Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

Токтогул райондук ЖДПБнун директору Динара МЕРГЕНТАЕВА: “1975-жылы Токтогулда алгачкы оорукана ачылган”

Жергиликтүү калктын саламаттыгына кам көрүүдө медициналык борборлордун жасап жаткан иштери алкоого аларлык. Токтогул райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ишмердиги тууралуу аталган борбордун директору Динара Мергентаева менен болгон маекти окурмандарга сунуштайбыз. 

-Динара Мамиржановна, Токтогул районунун борборунда алгачкы оорукана кайсы жылы ачылды эле?

– Токтогул ГЭСинин курулушуна байланыштуу, райондун көпчүлүк айылдары ата конушун таштап, тоо этектеп көчүп чыгууга мажбур болушкан. Райондун борбору да жаңы жерге көчүрүлүп чыгарылган. 1975-жылы райондун борборуна 135 койкалык жаңы оорукананын типтүү комплекси жана 250 бейтапты кабыл ала турган бейтапканалык корпус ачылып, медициналык аспаптар, аппаратуралар жана эмеректер менен жабдылган.

Райондун эң алыскы Толук айылына өз каражаттарынын эсебинен жаны оорукана үчүн имарат курулуп, оорукана 50 орунга чейин кеңейтилген. 1979-жылы Терек-Суу айылында 2 кабаттуу имарат оорукана ачылган. Ошол эле жылы Торкен айылына типтүү айылдык амбулаториянын имараты курулуп пайдаланууга берилген. Ошол жылдары ар бир совхоздо кеңсе үчүн курулган эки кабаттуу имараттар райондун жетекчилиги тарабынан медицина мекемеси үчүн алынып берилип, бардык совхоздордун аймагында врачтык амбулаториялар ачылып, ар бир айылда врачтар иштеп баштаган. Мындай саамалык жер-жерлерде элди медициналык жактан тейлөөнүн сапатын жакшыртууга шарт түзгөн.

– Эгемендүүлүк жылдарында ачылган ҮДТлардын ишмердиги тууралуу айтып берсеңиз?

– Эгемендүүлүк жылдарынан баштап медициналык тейлөөнүн жаңы ыкмасы катары үй-бүлөлүк тейлөө жолу киргизилип, медициналык кызматкерлерди, (врачтар, медайымдар) атайын даярдыктан жеринде окутуу иштери башталган.

Райондун калкын тейлөөгө үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (ҮДТ) ачылып, медициналык кадрлар менен камсыз болушкан жана алардын иш алып баруусуна жетишээр-лик шарттар түзүлүп берилген. Кийинки эле жылдардын ичинде ар бир ҮДТнын имараттары, демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңыдан курулуп, шарттары менен пайдаланууга берилген. Көпчүлүк ҮДТларда күндүзү жатып дарылануучу бөлмөлөр ачылып, анда атайын даярдыктан өткөн медайымдар иштеп, жергиликтүү эл аз жашаган аймактарда керектүү жардамдарды алууга шарттар түзүлгөн. Ар бир ҮДТлардын ишмердигинин сапаты райондук ЖДПБнун жетекчилигинин тыкыр көзөмөлүндө турат.

– Токтогул районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда канча дарыгер эмгектенет?

– Бүгүнкү күндө Токтогул районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жалпысынан 654 кызматкер иштейт. Алардын ичинен айыл жергесинде – 162, стационардык бөлүмдө – 209, клиника бөлүмүндө – 106, администрация бөлүмүндө – 22, техникалык жана тейлөө кызматында 155 кызматкер эмгектенишет.

Токтогул райондук ЖДПБда  бардыгы болуп –186 орундуу жатып дарылануучу бөлүмдөрдө элдин ден соолугу үчүн кам көргөн жогорку билимдүү 75 дарыгер, 180 орто билимдүү медкызматкерлер тынымсыз эмгектенишип, элге медициналык кызмат көрсөтүп келишүүдө. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген 2 дарыгери жана жогорку категориядагы 9 дарыгер эмгектенүүдө.

–Сиз жетектеген борбордо дарыгерлер жетиштүү элеби?

– Кадр маселесинде буга чейин жетишпестиктер болуп келген, бирок кийинки жылдары медакадемиянын интернатура, ординатурасында билимдерин уланткан бүтүрүүчүлөр келип, алган билимдерин бекемдеп, тажрыйба алуу максатында тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө өз кесибин улантышууда.

Бишкек – Ош трассасынын 209 чакырымдан 340 чакырымга чейинки аралыгы Токтогул районун камтыгандыктан жана райондун борборун кесип өткөндүктөн көп учурларда ар кандай жол кырсыктары катталат. Жол кырсыгынан жаракат алган жарандарды кабыл алууда жана аларды дарылоодо өз кесибин мыкты билген, таланттуу жаш дарыгерлер күнү-түнү талыкпай кызмат өтөп келишүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жарлыгынын негизинде ординатор-интерндердин алыскы аймактарга барып иштөөсүнө акча каражаты бөлүнгөндүгүнө байланыштуу алардын келүүсү күтүлүүдө. Жаш адистерди алыскы аймакка тартуу, ошондой эле аларга зарыл шарттарды түзүп берүүдө райондук ЖДПБнун жетекчилиги алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүп келе жатат.

–Токтогул райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун материалдык-техникалык базасы учурдун талабына жооп береби?

– Акыркы жылдарда оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында ар бир бөлүмдөр медициналык жабдыктар менен жабдылды, ҮДТларда, диагностикалык бөлүмдөрдө иштөөгө шарттар түзүлдү. Быйыл Токтогул райондук ЖДПБнун ооруканасынын биринчи кабатына «Эл аман» дарыканасы ачылып, бейтаптар үчүн ылайыктуу шарт түзүлдү. Ошондой эле узак жылдардан бери иштебей турган лифт бүгүнкү күндүн талабына жооп берген заманбап лифт менен алмаштырылды. Мамлекеттик-жеке кызматташтык долбоорунун алкагында кытай ишкерлеринин колдоосу менен февраль айында томография аппараты коюлуп, учурда күнүнө 20дан кем эмес бейтап текшерүүдөн өтүп жатат. Томографиядан өтүүдө мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер үчүн жеңилдиктер каралган.

Мындан тышкары медицина мекемелеринин айлана-чөйрөсүн таза кармоо, ички жолдорду асфальттоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, гүл бакчаларды өстүрүү иштерине айрыкча көңүл бөлүнүп, жалпы кызматкерлердин активдүү катышуусу менен бир катар жумуштар аткарылды. Натыйжада оорукананын айланасына бейтаптардын эс алуусу үчүн ылайыктуу отургучтар коюлуп, ички жолдор асфальтталды. Мезгил-мезгили менен тазалыкты сактоо максатында ишембиликтер өткөрүлүп турат.

Кыска мөөнөттө бейтаптар үчүн мындай шарттарды түзүү оорукананын жетекчилиги үчүн кыйла түйшүк жаратат экен, анткени ар бир оңдоп-түзөөнүн же капиталдык ремонттон өткөн иштин аркасында жетекчиликтин иш билгилиги менен каражат табуу маселеси турат экен. Жергиликтүү калктын ден соолугун сактоо багытында биздин борбор алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүп келе жатат десем жаңылышпайм.

Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар