Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Акмат Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейи

Акмат Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицей (№39 КЛ) алгач  1968-жылы Токтогул районунун эски борборунда №19 кесипчилик техникалык окуу жайы болуп уюштурулган. 1972-жылы райондун борборуна көчүрүлүп, 1978-жылы №39 айылдык орто кесиптик окуу жайы катары окуучуларга кесип менен бирге орто билим берүүнү баштаган. 1984-жылы №39 орто кесипчилик техникалык окуу жайы, 1994-жылы окуучуларды жалаң кесипке даярдаган окуу жай, ал эми 1997-жылы №39 кесиптик лицей болуп түзүлгөн. 2000-жылы окуу жайга СССРдин Кесиптик билим берүүсүнүн отличниги  Акмат Бердалиевдин ысымы ыйгарылган.

Окуу жай өз ишмердигин баштагандан тартып кыш кыноочу, сырдоочу, столяр, плотник, тракторист, унаа айдоочу, электрик, балчы, тигүүчү, эсепчи ж.б. кесиптер боюнча 10 миңден ашуун адистерди даярдап чыгарды. Азыркы учурда окуу жайды Усенканова Айжан Казыбековна жетектейт.

Кесиптик лицейдин ишмердүүлүгү

Кесиптик лицей – кесиптик  башталгыч билим берүүнүн программалары
боюнча квалификациялык эмгектин кызматкерлерин даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону жүзөгө ашырат жана өз ишин КРнын
Конституциясынын, КРнын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, ошондой эле типтүү Уставдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырат.

Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунда билим алуучуларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кесиптик башталгыч билим берүүнүн кесиптеринин жана адистиктеринин тизмесине ылайык кесиптер (адистиктер) боюнча жүргүзүлөт.

№39 кесиптик лицей азыркы учурда төмөндөгүдөй жумушчу кесиптерге даярдоо үчүн лицензияга ээ:

  • Тигүүчү, тигүү жабдыктарынын оператору (окуу мөөнөтү 2 жыл);
  • Электргаз менен ширетүүчү, “С” категориясындагы автотранспорт каражаттарынын айдоочусу (окуу мөөнөтү 2 жыл);
  • Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты, “А,В,Г” категориясындагы тракторист-машинист, ”С” категориясындагы автотранспорт каражаттарынын айдоочусу (окуу мөөнөтү 10 ай);
  • Тикмечи (окуу мөөнөтү 10 ай).

Ченемдик документтерге ылайык эрезеге жеткен калк-ты, ошондой эле жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жолдомолору боюнча жана келишимдин негизинде акы төлөө аркылуу “Ашпозчу”, “Электр жана газ менен ширетүүчү”, “Тигүүчү”, “Жыгач уста”, “Чач тарач”, “Жеке компьютердин оператору” кесиптерине үч айлык мөөнөттө даярдайт.

Окуу жай жалпы орто билим берүү боюнча 2026-жылга чейин, ал эми жогоруда белгиленген кесиптер боюнча 2029-жылга чейин аккредитациядан өткөн.Кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн адамдарга тиешелүү билим деңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтер: жалпы орто билими тууралуу аттестат жана диплом берилет.

Азыркы учурда окуу жайда тажрыйбалуу мугалимдер, инженердик-педагогикалык кызматкерлер эмгектенет. Алардын арасында Билим берүүнүн мыктысы, Кесиптик билим берүүнүн мыктылары бар.

Өндүрүштүк окутуу

Лицейибизде 2 ширетүү цехи, 4 тигүү цехи, 1 ашпозчу цехи, 1 жыгач иштетүү цехи, 1 трактор жана бир ГАЗ-53 маркасындагы автомобиль бар.  Жумасына 1-2 жолудан өндүрүштүк окутуу болот. Студенттер өз колунан жасалган буюмдарды даталуу күндөрү шаарыбызда өткөн иш-чараларда көргөзмөгө коюп сатышат.

Быйыл биринчи жолу окуу жайыбыздан таштанды салуучу контейнер жасалып, аймактагы мекеме-ишканаларга, айыл өкмөттөрүнө сатылып жатат. Бул саамалык – студенттердин кесиби боюнча көндүмдөрүн арттыруу менен бирге окуу жайга каражат табууга да чоң өбөлгө болууда. Ошондой эле азыркы учурда актуалдуу болуп жаткан тазалык, айлана-чөйрөнү булгабоо демилгесине окуу жайдын кошкон салымы катары жүргүзүлүп жаткан аракет катары саноого болот.

Мындан сырткары тигүүчү кыздарыбыз тарабынан шейшептер, супара, сүлгү ж.б. буюмдар тигилип чыгарылып жатат.

“Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (фермер) кесиби боюнча билим алып жаткан окуучуларды иш ордунда окутуу максатында Токтогул райондук №23 жол-тейлөө башкармалыгы, Токтогул электр тармактары, Токтогул токой кызматы, Токтогул шаардык мэриясынын “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы ж.б. мекеме-ишканалар менен келишим түзүлгөн. Жакынкы аралыкта чакан ГЭС “Кайнама” ЖЧКсы менен кызматташуу максатында келишим түзүү макулдашылды.

Аймактагы эмгек рыногунун талабына ылайык, окуу мөөнөтү 2 жылды түзгөн “Ветеринардык санитар – “В” категориясындагы – автомобиль айдоочу” кесибине даярдоону 2025-жылы баштоо аракеттери көрүлүп жатат.

Тарбиялык иштер

2023-2024-окуу жылында окуу жайда КРнын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы “Манас” эпосунун үчилтиги “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндөгү” Жарлыктарынын негизинде окуу жайда кароо-конкурс-тар уюштурулган. 2024-2025-окуу жылында КРнын Президентинин “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгынын алкагында окуу жайда илимий конференция өткөрүлөт. Ошону менен катар КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарынын, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын тапшырмаларынын негизинде тарбиялык маанидеги ар кандай иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат.

№39 КЛде капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн ашкана жана жатаканасы бар. Жалпы окуучуларга бир маал ысык тамак, ал эми жатаканадагыларга 3 маал тамак-аш,  жакшы окуган жана социалдык жактан коргоого муктаж окуучуларга мамлекет тарабынан стипендия берилет. Жатаканада жашаган окуучуларга бекер шахмат жана кол өнөрчүлүк боюнча ийримдер уюштурулган. Кол өнөрчүлүк ийириминде окуучулар кийизден, чийден ар кандай буюмдарды жасоону үйрөнүшөт.

Жай мезгилинде кесиптик лицейдин студенттери үчүн Чычкан капчыгайындагы “Өйүш-Булак”  лагеринде жана Ысык-Көлдөгү “Келечек” балдардын эс алуу лагеринде эс алуулар уюштурулат. “Өйүш-Булак” балдардын эс алуу лагери Токтогул районунун Чычкан капчыгайында, тоо койнунда жайгашкан. Жыл сайын жай мезгилинде бир агымда Токтогул району боюнча 50-60 бала келип эс алып кетишет. Лагерди керектүү каражат менен каржылоо, ремонт иштерин жасоо, лагерь карамагындагы чакан ГЭСти иштетүү толук бойдон окуу жайдын мойнунда. Быйыл өз күчүбүз менен лагерге темирден 2 кабаттуу кровать жасоону уюштуруп жатабыз. Эс алуучуларга орундарды көбөйтүү, шарттарын мындан да жакшыртуу – жакынкы убактарда ишке ашыра турган максаттарыбыздын бири.

Азыркы учурда Акмат Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицей –  жаштарды билим берүү менен кошо эмгек талабына ылайык жумушчу кесиптерге даярдоого толук мүмкүнчүлүгү жана шарты бар окуу жай. Изденүү, аракет жана алдыга жылуу – биздин негизги принциптерибиз. Андыктан, жакынкы жылдарда аймактагы абройлуу окуу жайлардын бирине айландырууга №39 кесиптик лицейде эмгектенген жалпы кызматкерлер болгон күч-аракетин жумшай бермекчи.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар