Орто бойлуу, чачын желкесине түйгөн, тынчтыкты бузуп албайын дегендей аярлай баскан сыпайы эже “Кыргыз Туусу” жайгашкан үчүнчү кабатка жай чыгып, кайра акырын түшүп кеткенин көп эле көрүп калчубуз. Бул эгемендиктен кийинки жылдар эле. Гезит чыккан күндөрү Курман Кыдырбаева эже эртең менен эрте келчү. Анткени гезит ардагерлерине бирден гезит бекер берилчү. Боектун жыты буркурап турган “Кыргыз Туусун” колуна кармап, бир аз кылчактагансып карап… Көрсө, биз менен сүйлөшкүсү, беш-он мүнөт болсо да пикир алышкысы келчү тура.
Биз да гезиттин иши менен шашып-бушуп, аярлай албай, эже үчүн бул сүйлөшүү канчалык маанилүү экенин деле аңдабай, жанынан сый гана учурашып өтүп кетер элек. Анткен менен эженин өзгөчө “Кызыл Кыргызстанда” оор жылдарда иштегенин билчүбүз, ичибизден абдан урматтачубуз. Ушул кара тору жүзүндө, ойлуу тарткан бакырайыңкы муңайым көзүндө көп нерсе катылып турганы сезилген Курман эже менен айрыкча катаал жылдардагы гезит чыгаруунун ат көтөргүс түйшүгү тууралуу сүйлөшсөм деп жүрчү элем.
1999-жылы жарык көрүп келатканы тарыхында аталышын төрт жолу өзгөрткөн туңгуч гезит “Эркин Тоо” – “Кызыл Кыргызстан” – “Советтик Кыргызстан” –“Кыргыз Туусу” гезитинин 75 жылдыгы белгиленди. Дал ушул жылы ал учурда “Кызыл Кыргызстан” аталган гезиттин 15 жылдыгына күбө болгон Курман эже менен баарлашуу бактысы туш келген. Андан бери ортодон чейрек кылым зуулдап өтүп кетти, эже дагы арабызда жок. Бирок улуттук туңгуч гезиттин 100 жылдык тарыхында өз изин калтырган, эмгегин сиңирген Курман Кыдырбаевадай инсандарды ар дайым эскерип туруу парз!
Эженин өмүр жолуна кыскача сереп сала кетели. 1916- азаптуу үркүн жылы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Дыйкан айылында жарык дүйнөгө келет. 1932-жылы, демек 16 жашында педагогикалык техникумду, анан СССР Борбордук Аткаруу комитетинин алдындагы стенография боюнча курсту, 1950-1953-жылдарда Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүрөт. Билимдүүлүгү, зиректигинен улам колунан келет деген ишеним менен өлкөдөгү бирден-бир гезит, журналдардын эки тизгин, бир чылбырын берип, башкы редакторлук кызматтарга дайындашкан экен. Мындайынан алганда аялзатынын ичинен биринчилерден болуп басма сөз майданында эң жооптуу кызматтарды аркалаган К.Кыдырбаева болгон. “Кызыл Кыргызстан” гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы ,“Кыргызстан пионери” гезитинин редактору, “Ленинчил жаш” гезитинин редактору, “Ала-Тоо” журналынын (ал учурда “Советтик Кыргызстан” деп аталган) редактору, республикалык радиокомитеттин төрагасынын орун басары, “Коммунист” журналынын жооптуу катчысы, “Кыргызстан аялдары” журналынын редактору болуп иштеген. Негизинен жетекчиликти аркалап келген менен эжеде өтө жөнөкөйлүк, адамгерчилик, сыпайылык, боорукерлик турган турпатынан аябай сезилип турчу. Ушул касиетинен уламбы эже жакын адамыңдай өзүнө тартып, сыйга арзып турар эле.
Болжошкон күнү Курман эженин үйүнө бардым, үйү редакцияга жакын экен. Киргенде эле дароо үстөлдөрдүн үстү тиркелген гезит-журналдарга толгон бөлмө али да көз алдыма элестейт. Эң баш жагында “Кыргыз Туусу”, башка катар-катар гезиттер, журналдар. Курман эже редакциядан алып келген гезиттерди окугандан кийин ушинтип аспиеттеп тиркеп коет турбайбы дедим. Кадимки эле китепканадагыдай. Канча жылдан бери сактап келаткан гезиттердин саны саргайып, айрымдарынын чети үбөлөнүп калыптыр. Өмүрүнүн дээрлик көбү гезит, журналдарды чыгаруу менен өткөндүктөнбү жаны менен бирге болуп, ыргытып жибербей аздектеп аяп, азыр да жашоосун алардын кучагында өткөрүп жаткан эжеге тан бергем. Экинчи жагынан көз майын агызып, күндөп-түндөп, мээнет менен чыккан гезиттин баркын, түйшүгүн (өзгөчө өзү иштеген оор убактагы) жакындан билип баалагандан да болгондур!
Туңгуч гезитте иштеп калуусуна жазуучу, журналист, котормочу Мамасалы Абдукаримов себеп болгонун айтып отурду. Москвадан 1935-жылы стенографисттердин окуусун бүтүп, иштеп жүргөн кезинде көчөдөн Мамасалы Абдукаримов жолугуп, «Кызыл Кыргызстанда» иште деп ээрчитип келет. “Мен анын аялы менен педтехникумда бирге окуганым үчүн таанычу. Мамасалы болсо редакцияда жооптуу секретарь экен. Мен келгенде гезитте иштеген бир да аялзаты жок эле. Секретариатта стенографистка болуп иштей баштадым. Кабарчылар жер-жерлерден кабар берет. Телефондон тез жазып алып, машинкага бастырам же өзүм басам. Бул материалдар гезитке жарыяланчу. Тыным албай иштээр элек”. Курман эже алгач редакцияда ушинтип стенографист болуу менен эмгек жолун баштайт.
1936-жылы советтердин бүткүл союздук чукул чакырылган VIII съезди өтөт. Ага Кыргызстандан шахтер, пахтачы, кызылчачы, чабан дегендей жоон топ эмгектин алдыңкылары катышат. “Аларга кошуп мени да Москвага аттантышты, №0191 номерлүү жашыл түстөгү ал пропускту али күнчє сактап жүрєм. Көрсө, мени колхозчулардан кыргызча сүйлөгөндөрү болуп калса жаздырабыз деп алып барышкан экен.
…1939-жылы Москвада кыргыз маданиятынын жана искусствосунун декадасы өтүп жаткан учурда бир күнү Тазабек Саманчин, бир күнү Орозалиев декаданын өтүшү жөнүндө Москвадан телефондон кабар беришчү. Мен жазып алып, ал кабар гезитке жазылып, радиодон угулчу. Ушул жылы «Кызыл Кыргызстандын» 15 жылдыгы белгиленди». Сөзүнүн ушул жерине келгенде, эже туруп барып, гезиттердин арасынан саргайган “Ленинчил жаш” гезитин алып келди. Гезиттин бул саны «Кызыл Кыргызстандын» 15 жылдыгына арналып чыккан экен. Андан бери 60 жыл өткөнүнө карабай, көзүнүн карегиндей сактап келатканы толкундантты. Не деген аярлык, не деген аздектөө!
Гезиттин 1-бетине «Шаңдуу 15 жылдык» деген баш макала жарык көргөн. Баш макалада «Кызыл Кыргызстан» газетасынан ишкердүү мыкты кадрлар тарбияланып өсүп чыгышты. «Кызыл Кыргызстан» газетасы жаш кадрларды тарбиялап өстүрүүдө чоң роль ойноду. Азыркы Кыргызстан советтик жазуучулар союзунда иштеген жазуучулардын көпчүлүгү «Кызыл Кыргызстан» газетасынын аппаратында иштегендер. «Кызыл Кыргызстан» газетасы сонун акындарды, жазуучуларды жана адабият майданынын мыкты кишилерин тарбиялап өстүрдү», – деп жазылыптыр. Ушул саптардан белгилүү болуп тургандай, акын-жазуучулардын ырлары, макалалары, чыгармаларынан үзүндүлөр, сындар гезит бетинен такай орун алып, элге жетип турган, жазгандары аркылуу калайык-калкка аты таанымал болушкан.
Андан ары минтип эскерген эле эже: «А кездеги гезиттин түйшүгү болуп көрбөгөндөй єтє оор, сүрөттөөгө сөз жетпейт. Согуш жылдары эки күндөп да гезит чыкпай калчу. Тамгалар кол менен терилип, баары кол менен иштелет. Эбегейсиз эмгек, чыдамдуулук жана сабырдуулук керек эле. Ага кошумча жоопкерчилик күчтүү болчу. Кандай кырдаал, кандай шарт болбосун ишти так кылууга милдеттүү элек. Гезитти көз чычаладай кызарганча далай түйшүк менен чыгарып жүрдүк. Күндөп-түндөп иштеп жатып, таңдын кантип атканын билбей калчубуз. Далай жолу таңды басмаканадан тостук. Сегиз бет гезит аягында төрт бетке түшкєн…» Эженин өмүрүнүн күлгүн курагын дал ушул гезит чыгаруудагы кыйын жылдар “уурдап” кеткен. Ошол оор жылдардагы эмгеги үчүн гезиттин 15 жылдыгында Ардак грамота менен сыйланып, сыйлыкты Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатовдун колунан алган.
Республикадагы саналуу стенографисткалардын бири болгондуктан, эженин тагдырына Ш.Ырысмендеев, С.Каралаев, М.Мусулманкулов, Б.Сазанов сыяктуу чоң манасчылардын айтуусунда «Манасты» жазып алуу буюруптур. Тилекке каршы, энциклопедияда «Шапак Ырысмендеевден жазып алган» деп гана киргизилип, калганы жазылбай калган. Чындыгында бул эң азы, ал эми жогорку манасчылардын көл-дайрадай толкуп айткандарын стенографиялап жазып, машинкага басып, опол тоодой эмгек өтөгөн Курман Кыдырбаева болгон экен.
Бирок эженин жүрөгүнөн дагы бир өзгөчө орун ээлеген баа жеткис нерсе барын угуп, окуп жүрчү элек. Ал кан күйгөн согуштан – фронттон келген үч бурчтук каттар. Ушул каттардын тарыхы, тагдыры тууралуу да баяндады, каттарды көрсөттү. Айрым каттарды көчүрүп да алдым. Өзүнүн айтуусунда Курман эжеге согушта Мекенин коргоп жүрүшкєн кыргыздын аттын кашкасындай таанымал акын-жазуучулары, коомдук ишмерлер, илимпоздор кат жазып турушкан. Алар ага «Курман, Курманжан, Курмаш, Кукеш, Кумаш» деп өзгөчө бир урмат менен кат жазышкан. Алар өз үй-бүлөсүнө караганда ага көп кат жазышчу экен. Эмне үчүн? Себеби, Курман эженин билимдүүлүгүнөн, гезитте иштеп эл-жердеги жаңылыктар менен көбүрөөк кабардар болгонунан, кайра катка жооп жазарын билишкенден улам Ата журтунун атыр абасы кошо келгендей кенен кабар алып турушу, чыгармаларын гезит-журналга жибериши, катты жакшы жаза албаган туугандарынан кабар алышы үчүн ага ишеним артып жазышкан. Бир тууганы же жакыны эмес, болгону алар менен тааныш Курман эже убактысынын тардыгына карабай, алардын көңүлдөрүн кыя албай ар бирине жооп жазып, тапшырмаларын аткарган, ал каттардын бирин да жоготпой сактаган. «Бул катым жетпей эле тытылып калат го, барак табалбай эски кагазга жаздым» деп жазган Күрүчбек Абдылдабековдун («Кыргызмамбаста» редактор болуп иштеген. Согуштан кийин биология илиминин кандидаты болгон) каты көпөлөктүн канатындай үлбүрөп, саргайган бойдон сакталып туруптур. Кагаз табылбай калганда жоокерлер эмнеге жазууга ылайык болсо ошого кат жазышкан. Консерва орогон кагазга да кат жазып, жөнөтүшкөн.
«Кукеш! Мен аман-эсен бармын. Сага да ушундай бекем ден соолук, узун өмүр, таалайлуу турмуш тилейм! Ушул ырды (о контуженном киргизе герое) журналга жиберемин. Кайсы санда менин кандай ырым чыкканы жөнүндө жазып тур, Кукеш. Аалыкеме салам де. Кат жаз».
Агаң Темиркул
29.1.44-ж.
Бул акын Темиркул Үмөталиевдин каты.
«Карындашым Курманжан! Кандай саламат турасыңбы? Мен болсо өзүң көргөндөй саламат, фронтто турамын.
Эми сага агалык жолум менен тапшыраарым бул: бул жактан бир нече ыр жибердим эле. Ошолордун эмне дегенин алдыңар, эмне дегенин журналга жибердиңер. Катка салып жиберүүңдү сурайм. Мен үчүн 5 минут убактыңды аяба карындашым.
Кош, аман бол!
Жума.
25, 6.43-ж»
Каттын ээси Жума Жамгырчиев Ташкенттен САКУну бүтүргөн. Кыргыз жа-зуучуларынын биринчи муунуна кирет. Согуштан кайтпай калган.
Курман Кыдырбаеванын гезиттеги ишинен сырткары жогоркудай маданиятка, тарыхка кошкон салымы да өзгөчөлүү.Тепчип-тепчип алгансыган бул баянда Курман Кыдырбаева жөнүндө толук айталбадык. Эженин кыргыз журналистикасындагы ишмердиги жөнүндө жазса көлөмдүү китеп болмок. 1916-жылы төрөлүп, революцияга «бөлөнгөн», жокчулукту, согушту, талкаланган чарбаны калыбына келтирүүнү, кайра курууну, эгемендикти, кыскасы доор алмашуусундагы өзгөрүштөрдү, оош-кыйыштарды бүт көрүп, жон териси менен сезген, басма сөздө, анын ичинде туңгуч гезит “Кызыл Кыргызстанда” жемиштүү иштеген Курман Кыдырбаева кыргыз журналист аялдарынын ичинде өзгөчө орунга ээ.
Бермет МАТКЕРИМОВА