Еревандагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.
Атап айтканда, төмөнкү документтерге кол коюлду:
- «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-июнундагы №8 буйругунун 4-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйрук;
- «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 2030-жылга чейин өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары жөнүндө» чечим;
- «Евразия экономикалык биримдигинин товарларынын жалпы биржа (уюшкан) рыногун түзүү концепциясын бекитүү тууралуу» буйрук;
- «Евразия экономикалык биримдигинин жалпы электр энергия рыногунда маалымат алмашуу эрежелерин бекитүү тууралуу» чечим;
- «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин 2024-2026-жылдарга макулдашылган транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы («жол картасы») жөнүндө» буйругу;
- «Жарандык авиация тармагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн айрым маселелери жөнүндө» буйругу;
- «2023-жылга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын которуу жана бөлүштүрүү жөнүндө» буйрук;
- «Евразия экономикалык биримдигинин сотунун жана Евразия экономикалык комиссиясынын финансылык-чарбалык ишине аудит жүргүзүү жөнүндө» буйрук;
- «Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» буйрук;
- «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук.