Келдибек Атайбек уулу оор атлетика менен алектенет. Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону жана рекордсмени, бодибилдинг жана таяк тартыш боюнча Азия чемпиону, фитнес боюнча машыктыруучу.
Ашыкча салмактагы балдарды 30-40 килограммга чейин арыктаткан машыктыруучу социалдык тармактарда чоң популярдуулукка ээ. Келдибек Атайбек уулу кезинде Кожомкулдун 230 килограммдык ташын көтөргөн.
– Саламатсызбы, Келдибек, алгач сизди жакында эле Казакстанда болуп өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Мас-рестлинг (таяк тартыш) боюнча утуп алган алтын медалыңыз менен куттуктайбыз. Жеңишиңиз кут болсун!
– Чоң рахмат. Көчмөндөр оюндарында таяк тартыш боюнча Кыргызстан курама командасы 33 мамлекеттин ичинен 5 алтын, 2 күмүш, 1 коло утуп алып, командалык эсепте Кыргызстан биринчи орунга ээ болду. Бул биз үчүн чоң сыймык болду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан ар бир спортчу, намысты колдон чыгарбоого аракет кылдык.
– Бизде таяк тартыш спортунун бүгүнкү абалы кандай? Мындан да көп медаль утуп алууга мүмкүн беле?
– Бүгүнкү күндө таяк тартышты дүйнө жүзү боюнча 59 мамлекет официалдуу түрдө ойнойт. Кыргызстан бул оюнду 2014-жылдан бери ойноп баштаган. 10 жылдын аралыгында кыргыз өлкөсү таяк тартыш боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Бул абдан чоң көрсөткүч. Биз азыр дүйнө элине атаандаштык жаратып жатабыз. Мас-рестлинг (таяк тартыш) – Якутиянын улуттук спортунун бир түрү. Алар бул оюнду 100 жылдан бери ойноп келишет. Ал эми Кыргызстан 10 жылдан бери ойноп жатат. Якут эли: “Силер абдан чоң атаандаштык жаратып жатасыңар. Мындай темп менен жүрүп отурсаңар 5 жылда силердин өлкө биринчиликке чыгат”, – деп жатышат. Мисалы, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Якутия 3 медаль утса, Кыргызстан 8 медаль утуп алды. Таяк тартыш – биринчиден, көп акча каражатты талап кылбаган спорттун түрү. Экинчиден, ар бир кыргыздын уул, кызы ойной алат.
– Азыркы учурда спорттун бул түрүнө жаштардын кызыгуусу кандай? Аларды дагы кантип кызыктырса болот?
– Мындан 3 жыл мурун 160-170 эле спортчубуз бар болчу. Азыркы тапта 500гө жакын спортчубуз бар. 1-2 жылдан кийин 1000ден ашык спортчу болот деген ойдобуз. Анткени, күндөн күнгө жаштардын кызыгуулары артып жатат. Спортчулардын кадыр-баркын көтөрүү үчүн, алардын жумшаган эмгегин, убактысын баалоо үчүн стипендия багыты каралса, таяк тартышка кызыккан жаштардын саны артмак деп эсептейм. Албетте, мамлекет мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга барганда, жатаканабызды, тамак-ашыбызды, жолубузду каржылап берет. Бирок, атайын стипендия деген жок…
– Сиз бул спортко кандайча келип калдыңыз?
– Мен негизи оор атлетиканын түрлөрү менен машыгам. 2014-жылы биринчи жолу таяк тартыш тууралуу билип калдым. Өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Бара-бара абдан жагып калды. Канча ирет жаракат алсам да таштай албай койдум. Белимдин, колдорумдун, буттарымдын, далымдын булчуңдары үзүлдү. Үзүлбөгөн булчуңдарым деле калган жок окшойт (күлүп). Кээде мага ушунун кереги бар беле деп ойлоп кетем. Бирок, эмнегедир эле кайра тарта берет. Спортко болгон сүйүү окшойт, таштай албайсың.
Башында: “Үйдө үбөлүк талашып ойнойсуңарбы? Жыгач тартыш деген эмне болгон оюн”, – деп мени шылдыңдап жүрүштү. Бирок, мен аларга маани берген жокмун. Бир күнү мени менен сыймыктанып, азаматсың деп айтасыңар дечүмүн. Кудайга шүгүр, ал күн да келди. Азыр айткан сөздөрүн артка алып, кечирим сурап калышат. Эң негизгиси, адамдын каалоосу күчтүү болсо максаты сөзсүз ишке ашат. Анча-мынча сөздөргө сынбай, аларды мотивация катары кабыл алганды үйрөнүш керек.
– Социалдык тармактарда сиздин жасап жаткан жумушуңузга байкоо салып тургандар абдан көп. Мисалы, Баэлдин салмак таштоосу боюнча дегендей. Бул бала сиздин колго кандайча келип калды?
– Баэл азыр 10 жашта. Апасы мындан 2 жыл мурда алып келген. Мен ал убакта жаш балдар менен иштечү эмесмин. Анткени,10 жашка чейинки балдар айтканыңды аткарбай, ыйлай беришет. Кичинекей баланын жоопкерчилигин ала албастыгымды жана убактымдын жоктугун айтып кетирип жибергем. 2 жылдан кийин кайрадан келишти. Баягы томолок бала бир аз чоңойгон, бирок, салмагы мурдагыдан да ашып кетиптир. Араң эле басып, араң эле дем алып келиптир. Апасы ыйламсырап, акыркы үмүттөрү менен келгенин көрүп, бул жолу жок дей алган жокмун. Баэл 85 кг. салмак менен келген. Машыгып жатканына 7-8 айдын жүзү болуп калды. Азыр 57 кг. салмакта, 27 кг. арыктады. Баэлдин окуясы миллиондогон адамдарга сабак болуп, стимул берип жатат. Канчалаган адамдар ден соолугуна кам көрүп жана ашыкча салмак менен күрөшө башташты. Мисалы, жайкы каникул учурунда, 200гө жакын окуучулар келип, машыгып кетишти. Россиядан, Казакстандан келгендер болуп жатат.
– Балдарга өтө эле катаал болуп жатам деп ойлобойсузбу? Катуу урушуп жат-каныңызды көрүп калабыз?
– Жок, антип ойлобойм. Анткени, эркек балага ошондой тарбия керек. Балдардын бардыгын керек учурда урушам, тилдейм. Тилдеп койгон эч нерсе эмес. Алар эртеў эле чоңоюшат. Турмуштун соккуларына даяр болушу керек. Мага көбүнчө балдарды эмнегедир апалары алып келишет. Апалар тарбиялаган балдар жумшак болушат. Аталары да бир келип кетсин деп чакыртам. Мейли, атасы жокторду түшүнөм. Бирок, баласынын кантип машыгып, эмнени үйрөнүп жатканына кызыкпаган, бир да жолу басып келбеген аталарды кездештирем. Албетте, баа-рынын жумушу бар. Бирок, убакыт табышы керек деп эсептейм. Балдар атасы менен келгенде кайрат менен ишенич жана жоопкерчилик менен келишет. Өзүм ата мээримин көрбөй чоңойгон үчүн балдарга колумдан келишинче мээрим төккүм келет. Ар бирине өзүнчө убакыт бөлгүм келет. Кээде башка бирөөнүн баласына мээрим төгүп, өзүмдүн балдарыма убактымды бөлбөй жаткан жокмунбу деп ойлонуп кетем. Балдарга убакыт бөлүү абдан маанилүү. Себеби, алар дайыма бала бойдон тура бербейт. Эртеў чоңойгондо сени унутуп калбагандай тарбия беришибиз керек. Студент кезде карылар үйүнө барып калчубуз. Ошол кезде ал жакта 1-2 кыргыз калганы башка улуттардан болчу. Жакында эле дагы барып келдик. Мени кейиткени, 5-6 кары башка улут, калганы бүт кыргыз апалар, аталар экен. Ушунчалык ичим ачышты. Ошондуктан, бүгүн балдарга билимди илимди, тарбияны, мээримди убагында берип жетишели.
– Жогоруда ашыкча салмактан арылуу үчүн 200дөн ашык бала келгенин айттыңыз, эмне себептен бүгүнкү күндө “боорсоктор” көбөйүп жатат?
– Коомдо ашыкча салмак менен алышып, кыйналып жаткан чоң адамдар жана жаш балдар ого эле көп. Эң биринчи себеби, туура эмес тамактануу. Экинчиден, кыймылдын аздыгы. Тез татымдарды жешет. Жумуш жасашпайт. Ата-энелер бардыгын белендеп, балдарынын оозу-мурдуна такап турушат. Алар тамакты жутуп эле бергени болбосо башка жумуштары жок. Телефондо отурушат. Бизди бала кезибизде ата-энелерибиз көчөдөн кубалап үйгө алып кире алышчу эмес. Азыр тескерисинче, үйдөн кубалап эшикке чыгара алышпайт. Бул ойлондурчу маселе. Ашыкча салмактуулук азайбайт, керек болсо дагы көбөйөт. Ошондуктан, жалпы баарыбыз аракет кылышыбыз керек.
– Спортко кызыгуусу жок балдарды, спортко кантип тартса болот?
– Бул жерде ата-эненин ролу абдан чоң. Бала менен сырдашып анын жан дүйнөсүн түшүнүшү керек. Эмнеге жакын, эмнеге шыктуу ошого жараша багыт бериши керек. Анткени, ар бир баланын кулк-мүнөзү, каалоосу башка. Кээ бир ата-энелер баласын кыйнап эле, кызыкпаган ийримге берип коюшат. Азыр сиз менен сүйлөшүп отуруп, 2008-жылдагы бир окуя эсиме түштү. Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев агаларыбыз олимпиадага барып, алтын, күмүш утуп келишти. Алардын жеңиши укмуш резонанс жаратып, агаларыбызга акчалай сыйлыктарды, батирлерди, унааларды белекке беришкен. Ошондо айрым ата-энелер 4-5 жылдан бери бокска барып машыгып жүргөн балдарын күрөшкө берип салган учурлар болгон. Баласы күрөшкө кызыгабы, кызыкпайбы иши болгон эмес. Күрөштө көп нерсе бар экен деп жаңылыштык кылып, канча бала багытынан адашты…
– Спорт залга арыктоо үчүн же тескерисинче салмак кошуу үчүн ошондой эле, буту баспай калып барган учурлар болот экен…
– Сиз айткандай, арыктоо, семирүүдөн сырткары, авто кырсыктан, турмуштук оор кырдаалдан улам, ден соолугунан алсырап, колу-буту иштебей калгандар да келишет. Бир жигиттин окуясы эсимде. Бийик жерден секирип, желкеси менен жерге түшүп, омурткалары кысылып калыптыр. Учурунда дарыланууга мүмкүнчүлүгү болбой, эки буту, эки колу тең жакшы иштебей, кез келген убакта тырышып калчу экен. Жарым жылда жакшы жыйынтык алдык. Кудайга шүгүр азыр алты саны аман, ден соолугу чың. Ушул тапта дагы бир жигит менен иштеп жатам. Ал 2 жыл мурда авто кырсыкка кабылып, буту баспай калган. Эки жылдан бери залга келип машыгып жүрөт. Баштагыга караганда жакшы жылыштар бар. Ходунок менен болсо да басып калды. Кудай буюрса бутуна туруп кетет деген ишеничибиз бар. Өзүм да спортко авто кырсыктан кийин келгендиктен, бул адамдардын тагдырына кайдыгер мамиле жасай албайм. Колумдан келишинче, моралдык жактан колдоп, дем-күч бергим келет. Себеби, алардын эмнени ойлоп, кандай сезимде болуп жатканын билем. Андай абалды өз башымдан өткөргөм, жон терим менен сезгем. Бир убакта мени да унаа сүзүп кетип, сол жак тарабым бүт сынып, арабада отуруп калгам. Ошондуктан, меникиндей окуяга кабылган адамдарга жок дей албайм.
– Жашоодо кандай принциптерди колдоносуз?
– Адамдан эмес Алладан үмүт кылам. ¯мүт боюнча аябай көп сындым. Мен билбестик кылып, мурун адамдардан үмүт кыла бериптирмин. Спортко жаңыдан келген жылдары күчүм бар, бирок акчам жок. Ошол кезде мени колдогон бир нече агаларым бар эле. “Чет жакка чыгыш керек болсо айт. Чыгымдарыңды көтөрүп бергенге даярбыз”, – деп айтышчу. Көрсө, ал курулай эле сөздөр болчу экен. Иш жүзүнө келгенде, бардыгы биригип мени бир мелдешке жибере албай коюшкан. Ошондо мындан ары адамдан эмес, Кудайдан сурайм деп өзүмө өзүм сөз бергем.
– Спортсуз жашооңузду элестете аласызбы?
– Азыркы учурда спорт – мен үчүн жашоо, өмүр. Кудай таалам башыбызга салып койсо, спортсуз жашоого да туура келет. Бирок, алдуу-күчтүү болуп турганда, спортту таштап койгонумду элес-тете албайм. Кудайым буюрса, мамлекет мага эмне кылып берди дебей, мен мамлекет үчүн эмне кылып жатам деген позициямдан тайбай, өз ишимди уланта берем.
Анара Арзыбай кызы, «Кыргыз Туусу»