“Чет өлкөлөрдө үйүң өрттөнүп кетсе, мамлекет өзү акча бөлүп берет экен”, “Дары-дармектин баасы асман чапчыйт”, “Ооруканага көрүнгөнгө азыр шарт жок”, “Жумушумдан компенсация алган жокмун, пособие берилбейт” сыяктуу сөздөрдү эл арасында дайыма эле угуп жүрөбүз.
Бирок бул абалды өзгөртүү ар бир жарандын өзүнүн колунда экенин билет белеңиз? Анткени, Кыргызстанда деле мамлекеттик камсыздандыруу кайсы тармак болбосун сиздердин кызыкчылыктарды коргоо үчүн каралган. Мамлекеттик камсыздандыруу адамды, компанияны же объектти ар кандай тобокелдиктерден мамлекет тарабынан коргоого алынуусуна мүмкүндүк берет.
Медициналык камсыздандыруу полиси эмне үчүн керек?
Кепти эң биринчи байлык болуп саналган ден соолуктан баштайлы. Белгилүү болгондой, 2023-жылдын 22-февралында Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынган. Эми кыргызстандыктар жана чет элдик жарандар медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттендирилет. Кыргыз жарандары үчүн полистин баасы бир жылга 1 миң 722 сом, ал эми чет элдиктер үчүн 16 миң 391 сом деп бекиген.
“Топтолгон каражат кайда жумшалат?” деген суроо пайда болбой койбойт. Мисалы, 2023-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан саламаттыкты сактоо уюмдары 21 млрд. 677 млн. сомго каржыланып, натыйжада каражат медициналык кызмат көрсөтүүгө, жалпы медициналык практика борборлорунда, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда медициналык-санитардык жардамдарды төлөөгө, гемодиализ кызматтарына жана дары-дармек менен материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга жумшалган.
Ошондой эле, амбулатордук деңгээлдеги уюмдарда жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн тизмеси дагы 42 медкызматка көбөйтүлгөн. Демек, сизге ооруканада дарыланууга жеңилдиктер берилет, дары-дармектерди 50%га чейин арзан аласыз, медициналык кызматтар жакшырат.
Турак жай маселеси
Турак жайды камсыздандырууга келсек, камсыздандыруу ар кандай кырсыктарда жабыр тарткан жарандар же камсыздандырылган мекемелер үчүн чыгымдарды жабуу, калыбына келтирүүдө абдан маанилүү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаров 2023-жылдын 13-сентябрында “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө” токтомго кол койгон.
Токтомдо шаардыктар үчүн жана айылдыктар үчүн базалык жылдык акы бекип, калктын социалдык аярлуу катмарларына тиешелүү жеңилдиктер берилген. Анда камсыздандыруунун баасы айыл жергесиндеги үйлөр үчүн 600 сом, шаардагы турак жайлар үчүн 1 200 сом өлчөмүндө экендиги көрсөтүлгөн.
Эгерде сиздин камсыздандыруу суммаңыз турак жайыңыздын анык наркына барабар берилсе, камсыздандыруу толук деп эсептелет. Мындай учурда камсыздандырып ордун толтуруу мыйзам шарттарына ылайык аныкталган көлөмдө жүргүзүлөт. Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу кандай жыйынтыктарды берип жатканына токтолуп көрөлү.
Тилекке каршы, 2024-жылдын июль айында Ош шаары менен Кара-Суу районунда 700дөн ашуун үйдү катуу сел каптаганы маалым. Аталган кырсыктан кийин турак жайды калыбына келтирүү максатында камсыздандырылган үй ээлери “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынан 6 млн. 632 миң сом өлчөмүндө кенемте алышкан. Жыйынтыктап айтсак, акыркы 8 айда өлкөбүздө ар кандай күтүүсүз жагдайлардан жабыргандарга 36 млн. сом бөлүндү.
Автоунааларды камсыздандыруу
Кыргызстанда автоунааларды камсыздандыруу эрежелери бир нече жылдан бери талкууланып, милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүү аракеттери көрүлүп келет. Автоунааларды камсыздандыруу боюнча мыйзам күчүнө киргени менен, Жогорку Кеңеш ишке киргизүү мөөнөтүн айдоочулардын шарты, элдин маалымдуулугунун аздыгын карап чыгып, 2025-жылга калтырган.
Автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу автокырсыкка учурап калганда, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтуруу, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн каралган. Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин үч жылдык төлөмүнүн баштапкы баасы 1680 сом экенин, баа унаанын түрүнө, айдоочунун жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша суммасы 5 миң сомго чейин өзгөрүп турарын билдирген. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, кырсык катталган учурда айдоочуларга 750 миң сомго чейин компенсация берилет.
Ишканаларды, жеке тармактарды камсыздандыруу
Ал эми, чакан ишкана, жеке ишкерлик жана башка тармактар үчүн мамлекеттик камсыздандыруу — өндүрүштүн коопсуздугу, коммерциялык мүлк, жумушчулардын компенсациясы, кибер коркунучтар сыяктуу бир топ тобокелчиликтерди чыгымдын көлөмүнө жараша калыбына келтирүүгө жардам берет.
Ушул жылы мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен ишканалардын мүлкүн, жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандырууга Президенттин жарлыгы чыкты. Ошону менен сентябрь айында эле 46 миң 301 ишкер жана коммерциялык эмес уюмдар 12,25% өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифин колдо-нууга өтүшкөнү белгилүү болду.
Мунун эмне зарылчылыгы бар эле? Мисалы, сиздин өндүргөн продукциялардан кардарга зыян келсе, аны жабууга кеткен юридикалык жыйымдарды, медициналык чыгымдарды жана продукциядан келтирилген зыяндын ордун толтурууну камтышы мүмкүн. Ошондой эле, камсыздандыруунун эсебинен өз кызматкерлериңизге ооруп калган учурларында жеңилдиктерди жана дарылануу учурундагы жоготушу мүмкүн болгон эмгек акысын коргоп бере аласыз.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров акыркы 30 жылда камсыздандыруу тармагына жетишээрлик мамлекеттик колдоо болбогондугун, азыр бийлик мамлекеттик камсыздандырууну жандандырууга киришкенин жана бул жоопкечиликти өзүнө алгандыгын билдирген. Ошондой эле, ал жарандардын укуктары менен эркиндигин коргоо мамлекеттин приоритети болушу керектигин баса белгилеп, элди ишенимдүүлүгү жогору мамлекеттик уюмга катталууга чакырган.
Уулжан Бейшенбек кызы