Административдик аймактык реформанын негизинде Токтогул районунун Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрү биригип, Кетмен-Дөбө айылдык аймагынын айыл өкмөтү болуп түзүлдү. Аталган айыл өкмөттө тогуз айда аткарылган иштер туурасында маалыматты окурмандарга сунуштайбыз.
Токтогул районунун 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын иш-чаралар планынын алкагында тогуз айда социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоодо ички дүң продукциянын көлөмү октябрь айына карата: өнөр жайында – 1550,0 миң сом, айыл чарбасында – 307,0 миң сом, курулуш тармагында – 17200,0 миң сом, кызмат көрсөтүү – 370,0 миң сом, чекене соода жүгүртүү – 1800,0 миң сомду түздү. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн 9 айга карата аткарылышы план боюнча 19559,0 сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 112,0 пайызга өстү.
Инвестициялык долбоорлордун негизинде өнөр жай багытындагы жаңы ишканаларды ишке киргизүү жана жумуш орундарын түзүү боюнча бир катар иш-аракеттер аткарылууда. Алсак: Ак-Тектир айылында жеке ишкер Смаилов Табылды жүндү кайра иштетүүчү жана тигүүчү цех ачып, анда булгаары иштетилүүдө. Токтогул районун өнүктүрүү фондуна Чолпон-Ата айылындагы “Ак-Тилек” бала бакчасына көмөкчү чарбаларды куруу боюнча 1,6 млн. сомдук жана Терек-Суу айылынын клубуна инвентарь алуу боюнча 3,5 млн. сомдук долбоор сунушталган. Натыйжада “Ак-Тилек” балдар бакчасы Токтогул районунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, бала бакчага көмүркана, жайкы ашкана, азык-түлүк сактоочу кампа курулду. Ошондой эле Терек-Суу айылынын маданий клубунун капиталдык оңдоо иштерине дем берүүчү гранттан 3450,5 сом бөлүнүп, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ак-Тектир айылындагы С.Нурманбетов атындагы №16 орто мектебинде 3 сааттык бала бакча ачылып, 2 адам жумуш менен камсыз болду. Учурда 50 бала бала бакчага барууда. Ага Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 456,8 сом бөлүнүп берилген. Мазар-Суу айылындагы Турсун Алымбаев атындагы эс алуу жайы ачылды. Эс алуу жайына Токтогул райондук өнүктүрүү фондунан 2869,5 сом бөлүнүп берилди. Терек-Суу айылындагы Каныбек уулу Нурбек атындагы эс алуу жайы курулду. Эс алуу жайына үлүштүк дем берүүчү гранттан 2574,1 сом, Токтогул райондук өнүктүрүү фондунан 3328,7 сом жана жергиликтүү бюджеттен 757,0 сомго каржыланды. Жалпысынан 6659,9 сомдук каражат сарпталган. Ошондой эле Терек-Суу айылына караштуу Жерге-Тал калктуу конушунун жергиликтүү тургундары өз каражаты менен 22 электр мамычасын орнотушту. Жумшалган каражат 200 миң сомду түздү.
Айыл жана мал чарбасы
Айыл чарбасында 2-октябрга карата 357 га буудай жана 71га арпа жыйналып алынды, арпанын түшүмү – 20-21 центнер, буудай – 20-20 центнерден айланды. 748 га жүгөрү, 266 га картошка, 45 га май өсүмдүгү, жашылча 42 га, бахча 12 га эгиндери жыйналып бүттү. 2024-жылга карата жалпысынан айыл өкмөттө 2814 га жер толугу менен айдалды.
Жугуштуу оорулардын келип чыгышын жана таркашын алдын алуу максатында айыл аймагы боюнча шарп оорусуна каршы – 11350 баш уйга, карасан ылаңына каршы – 825 баш бодо малга эмдөө жүргүзүлдү, бруцеллез ылаңынын алдын алуу боюнча веткызматкерлер 25 баш кара малдан кан алып, райондук ветеринардык башкармалыкка жөнөтүлдү. Мал чарбачылыгынын калдыктарын башкаруу системасын өнүктүрүүдө айыл аймактарда Беккари чуңкурлары менен камсыз кылуу үчүн жер аныкталып, ага чечим чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Бал өндүрүү.Жолдорду оңдоо
“Кетмен-Дөбө бал өндүрүүчүлөр” бирикмесин республикалык бал кластерине интеграциялоо максатында өндүрүлгөн продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. “Бир айыл – бир продукт” улуттук долбоору менен иш алып барууда бал чарбаларды уюштуруу каралып, семинарлар өткөрүлгөн жана бал өндүрүүчүлөрдүн саны көбөйгөн. Айыл аймагындагы бал чарбачылыгы боюнча иш алып барган ишкерлер “Кетмен-Дөбө бал өндүрүүчүлөр” бирикмесине кошулушту.
Айыл аймагындагы ички чарбалык жолдордун абалын жакшыртуу максатында 4 айылдын ички көчөлөрүнүн жалпы 6 км 900 метр жолуна шагыл төшөлдү.Чолпон-Ата айылынын Качы көчөсүнүн жолуна 24 машина кум төгүлүп, тегизделди. Жолдогу чоң таштар чыгарылды, ага айыл өкмөттөн 500 литр солярка бөлүнүп берилди. Айыл аймактарда каналдардын жээктерин бекемдөө, сел өтүүчү каналдарды куруу иштери аткарылууда. Терек-Суу айылына караштуу Беш-Тал каналынын 20 км жери механикалык тазалоодон өттү. Ак-Тектир айылында сел өтүүчү арыктар казылды.
Таза суу менен камсыздоо
Райондун аймагында ичүүчү суу системаларын реабилитациялоодо “Таза аймак” муниципалдык ишканасы айыл аймагынын таза суу түтүктөрүн кайра калыбына келтирүү ишинде суу түтүктөрүнүн жарылган 15 жерине хомут кийгизди. Андан сырткары таза суу жетпеген көчөлөргө жаңы 1400 метр суу түтүктөрү жаткырылды. Суу түтүктөрүнүн жарылган жерлерин калыбына келтирүү иштери бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлүүдө.
Ирригация тармагын жакшыртуу багытында айыл өкмөттүн аймагында ички чарбалык каналдарды оңдоо, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Айыл аймагындагы М-1 участкасындагы эскирген 50 лоток алмаштырылды.30 чакырым аралыктагы каналдардын жарылган жерлери бетондолду. Чолпон-Ата МКсында 52 лоток алмаштырылып, М1, М2 насосттук бекеттерине ремонт иштери жүргүзүлдү. Чолпон-Ата – 1,2 насостук станциялардын дыйкандарга суу берүү иштери 1-сентябрдан баштап токтотулду.
“Жашыл Мурас” өнөктүгү
“Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн алкагында Терек-Суу айылында – 250, Чоң-Арык – 250, Мазар-Суу – 294 көчөт тигилди. Кетмен-Дөбө айыл аймагында Терек-Суу, Чоң-Арык айылдарындагы 1,04 га парктарды ишке берүү каралган. Үстүбүздөгү жылдын 25-майында Мазар-Суу айылындагы Алымбеков Турсун атындагы парктын ачылышы болду. Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарындагы парктарда ремонт иштери жүргүзүлүүдө.
Бактардын аянттарын көбөйтүү максатында Чолпон-Ата айылынын тургуну, жеке ишкер Токтогазиев Канат 3,5 га жаңы сорттогу алма көчөттөрүн отургузду. Мындан тышкары мөмө-жемиш, жашылча өстүрүү боюнча семинарлар өткөрүлүп, дыйкандарга кеңештер берилүүдө. Айыл аймагында 2024-жылдын 19-июлунда жеке ишкер Шерманбетов Канаттын огородунда кулпунай өстүрүү боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Молдомусаев катышып, кулпунай өстүрүүчүлөр менен жеринде таанышты. Кулпунай өстүрүүчүлөр өз ара тажрыйба алмашышты. Андан соң Токтоназарова Айымкандын кулпунай талаасын да жеринен көрүштү.
27-сентябрда Мазар-Суу айылында жеке ишкер Момбеков Таалайдын кулпунай талаасында семинар болуп өттү. Ага Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын инженери Болгонбеков Деңиз, жетектөөчү адиси Исманалиев Ниязбек, айыл өкмөттүн башчысы Багымбаев Болот, айыл өкмөтүнүн жер адиси Масирбаев Урмат жана айыл аймагындагы кулпунай өстүргөн жеке ишкерлер катышышты. Семинарда ишкерлер кулпунай өстүрүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, өстүрүү, сатуу жана аны сактоо боюнча талкуулашты.Токтогул райондук агрардык өнүктүрүүнүн инженери Болгонбеков Деңиз ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоолор болоорун,терилген кулпунайларды сактоого муздаткычтарды алууга жардамдар берилерин айтты.
Аз камсыз болгондорго камкордук
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү коомдук пайдалуу жумушка тартуу менен киреше алып келүүчү, инфраструктуралык жана окутуучу долбоорлорду ишке ашыруу багытында 2024-жылдын 31-июлунда “Кара-Күнгөй – Ак-Тектир” каналынын 2 км аралыгын капиталдык ремонттоо, “Кара-Күнгөй айылынын “Кореец” участкасынын суу келүүчү арыгынын 1600 км аралык жерин бетондоп ондоп-түздөө” долбоорлоруна 36 адам тартылып, 216 кап ун,1080 литр май, “Ак-Тектир айылына бак отургузуу” долбоо-руна 30 адам жумушка тартылып 180 кап ун, 900 литр май, “ Чон-Арык суугат каналынын жээгин бетондоо” долбооруна 8 адам жумушка тартылып 48 кап ун, 300 литр май жалпысынан 444 кап ун, 2280 литр май таркатылды. Социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 100 000 сомдон алышты.
2024-жылдын 1-2-3-кварталына 65 жарандын документтери даярдалып, акча каражатын алышты жана 21 жарандын документтери даярдалып, комиссиядан өттү. Турмуштук оор кырдаалга тушуккан балдарды социалдык жактан коргоо боюнча балдар эмгегинин жана мажбурлап иштетүүнүн оор формаларын жоюу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мектептердин техникалык базасын чыңдоо. ФАПтарды куруу
Атайын эсептин каржылоосу менен Кетмен-Дөбө айыл аймагында Жаңы-Арык мектебинде ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Чолпон-Ата айылындагы Данканай атындагы мектепке ашкана, кампа курулуп, ал АРИС уюму тарабынан каржыланды. Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Турусбек атындагы мектепке акылдуу доскалар, компьютерлер, музыкалык аппараттар сатылып алынды. Аталган мектепке кийинки айларда санузел орнотуу жүргүзүлөт.
Ак-Тектир айылына ФАП курулуп, ишке берилди. Мазар-Суу айылында ФАП, Чолпон-Ата айылында спорт зал куруу иштери жүрүп жатат. Айыл аймактардагы мекемелерде майрам күндөргө карата ордо, ат чабыш, волейбол, футбол, аркан тартыш ж.б улуттук оюндар уюштурулду. Мындан тышкары туризмди өнүктүрүү максатында жаңы туристтик маршруттарды түзүү жана “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркына туристтерди тартуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.
Вера Беделбек, «Кыргыз Туусу»