Четверг, 26 декабря, 2024
-11.9 C
Бишкек

Кыргызстан менен Франциянын маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташтыгы талкууланды

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Феай менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Тараптар маданий-билим берүү долбоорлорун колдоого, искусство жана маданият тармагында тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууга багытталган эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар бул багыттар боюнча кызматташуу оң натыйжаларды берип, достук мамилелердин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар