УКМК Бишкектеги Биринчи май районундагы эки «опер» кызматкерин кармады. Алар мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча шектелүүдө.
Атайын кызмат аталган кылмышка Биринчи май РИИБинин 5-шаардык милиция бөлүмүнүн башка да кызматкерлеринин тиешеси болушу мүмкүн экенин айтып, тактоо иштери уланып жатканын билдирди.