЖКнын мурдагы депутаты: “Жаңы басылып чыккан китептердин айылдарга жетпей жатышы себеп болушу мүмкүн”
Китепти аудио форматында укканга караганда, окуганда адамдын эсинде көбүрөөк калат. Ал эми жаштардын китеп окубай калышына алыскы аймактарга жаңы басылып чыккан китептердин жетпей жатышы бир себеп болушу мүмкүн. Ал эми өзүм акыркы жолу Брайан Трейсинин “Таасирдүү адамдардын 10 сапаты” деген китебин окуп чыктым. Бул китепти окуп чыгууну бардык китеп сүйүүчүлөрүнө сунуштайт элем.
Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”