Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Болочок муундарга белек

Өткөн жуманын соңунда Кыргыз Республикасынын Борбордук Мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивине коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин өздүк фондунун документтерин кабыл алуу иш-чарасы болуп өттү.

Абдыганы Эркебаев акыркы бир жыл ичинде документтерин архивге өткөрүп берүүнү көздөп жүрүп, ушул күнү сааты чыкканына кубанып отурганын айтты.

“Октябрь Революциясына чейин эле араб арибинде чыккан китептер болгон. Ошолорду талдап, андан кийин “Эркин Тоо” гезитинин архивдик сандарын карап, тыюу салынган адабият кызматкерлерин изилдеп чыгып, илимий ишимди орус тилинде жазгам. Бирок, тилекке каршы менин үстүмдөн ар кандай жалаалар жазылып, бир топ бут тосуулар болгон. Мына азыр бардык нерсе ачык болуп калды. Архивге өзүмдүн документтеримди өткөрүп жатканыма кубанычтамын”, – деди.

Ал бүгүнкү иш-чарага маанилүү делген гана документтерди алып келгенин, негизи кол жазмалары көптүгүн айтып, убагы келгенде аларды дагы өткөрүп берээрин кошумчалады.

Жыйында Абдыганы Эркебаевдин жакын санаалаштары сөз сүйлөп, анын саясатта, жеке жашоодо да таза жүргөн инсан экенин айтышты.

Иш-чаранын соңунда А. Эркебаевдин өздүк фонд документтеринин тизмесине 25 сактоо бирдигин кабыл алуу актысына кол коюлду. Алар А. Эркебаевдин чыгармалары, адабий сын макалалары, саясий мемуарлары, ал жөнүндө замандаштары, окумуштуулар, жазуучулардын эскерүүлөрү, саясатта жүргөндөгү сүрөт документтери, бул документтердин ичинде А. Эркебаевдин кол менен жазган өмүр баяны, ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынында А.Эркебаев кол койгон протоколдор, токтомдор, өздүк документтери, сыйлыктары бар.

Султанбек Аманбек уулу, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар