2024-жылы Кыргызстандын авиациясынын тарыхында өзгөчө орду бар — авиация генерал-майору Кубанычбек Кудашевич Орузбаевдин 75 жылдык юбилейи белгиленүүдө.
Өз өмүрүнүн 40 жылдан ашуун убактысын СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Аскер-аба күчтөрүнө арнаган Кубанычбек Кудашевич, өлкөнүн авиация тармагынын түптөлүшүндө жана өнүгүүсүндө эмгек сиңирген инсан.
Ал Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн алгачкы түзүүчүлөрүнүн катарына кирген көрүнүктүү аскер жетекчилеринин бири болуп саналат.
Кубанычбек Орузбаевдин аскердик билими да таасирдүү. 1967-жылы Кавказ Кызыл Туу ордендүү Суворов аскердик окуу жайын алтын медаль жана англис тили боюнча аскердик котормочу дипломун алып аяктаган. Андан кийин 1972-жылы Киевдеги жогорку инженердик-авиациялык аскердик окуу жайын артыкчылык менен бүтүргөн. 1978-жылы ошол эле окуу жайда адъюнктураны аяктап, 1980-жылы «техникалык илимдердин кандидаты» даражасын алган. 1986-жылы болсо ага «доцент» деген илимий наам берилген. Анын авиациядагы жетекчилик жолу кеңири географиялык аймактарды камтып, Йеменден Афганистанга чейин кызмат өтөгөн.
Авиация тармагында ар дайым бааланган сапаттар – бул ишине берилгендик, кайраттуулук жана кыйынчылыктарда тез жана туура чечим кабыл алуу. Генерал Кубанычбек Орузбаев мына ушул касиеттери менен өзгөчөлөнүп келет. Кесиптештери жана кол алдында иштеген кызматкерлер аны ар дайым жогорку деңгээлдеги адис жана так жетекчи катары таанып келишкен. Анын авиациядагы көп жылдык эмгеги ар түрдүү мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктар менен бааланган. Ал КМШнын Коргоо министрлер кеңешинин «Аскердик кызматташтыкты бекемдегени үчүн» белгисине жана 14 медалга татыктуу болгон.
Генерал Орузбаевдин Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын өнүгүүсүнө кошкон салымы да өзгөчө мааниге ээ. Ал 1993-жылдан 1996-жылга чейин Кыргызстандын Улуттук авиакомпаниясын жетектеп, анын жетекчилиги алдында биринчи эл аралык аба каттамдары ачылган. Ошондой эле анын демилгеси менен ИЛ-76 жана ТУ-154М учактары сатып алынып, «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо долбоору иштелип чыгып, Япония өкмөтүнөн жеңилдетилген насыя алынган.
Учурда Кубанычбек Орузбаев авиа-ция адистерин даярдоо жана бул жааттагы кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу иштерине өзгөчө көңүл бурууда. Ал И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен тыгыз байланышта болуп, студенттер менен өзүнүн бай тажрыйбасын жана терең билимдерин бөлүшүп келет. Жаш муундарга болгон анын колдоосу жана насааты авиация тармагында көптөгөн ийгиликтүү адистердин калыптанышына чоң өбөлгө болууда.
Урматтуу Кубанычбек Кудашевич, Сиздин Кыргызстандын жарандык авиациясынын өнүгүүсүнө кошкон салымыңыз жана авиация адистерин даярдоого болгон көмөгүңүз баа жеткис. Сизге бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайбыз!
У.Э. КУРМАНОВ, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директору, техникалык илимдеринин кандидаты, доцент