Четверг, 26 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

Тарыхчылар жаза албаган тарыхты акын жазган же кыргыз поэзиясына постмодернизмдин келиши

Адабиятта жаңылык күндө эле жарала бербейт. Себеби, жаңылык алып келүү машакаттуу да, татаал да, кыйын да иш. Жаңылыкты ыр токуган катардагы жазмакерлер жарата албайт, аны талант даарыган акындар гана талбаган эмгек, кызылдай  мээнет менен жасай алат.

Ошол жаңылыкты карапайым окурмандар, ал турсун адабий коомчулук да оңойлук менен кабыл албайт. Бир кезде капитализм гүлдөп, завод, фаб-рикалардын ышы каптап, кебетеси кеткен Париждин чаң баскан көчөлөрүн, сел-саяктарын, шаар элинин нраваларынын бузулушун, адамдардын пейилинин тарып, амалкөй, эки жүздүү болуп баратканын, эстетикалык ажайыптуулук менен көрө билген Шарль Бодлер ХIХ кылымда биринчи жолу символдор менен ырга салган экен. “Турмуштун жалаң жаман жагын да жазабы?” – деп демейде сергек табиттүү Париждин окумал чөйрөсү аны кабыл албай, символизмди негиздегенине карабастан, акын сындын кара чабуулуна  кабылган.

Эркин ырдын башатында турган америкалык акын Уолт Уитмендин “Чөп жалбырактар” деген ыр китеби жарык көргөндө, муун-өлчөмү, аллитрация, ассонансы, ал турсун уйкашы да жок мындай ырларды эч ким кабыл албай “ушул да ырбы?” – деп акын-жазуучулар, сынчы, адабиятчылар баш болуп китепти ыргытышкан. Жаңылыктын элге алынуусу, өзүнө жол таап кетиши оңой болбогонун ушул фактылар кашкайта далилдеп турат.

Ал эми кыргыз поэзиясында чоң жаңылык болгон Сүйүнбай Эралиевдин “Жылдыздарга саякат” поэмасы жарык көргөндө Кыргызстан КП БКнын бюросунда каралып, Жазуучулар союзунда чоң талкуулар уюштурулуп, катуу сындар айтылып, көрө албагандар бир жагынан, көз арткандар экинчи жагынан, түшүнбөй башы маң болгондор капталынан чыгып, акынды төө бастыга алышып, каршылык катуу болгон. Бекеринен чыгарманын да өз тагдыры болот деп айтылбаса  керек.

Азыркы учурда  ыр китептери көп эле чыгып жатат, ал турсун  самандай сапырылган жеңил ырларын беш томдук, он томдук кылып чыгарган акындар да бар. Ырас колдоо иретинде акындарга наамдар берилип, сыйлыктар ыйгарылып жатат, бирок, андан поэзиябыз жаңы түскө ээ болуп, жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүп кеткен жери жок. Эл акындарынын халтураларын окуганда, “жазмакерге кор болгон кайран
наам” деп аргасыздан айткың  келет.

Жаңы ысымдар, жаш авторлор деле кошулуп жатат, бирок, жарк эткен жаңы илеп, жаңы боёк сезилбейт. Эски ойлорду, тааныш образдарды, салыштырууларды, уйкаштарды кайталаган, эпигончулук менен жазылган ырлар жер жайнаган сайдын ташындай көбөйдү. Ыр жазгандардын көпчүлүгү өзүнөн мурда айтылып калган ойлорду кайталап, образдарды туурап, тапталган жол менен баратканын деле аңдап билишпейт. Ушундан улам “бизде поэзияга  карата олуттуу мамиле, жанын таштап чымырканып изденген акын деле жок окшойт”, – деген ой келет.

Акын Өмүрбек Тиллебаевдин өткөн жылы жарык көргөн “Бата жана каргыш” аттуу романы поэзиядагы ушул дымып турган абалды бузду десек болот. “Ыр сели” каптап, халтура соцжелени ээлеп, доорону жүрүп жаткан кезде бул чыгарманын жарыкка келиши күтүлбөстүк болду. Роман адаттагыдай чиеленишкен сюжеттерден,
каармандардын кагылышуусун шарттаган окуялардан турбайт. Чыгарма өзүнүн формасы, мазмуну жагынан кыргыз адабиятындагы А.Токомбаев, А.Токтомушев, О.Султанов, С.Жусуевдин ыр менен жазылган романдарынан кескин айырмаланып турат.

Белгилүү эле бир акын эскерүүсүн чыгарып, анысында башынан өткөн окуяларын, досторун какшыктап, мазактап жазып, “бул роман да, повесть да, аңгеме да эмес, жанры белгисиз”, – деп кашкайып эле көрүнүп турган эскерүүсүн табышмактантып, каадаланган жайы бар. Ал эми Ө.Тиллебаев чыгармасын “роман” деп жанрына так аныктама берген. Романдын форма, мазмуну кыргыз окурманы үчүн жаңы. Адабиятыбыздын тарыхында мындай форма мурда болгон эмес. Акын сюжет, окуялардан баш тартып, эски канондорду, жанрдык догмаларды бузуп, эркин стилде баяндоого өтүп, ар кандай стилдик формаларды колдонгон. Автор бирде жети, сегиз муундуу ыр тузүлүшүн колдонсо, бирде он эки муунга өтөт, бирде эркин ыр менен сабалатат, айтор мазмунга жараша форма табылган.

Эгемендүүлүккө ээ болгон 33 жыл өлкөбүздүн тарыхында өзүнчө бир доорго айланды. Ал тарыхты жазган аалымдар өзү кайсы бийлик учурунда кызматта жүргөн болсо ошол мезгилди макташып, мисалы, О.Ибраимов жазган тарыхында А.Акаев президент болгон мезгилди жетине албай мактаса, Нур уулу Досбол жазган эгемен Кыргызстандын тарыхында К.Бакиев өкүмдарлык кылган мезгилде “коммунизм” болгон экен.

Ооба, илимпоздорубуз өткөн тарыхка объективдүү карай албай, өз көмөчүнө күл тарткан учурлар көп эле болууда. Ал эми Ө.Тиллебаев өлкөбүз басып өткөн ошол эле тарыхтын трагедиясын ичкериден тереңизилдеп, ачып берген. Акын  өлкөбүздүн тарыхындагы  ошол оор жылдарды элибиз кантип башынан өткөргөнүн УТРКнын кабарчысы болуп иштеп, Ала-Тоо аймагын түрө кыдырып жүрүп өз көзү менен көргөн. Жылуу кабинетте отуруп алып, А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаев бийликте турган мезгилде ат үстүндө жүргөн мезгилин эстеп, ностальгия болуп, тарыхка субъективдүү карап, китеп жазымыш болгон эски аткаминер аалымдарчасынан эмес, акын чоң үмүт артып шайлаган элдин ишеничин актабай өлкөнүн 70 жыл жыйнаган байлыгын талап-тоноого жол берген президенттердин алтын кендерин саткан, миң жылдардан бери жаткан мөңгүлөрдү талкалаганын, эл кыйналган каатчылык мезгилди, иш издеп мигрант болуп азып-тозгон элдин саны миллионго жеткенин, экстремисттик диний секталар ээн жердин бөрүсүндөй өз билгенин кылып,  арааны жүрүп элдин башын айлантканы, маалымат технологияларынын, гаджеттердин жаш муунга тийгизген тескери таасирин, нааразылык болуп кан төгүлгөнүн, кримтөбөлдөр менен бийликтин кан-жини аралашып кеткенин, президенттердин өлкөнү сызга отургузуп, туңгуюкка алып барып кантип такаганын жана  чыныгы поэзия деген эмне экенин, чыныгы талант менен халтурщиктин ортосундагы асман менен жердей айырманы ыйманына камчы чаппай, ачык айтып, ак сүйлөп, ачуу чындыкты окурман журтуна  тартуулаган.

Эгемендүүлүк доору тажатма сюжеттер менен эмес, жаңы формада берилген. Лирикалык каармандын жеке тагдыры менен жалпы элдин турмушу синтезделип, азыр тарыхка айланган Кумтөрдүн сатылып, Чубактын кунундай бүтпөгөн ишке айланышы, Насирдин Исановдун өлүмү, Рысбек Акматбаев, Азиз Батукаев сыяктуу кримтөбөлдөрдүн окуялары, депутаттар Ж.Сурабалдиевдин, Б.Эркинбаевдин атылышы, буйрутма өлүмдөр, коррупцияга белчесинен баткан чириген бийлик сырлары тууралуу хроникалардан үзүндүлөр  берилген. “Библиянын”, “Курандын” түбөлүктүү идеялары, Гарсиа Лорка, Муса Жалилдин трагедиялуу тагдырлары романдын  гуманизмге сугарылган идеясына айкалышып турат.

Жыйынтыктап айтканда, акын пост модернизмдин даяр материалдарды кыйыштырган усулу менен доордун мүнөзүн, ички табиятын терең изилдеп, жаңы дүйнө тааным, жаңы модель менен эгемендүүлүк заманынын трагедиялуу образын мозаикалуу чагылдырып, кыргыз адабиятында ыр менен жазылган роман жанрын жаңы деңгээлге көтөргөн.

Аскар  МЕДЕТОВ,
филология илимдеринин кандидаты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар