Азыр жаш-кары дебей, айрыкча узак жолго унаа айдаган айдоочулар энергетикалык суусундуктарды көп колдоно башташты. Адамдын чаалыгуусун басып, сергектендирүүчү бул суусундуктардын организмге зыяны чоң экенин көбү биле бербейт, билсе да көңүл бурбайт.
Мындай суусундуктарды чыгаргандар өздөрүнүн жарнамасында: “Бул суусундук адамдын кан айлануусун жакшыртат, уйкуну ачат”, – дешет. Чынында химиялык заттардын таасири астында жүрөктүн согуусу тездейт. Анын натыйжасында адамдын уйкусу кандайдыр бир мөөнөткө ачылат.
Энергетикалык суусундуктарды 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга, нерв жана жүрөк оорулары менен ооругандарга ичүүгө болбойт.
Американын улуттук медициналык изилдөө борборунун маалыматына ылайык,
энергетикалык суусундуктарды 12-18 жаштагылар күнүнө 100 грамм, ал эми чоң адамдар 400 грамм ичүүсү жетиштүү болуп саналат. Андан көп өлчөмдө колдонуу ар кандай коркунучтарга алып келет. Энергетикалык суусундуктар 450-500 граммдык идиште таңгакталат. Бул суусундуктун негизги курамын кофеин менен таурин түзгөндүктөн, аны ашыкча колдонуу жүрөк аритмиясына кабылтат. Кофеинди ашыкча колдонуу психиканын бузулушуна, зат алмашуунун начарлашына, бөйрөк ооруларына жана семирүүгө алып келет. Дарыгерлер энергетикалык суусундуктарды ачка болгон кезде ичпөөнү сунушташат.
Адам 300 грамм энергетикалык суусундук ичкенде кандагы глюкозанын курамы кыска мөөнөткө көтөрүлөт. Адамдын организми акырындык менен ошого көнө баштап, бара-бара көп өлчөмдө иче баштайт.
Кардиологдордун айтымында, мындай суусундуктарды адаттан тыш көп колдонуу жүрөктүн кан басымынын көтөрүлүшүнө, тахикардияга алып келет. Эгерде, адамдын жүрөгү дайыма бат-баттан согуп турса, бул жүрөктүн чоңоюп, чоюлуп кетишине алып келет. Жүрөктүн чоюлуп кетиши бул жүрөктүн өнөкөт алсыздыгына чейин жеткирет.
Спорт менен машыгуу алдында же андан кийин энергетикалык суусундукту ичүүгө такыр болбойт. Анткени, бул учурда адамдын организминен кофеин көп бөлүнүп чыгып турат. Анын үстүнө кошумча энергетик ичүү өтө кооптуу абалды жаратат. Мисалы, 2000-жылы ирландиялык 18 жаштагы бас-кетболист оюн учурунда көз жумган. Ал оюнга чейин 3 бөтөлкө энергетик ичкени аныкталган. 2011-жылы Латвиянын Рига шаарынын мэри марафондо чуркап баратып энергетик ичкен. Финишке 1 чакырым калганда эстен танып жыгылган. Бактыга жараша аны дарыгерлер сактап калышкан.
Эң алгачкы энергетикалык суусундук Улуу Британиядан “Glucozade” деген ат менен чыккан. Аны алгач дарыгерлер медициналык каражат катары колдонушкан. 1984-жылы “Red Bull” аталышындагы суусундук чыккан соң, ал дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүндө сатыла баштаган.
Эске салсак, 2023-жылдан тарта Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынган. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.