Азыр интернет өнүгүп, бардык маалыматты социалдык түйүндөрдөн алып калдык. Мамлекеттик мекемелердин басма сөз катчылары деле пресс-релиздерин журналисттердин электрондук даректерине же өздөрүнүн расмий сайтына, социалдык түйүндөгү баракчаларына жарыялап жатышат.
Биз бул жолу мамлекеттик органдардын расмий интернет сайттары кандай иштейт, окурмандардын маалымат алуусуна шарттар түзүлгөнбү, ошону байкап көрдүк.
Юстиция министрлигинин сайты: https://minjust.gov.kg/. Сайтка киргенде биринчи болуп кыргызча бөлүмү ачылат. Сайтка жаңылыктар аз жайгаштырылат. Ал жердеги статистикага таянсак, жумасына 10 миңдей киши сайтка баш багат. Аталган министрликтин басма сөз кызматында 2 кызматкер жана 1 инженер иштей турганы сайтта көрсөтүлгөн.
Финансы министрлигинин сайты: https://www.minfin.kg/. Сайтка киргенде алгач кыргызча версиясы ачылат. Кыргыз орус тилдеринде да материалдар дээрлик күн сайын жайгаштырылып турат.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин сайты: https://digital.gov.kg/. Көбүнчө аткарылган иштердин статистикасы башкы бетке жайгаштырылат. Басма сөз кызматынын пресс-релиздери жумасына бир экиден жарыяланат. Сайтка алгач киргенде кыргыз тилиндеги версиясы чыгат.
Билим берүү жана илим министрлигинин сайты: https://edu.gov.kg/. Бул сайтка дагы алгач кирген адам орус тилдүү версиясына кабылат. Сайттын кыргыз жана орус тилиндеги версиясына күнүнө бирдей мазмундагы 2-3 пресс-релиз жайгаштырылат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин сайты: https://mtd.gov.kg/. Биринчи бети кыргыз тилинде жасалган. Орус тилиндеги версиясы менен кыргызчасын салыштырганда айрым кыргыз тилиндеги маалыматтардын орусча варианты жүктөлгөн эмес. Күнүнө 2-3 пресс-релиз сайтка жарыяланып турат.
Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин сайты: https://mtd.gov.kg/. Алгач орус тилиндеги маалыматтарды көрсөтөт. Башка министрликтерден айырмаланып, күнүнө 5-6 пресс-релиз жарыялаган учурлары да болот.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы сайтка анчалык деле көңүл бурбайт окшойт: https://minculture.gov.kg/. Сайттын эки версиясында тең акыркы жолу маалымат бир жума мурда жарыяланган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сайты: https://mnr.gov.kg/ru. Сайтка баш баксаңыз, алгач орус тилдүү жаңылыктарга күбө болосуз. Аталган министрликтин басма сөз кызматы сайтка материалдарды активдүү жайгаштырат экен.
Тышкы иштер министрлигинин сайты: https://mfa.gov.kg/. Орус тилдүү версия-сын биринчи орунга койгону менен эки тилде тең жаңылыктарды көп жарыялаарына күбө болдук.
Өлкөбүздүн коопсуздугуна жооп берген Коргоо министрлигинин сайты: https://www.mil.gov.kg/ru. Бул сайттан күнүнө бир-экиден жаңылык жарыяланганын көрө аласыз. Кээде 2-3 күндө бир маалымат жайгаштырылат.
Экономика жана коммерция министрлигинин сайты: https://mineconom.gov.kg/ru. Орус тилдүү версиясына караганда кыргызчасына материалдар аз жарыяланат.
Ички иштер министрлигинин сайты: https://mvd.gov.kg/. Көбүнчө сайттын кыргыз тилдүү версиясына басым жасашат. Мында басма сөз кызматы тарабынан жарыяланган материалдар күнүнө 5-6га чейин жетет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сайты: https://mlsp.gov.kg/. Эки тилде бирдей пресс-релиздер сайтка чыгарылат.
Энергетика министрлигинин сайты: https://minenergo.gov.kg/. Бир күндө бирден, кээде эки күндө бирден маалымат чыгарылат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайты: https://www.mchs.gov.kg/. Бул министрлик сайтын эң активдүү колдонгондордун катарына кирет. Сайтында расмий жаңылыктар көп жайгаштырыла турганын көрдүк.
Саламаттык сактоо министрлигинин сайты: https://med.kg/. Кээде күнүнө 2-3 материал чыгарат. Кээде, тескерисинче, 2-3 күн материал жарыяланбай калган учурлары да болот.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин сайты: https://gknb.kg/. Бирок, мындагы маалыматтар эски, акыркы убакытта жаңылары жарыяланган эмес. Ал эми УКМКнын расмий басма сөз кызматы журналисттерге вотсап тайпасы аркылуу маалымат таратат.
Мамлекеттик салык кызматынын сайты: https://sti.gov.kg/. Сайттын кыргыз, орус тилдерине бирдей эле күнүнө 1-2ден материал жайгаштырылат.
Жыйынтыктап айтканда министрликтердин басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү расмий сайтка күн сайын жаңылыктарды жайгаштырбайт. Алар көбүнчө социалдык түйүндөр, анын ичинде электрондук почта жана вотсап тиркемеси аркылуу журналисттерге маалымат жеткирүүнү эп көрүшөт
Султанбек Аманбек уулу, «Кыргыз Туусу»