Четверг, 26 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

Режиссер Эльдар ТУРДУМАМБЕТОВ: “Актриса кыздарды көпкө кармоо кыйын”

Азыркы режиссерлор кандай иштеп жатышат? Эмне үчүн акыркы мезгилдеги кинолор көбүнчө коммерциялык багытта болуп калды? Бул суроолорго жооп алуу үчүн “Кокуй кошуна”, “Ракета”,  “Келинка” сериалынын, “Делбирим” кинофильминин кыргызча версиясында тең режиссер (сорежиссер) жана башка кинолордун режиссеру, ондогон кинолорго сценарий жазган Эльдар ТУРДУМАМБЕТОВ менен маектештик.

– Кыргызстанда коммерциялык багыттагы кинолор көп тартылып жатышына кандай көз караштасыз?

– Кинону бизнес катары кабыл алуу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Суроо-талап болгон үчүн улам-улам жаңы кинолор тартылууда. Мындан 5-10 жыл мурда видеонун сапатына көңүл бурулчу эмес. Азыр камера, үн сапаттуу болушу зарыл. Мурда киного атайын музыка жаздырылбаган. Азыр сүрөтчү жок кино тартпайсың, мурда керек болсо гримдөөчүсү жок деле кино тарта берчүбүз. Бүгүнкү күндө ошолордун баары артта калды. Өзүнүн күчүнүн жетишинче көрарман топтоп алган режиссерлор азыр кино тартып жатышат.

– Азыр кино тартууга каражат мурдагыдан да көбүрөөк кетсе керек?

– Мен 2021-жылдан бери кино тарта элекмин. Быйыл кино тартайын деп команда топтосом, баалар үч эсе көтөрүлүптүр. Мурда миң сомго ойноп жүргөн актерлор азыр минимум беш миң сомго келишет экен. Буга чейин  блогерлер, «тамашоучулар» киного көп тартылышчу. Азыр театр актерлору көп тартыла башташты. Эмнеге деген суроо жаралбай койбойт, анткени блогерлер, вайнерлер жалаң тамашанын үстүндө жүрүшөт. Алар кесипкөй актер болбогону үчүн кинодо алардын айрым  ролдору жакшы окшошпой калат.

– Эмне үчүн бизде азыр жаңы актерлор аз? Кайсы кинону караба баягы эле ойноп жүргөндөр болушат. Жаңы жүздөрдү алып чыкса болбойбу?

– Ушунун баары айланып келип акчага такалат. Мисалы, эң жөнөкөй кино тартуу үчүн 50 миң доллар акча коротосуң. Ал акча өзүңдө жок болсо, карыз же насыя акча алып кино тартасың. Ошол карызды жабыш керек болот. Ал үчүн кино көп киреше алып келе тургандай болуусу кажет. Ошондуктан эл тааныган, артынан киного көрарманын ээрчитип келе ала турган актерлор менен иштейсиң. Кайра-кайра бир эле актердун киного тартылып жатканы ошондон.

Эч ким тааныбаган актер менен эң мыкты кино тартсаң дагы эл келбейт, кино өзүн актабай калат. Анткени, көрарман афишаны караганда эч ким тааныбаган бирөө турса кирбей коет. Кетирген чыгашаны актоо үчүн таанымал инсандарды тартуу маанилүү болуп эсептелет.

– Анда жаш актерлорду кантип тарбиялайбыз, азыркы популярдуу актерлор деле бир күнү карыйт дегендей…

– Жаштар чыгып жатышат. Азыр театрда иштеген жаштардын арасынан деле популярдуу болуп келаткандары бар. Акыркы 3-4 жылда жаңы жүздөр бир топ
чыгууда.

Чынын айтканда, эркектерден маселе жок, бирок актриса кыздарды көпкө кармоо кыйын. Альбина Имашева эже сыяктуу жаштайынан сахнада келаткан кыздар дээрлик жок. Кыздар 25-30 жашында турмушка чыккандан кийин карьерасын токтотуп коюшат. Театрдагылар эле улантып кетишет.

– Маданият жана искусство университетинен кадрлар жетиштүү деңгээлде чыкпай жатабы?

– Искусство университетинен киноактер жана театр актеру деп адистик алышат. Чынында ал жерде окуу оор, көп нерседен өтүш керек. Андай кыйын жолдон качып, вайнер, блогер болуп элге таанылып, кино тармагына аралашып кетем дегендер көп болуп жатат. Кесипкөй актер болом деген адам университеттен билим алышы керек. Анткени, блогер кайсы бир образды алат да, ошого ылайыктуу гана ролдорго барат. Андан башка ролдорго жарабай калат. А кесипкөй актер кайсы гана роль болбосун ойноп кете алат.

– Блогерлер, вайнерлер бир жарк этип кайра өчүп калат десек болобу?

–  Мен антип айткандан алысмын. Себеби, азыркы кыргыз киноиндустриясын “Тамашоунун” жигиттери кармап турат десек болот. Ошол тамашоучу жигиттердин өздөрүнүн шакирттери пайда болуп, алар дагы кино тартып калышты.Алардын кинолоруна суроо-талап болуп жатканы үчүн калың журтка жетип жатат.

– Мамлекет буюртма берип тарттырган кинолор эмне үчүн коомчулукта анчалык популярдуу боло албайт?

– Мамлекет тарттырган кинолор ички рынокко эмес, эл аралык фестивалдарга катышууга басым жасашат. Ошондуктан ал кинолор көбүнчө кинотеатрларда коюла бербейт.

– Мурда региондордо кинотеатрлар жокко эсе болчу, азыр дээрлик ар бир райондо ачылып калды. Бул кыргыз киносунун көрүүчүлөрү көбөйдү дегенди билдирет десек болобу?

– Кыргыздын коммерциялык киносунун өнүгүшүнө Садык Шер-Нияздын салымы зор. Ал киши көп нерсени калыпка салып, бир нукка түшүрө алды. Аймактарда кинотеатрлардын ачылып жатышы чынында көрармандардын көбөйгөнүнүн көрсөткүчү. Кыргызстандагы популярдуу кинолордо түшкөн кирешелерди эске алганда, биздин элдин ар бир алтынчысы киного кирет деген кептер бар.

Сиз билесизби, кыргыздар чет өлкөнүн кинолорун кинотеатрдан көп көрө беришпейт. Бир жылдары коңшу Казакстан өздөрүнүн киносун алып келишкенде биздикилер кирбей коюшкан. Азыр биздин кинолор кошуна өлкөлөрдүн кинотеатрларында чоң касса чогултууда.

– Кино дайыма эле кирешелүү боло бербейт да, тарткан кинолоруңуз өзүн актабай калган учурлар болду беле?

– Ар бир режиссердо мындай окуя болот го дейм. Менде да болгон, атын атабай эле коеюн, бир киномдон 20 миң доллар чыгым болгом. Дагы бир кино 5 миң долларга банкрот кылган.

Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар