Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

КРнын жана СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш ДӨҢБАЕВ: “Күрөштө күч эмес, акыл менен жеңишке жетет”

Кыргызда “Тулпар тушунда, күлүк күнүндө” дейт. Анын сыңарындай, кыргыз улуттук күрөш өнөрүнүн легендасы, 1969-72-жылдары эркин күрөш боюнча СССР курама командасынын мүчөсү болгон Жеңиш Дөңбаевди кимдер билбейт. 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн Жеңиш аке бүт өмүрүн спортко арнап 1970-1991-жылдары Рес-публиканын спорт мектептеринде күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген. 1991-1996-жылдары Республиканын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу болсо, 1996-1999-жылдары аны жетектеген. 1999-жылдан адистештирилген «Олимпиадалык резервдер» мектебинин директору (күрөш жана бокс боюнча).

Ал К.Өмүралиев, Ч.Изабеков, Н.Изабеков, И.Тазабеков, М.Бобурбеков, А.Төрөгелдиев, Н.Дөңбаев баштаган ондогон чебер балбандарды даярдап чыгарган. Төмөндө Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери Жеңиш Дөңбаев менен болгон маекти сунуштайбыз.

-Жеңиш агай, Таластын кайсыл айылынан болосуз?

– Кең-Аралдан. Белгилүү болгондой, айылыбыз таланттарга бай. Маданият, өнөр жагынан астыга озгондор аз эмес. Илимде из калтырган окумуштууларыбыз бар. Таланттуу адабиятчылар, акындар, философтор чыккан. Албетте, спорт жагынан да куру эмеспиз, айылыбыздан Кыргызстандын чемпиону болгон Эшим Кутманалиевге окшогон кыйын спортчулар чыккан. Эшим аке кийин Улуттук олимпиада комитетин башкарып жүрдү.

– Сиз спортко кайсы жылдары келдиңиз?

– 1964-жылы азыркы Бишкек, андагы Фрунзеге келдим. Мен 1965-жылдан күрөшкө катыша баштадым. 1972-жылга чейин күрөштүм, анан машыктыруучулукка өттүм.

Ушул жылдар аралыгында республиканын бир нече жолку, Бүткүл Союздук «Буревестник» спорт коомунун борбордук кеңеши менен СССР профсоюздарынын 9-спартакиадасынын (1969) чемпиону болдум.

– Сиз машыктырган спортчулардан чоң ийгиликтерге жетишкендери барбы?

– Спорттогу ийгиликти чоң же кичине деп бөлүп кароого болбойт. Бул бир пешенеге жазылган нерсе. Дүйнөнүн, олимпиаданын чемпиону болууга шансы болуп туруп, болбой калган учурлар болот. Кенжебек Өмүралиев деген балбан жигитим СССРдин 6, Европанын 4, СССР элдеринин спартакиадасынын, КРнын бир нече жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери болду. Мына ушул жигиттин дүйнөнүн жана олимпиада чемпиону болууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар эле.

– Анда неге чемпион болбой калды?

– Кенжебектин жылдызы жанып турганда, ал күрөшкөн салмакта эки ирет олимпиа-
данын, 6 жолу дүйнөнүн чемпиону болгон Арсен Фадзаев деген осетин бар болчу. СССР курама командасынын машыктыруу-чулар кеңешинин көпчүлүгү кавказдыктар эле. Фадзаев дүйнөгө таанылып калган соң, эл аралык мелдештерге аны гана катыштырып, башкаларды өткөрбөй коюшту. Не дей аласың. Фадзаев Кенжебектен бир аз мурдараак чыгып, атак-даңкка жетишип калган. Болбосо, СССР ичиндеги спорттук жыйындарда Кенжебек Фадзаевди утуп алган учурлары болгон. Биз канчалык чырылдаган менен партфункционерлер бизди угушкан жок. Ошентип, Фадзаевге окшогондордун айынан далай балбандардын, анын ичинде Кенжебектин багы ачылбай калды. Спорттук ийгилик – бул пешенеге жазылган нерсе дегенимдин бир себеби ушул. Спортто деле кудум турмуштагыдай, ар кандай окуялар, күтүүсүздүктөр болушу толук ыктымал.

– Ка-ап, ошентип Кенжебек эл аралык мелдештерге катышпай калдыбы?

– Убакыт күтүп турбайт экен. Аңгыча, 1991-жылы эгемендик алдык. Кыргыз спортчулары үчүн эл аралык мелдештерге катышканга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылды. Мен Кенжебекти таап, машыктырып, 1994-жылы дүйнөлүк чемпионатка алып барып, 3-орунду алды. Кенжебекте дүйнөнүн чемпион болуу мүмкүнчүлүгү толук бар эле. Кара басып, чоң беттештердин учурунда суук тийгизип алды. Мен деле улам айтып, эскерткендей болгом, өзү деле саксактап жаткан. Болбой эле кийинки атаандашынын күрөшкөнүн карап жатып, суук тийгизип  алыптыр. Унчукпай бармагымды тиштедим. Ооруп турганы көзүнөн көрүнүп турду. “Эми эмне кылабыз, Кудайдын пешенеге жазганын көрөбүз да” дедик. Ооруп турганына карабай, килемге чыгып, атаандашын эңип кетти.

Жашы да өтүп кеткен маал эле. Машыкпай, спорттук формасын жоготуп койгон. Мына ошондо да, бир аз гана машыгып барып, 3-орунду алды. Эгер Кенжебек баралына толуп турганда, Кыргызстан эгемендигин алган болсо, анда ал дүйнөнүн, олимпиаданын бир нече жолку чемпиону болмок. Себеби, Кенжебекте чыныгы балбандык талант бар эле, финалга жакындаган сайын күч алчу. Күрөшүп жатып, жаңы ыкмаларды колдонуп жиберчү.

Азыр спорттук мектептердин биринде машыктыруучу жана анын жетекчиси болуп иштеп жүрөт. Өзү күрөшпөй калган менен спорттон кеткен жок.

– Кийин да Кенжебектей мыкты балбандар чыктыбы?

– Анан бир тууган Изабековдор чыкты. Чынарбек менен Нурбек бир атанын балдарынын балдары. Бул залды салган Чынарбек кичүү бир туугандын баласы. Нурбек улуу агасынын баласы. Алар чыккан мезгилде союз тарап калган. Алар да чоң-чоң мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишти. Азыр болсо, өздөрү машыктыруучу болуп, дүйнөгө таанылган спортсмендерди даярдап чыгып жатышат.

– Бир спортсменди өстүрүп чыгууга канча жыл керек?

– Дүйнөлүк чемпионатка алып чыгуу үчүн кеминде 10-15 жыл керек. 10 жылда көпчүлүк учурда жетилбей калат, 15 жылда толук бышат.

– Балдар канча жаштан күрөшкө катыша баштайт?

– Кээлери 7-8де апкелет. Бу курак эртерээк, 10-11 жашы туура. Келгенде эле дароо күрөшүп кетпейт. Ыкма, айла-амалдарды үйрөтө баштайсың. 12-13 жашынан кызыга баштап, анан өжөрлөрү күрөшүп кетишет. Мурда өспүрүмдөр арасында мелдештер дээрлик жок эле, азыр 15,16 жашар өспүрүмдөр арасында азиялык, дүйнөлүк мелдештер бар. Мыктылары ошол мелдештерге катышып, кыйындары андан ары кетет.

– Күрөштө эң башкысы эмне? Күчпү, же күрөштүн ыкмаларын билүүбү же тер төккөн эмгекпи?

– Эң негизги талант – бул акыл. Мээ иштеши керек. Баш компьютердей иштесе, күчтү бат эле топтоп, жетпегенин жеткирип алса болот. Анан барып, ылдамдык, шамдагайлык, андан соң гана күч керек. Ошонун баарын баш башкарат. Билбегендер күрөштө күч болсо эле жетиштүү деп ойлошот. Жок, андай эмес. Күрөш бул шахмат сыяктуу. Атаандашыңа жараша тактика, стратегия пайдаланбасаң, канчалык кара күчүң болсо да, жеңилүү ызасын тартып калуу бат эле.

– А эмне маанилүү?

– Күрөштө майда-барат эч нерсе жок, баары маанилүү, күрөштүн ыгын, техникасын, аларды кантип пайдаланууну бил-мейинче күрөшө албайсың. Күрөштө психолог да болуп кетесиң. Атаандаштын абалы кандай, ал эмнени ойлоп жатат, кандай даярданган, алдын ала ойлонуп, баамдап турушуң кажет. Балбан күрөшкө чыгардын алдында кандай толкунданып жатат, ушунун баарын мээ аркылуу өткөрүп, атаандаштын алсыз жактары эмнеде, талдайсың. Буга бир саат, эки саат эмес, саналуу секунддар кетет. Мына ошол саналуу секунддарда баарын акыл элегинен өткөрүп, шамдагайлык жана чапчаңдык менен илип кеткен спортчулар гана чемпион болушат.

Кайра-кайра машыга берсең, чеберчилик, күч өсө берет. Илбирстей илгирлик, жолборстой шамдагайлык табияттан берилген нерсе. Бул өөрчүбөйт. Кичине-кичине кошулушу мүмкүн.

– Табияттан берилген нерсени өөрчүтүш кыйын экен да?

– Ооба, акыл да табияттан берилет. Бирок, аны өстүрсө, болот. Күнү-түнү ойлонуп, кандай айла менен күрөшсөм, кандай ыкманы пайдалансам деп күрөш менен дем алып, күрөш менен жашаса, анын акыбети кайтат. Атаандашыңдын артыкчылыгын, кемчилигин, өзүңдүн артыкчылык менен кемчиликтериңди билишиң керек. Анан ошого жараша аракеттенип, амалкөйлүккө барсаң, утасың. Муну тактика деп коёт. Таймаштын тагдырын секундалар чечет. Шамдагайлык, илбирстей илгирлик ушундайда керек. Атаандашың ойлонгонго жетишпей калгандай ылдам болсоң, ал эмне болуп кеткенин өзү да түшүнбөй калат.

– Машыктыруучу кандай болушу керек?

– Машыктыруучу ошонун баарын башынан өткөргөн, тажрыйбалуу киши болушу абзел. Окуучуң кайдан, эмнеден ката кетирип жатат, көрүп турушуң керек. Анын баарын айтып, улам эскертип турасың. Күрөш музыка сыяктуу татаал нерсе. Күрөштө татаал, кылдат ыкмалар болот. Ошолорду чебер колдонбосоң, алдырып коюшуң ыктымал.  Аны билбеген машыктыруучулар канча? Демек, балбандагы талантты ачуу үчүн машыктыруучу кыйын болушу керек.

Курама команданы чоң мелдештерге даярдаган машыктыруучулар кыйын болсо, балбандагы биринчи машыктыруучусу байкабай калган кемчиликти жоюп, андан ары алып кетет. Кайсы ыкманы өөрчүтүп, кайсы тактиканы кошуш керек, муну балбанга машыктыруучу шыбырап айтып турбаса болбойт. Тактика — ыкманы кайсы учурда кантип колдонуу керек деген нерсе.

Мелдештерде машыктыруучу балбандын кемчилигин айтат, ката кетирсе, аны айтат, артыкчылык кылып жатса, ошол ыкманы пайдалан, токтобо, коркпо, бол эле бол деп сүрөп турат. Балбан күмөнсүгөн нерсени күмөнсүбөй акыр аягына чыгар деп айтып турат.

– Азыр дүйнөдө кайсы өлкөнүн балбандары күчтүү болууда?

– Япондор 40-50 жылдан бери күрөштө туруктуу жеңишке жетип келатышат. Балбандары да, машыктыруучулары да мыкты. Венгерлер анчейин күчтүү эмес. Бир кезде мыкты балбандар чыкканы ырас. Иранда балбандар көп. Ар бир кварталында киши толтура күрөш залдары бар.

– Бүгүнкү күндөгү кыргыз күрөшүнө кандай баа бересиз?

– Акыркы жылдарда кыргыз күрөшү дүйнөгө таанылып, өзүнүн татыктуу жогорку ордун ээлеп калды. Күрөштүн деңгээли өстү. Бул үчүн машыктыруучуларга да, балбандарыбызга да бали деп коюшубуз керек. Мунун баары биздин мамлекет спортко чоң көңүл бөлүп жаткандыгынан болууда. Ошондой эле Чынарбек Изабековго окшогон күрөштү сүйгөн, ага чын дили менен берилген демөөрчүлөрдүн салымы аз эмес.

Буюрса, кыргыз күрөшү көтөрүлүп, өзүнүн жолун, жүзүн таап калды. Эми ушул ийгиликтерибизди салтка айландырып, жеңиштерибизди бекемдеп, балбандарыбыздын жана машыктыруучуларыбыздын улам жаңыланган муунун өстүрүп, жарым кылым, бир кылым балбандарыбыздын далысы жер жыттабашы абзел. Мына ошондо кыргыз күрөшчүлөрү килемге чыкканда, дүйнө селт этип алгандай болот.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар