Учурда бүтүндөй түрк дүйнөсүндө, түркмөн элинин классик акыны, улуу ойчулу Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу ТҮРКСОЙ тарабынан быйылкы жыл Мактымкулунун жылы деп жарыяланган. Төмөндө Мактымкулу Фрагинин айрым ырларын которуп жарыяладык.
Ушу кызык
Март адам бар, кедейлерге кайрымдуу,
Байлар да бар – бир тыйынын санаган.
Бирөөлөр бар сулуу үчүн бүт дүйнөнү берүүчү,
Бирөөлөр бар – бир эле үзүм нанды дагы аяган.
Көрө албастар айта берсин, көңүл бурба өзүнө,
Аны менен аш ичпегин дасторкондун четинде.
Кулду дагы көп басынтып, кулдугу үчүн жекирбе,
Байлар да бар – кулчалык да куну болбойт өзүндө.
Ат жакшысы алмаздан да баалуу жана барктуурак,
Анын ээси, дүйнө-мүлккө султанга да сатпаган.
Сүйүп карап, эртели-кеч сылап-сыйпап, таптаган.
Бирөөлөр бар – кайран атты качыр кылып таштаган.
Согуштарда дайым сага ишенимдүү дос керек,
Чоочундарга дос-тууган бол, ак кызмат кыл бузулбай.
Бакыт бизге – жакшы чыкса уулуң жана аялың,
Аттиң бирок, баарында эле боло бербейт ушундай.
Махтумкули! Ырахат ал, жыргалын көр дүйнөнүн,
Дүйүм тамак, сүйүү жана күлүк ат – кызыгына тойбогон.
Байкасаңар, молдо күндө үзбөй окуйт намазын,
Бирөөлөр бар, чекесин да жер жыттатып койбогон.
Сенин каштарың
Сулуу көрдүм – капкара экен каштары,
Аны көрүп Ай уялып, Күн кызарып батканы.
Бул сулуу үчүн жаным курман кечкенге,
Бой келбетин көрсөң бөөдө өрттөнбө.
Үнү назик, күлгөнүчү… тоонун шыңгыр булагы,
Үнү угулса арфа үндөбөй, жаагын басмак сыягы.
Сүйгөндөргө бул дүйнөдө баары сулуу, ажайып,
Кокусунан ажырашсаң, жүрөк сыздайт кан агып.
Сулуу көзү кумар отун аста турат өчүрүп,
Акынды да апкаарытат калган кезде кезигип.
Сулуу өзү шайтанды да бери тартып, имерет,
Кааласа эгер, бүт ааламды чабыштырып жиберет.
Мен Мактымкулу, тобо кылам буларга,
Башымды ийем жалгыз гана Кудайга.
Тагдыр иши
Согуштарда мерт болушту, өрт жигиттер көптөгөн,
Татаал тагдыр аябастан салып берди чалгыга.
Бардыгы тең, сокур тагдыр курмандыгы болушту,
Таңда күлсөң, түштө кайра алдырасың кайгыга.
Ажал өзү ала жүрөт кепинин, эч ким андан кутулбайт,
Ал уктабайт, жан бүткөндү алып тынат көрүнөт.
Ар күн сайын азайсак да, баарын жутуп жибербейт,
Бүгүн эле тирүү жүргөн, эртең жерге берилет.
Ук бакырым, сөз маанисин түшүнүп ал тереңдеп,
Дүйнө — майдан, биз оюнчу, көк астында бийлеген.
Бир күн келет, бардыгыбыз жер алдында калабыз,
Жандарга окшоп, бул дүйнөдө жашабаган, жүрбөгөн.
Кайда калды – кайран Харун салган чеп?
Кайда мүлкү сан жетпеген Феридундун эр жүрөк?
А Карундун ат башындай алтындары каякта?
Ким болсо да, акыр түбү жер алдында калат да.
О, Фраги, миң кубулган бул дүйнөнү карачы,
Керемет бул – суу ичинде оттун жанып күйгөнү.
Жек көрүндү пенделерди, баатырды да жараткан,
Кудайдын да бар сыяктуу, өзүнүн бир билгени.
Жол издешет
Акылдуулар акыл сурайт Кудайдан,
Акмак ыйлайт, аткарылбай талабы.
Кылыч билсең – эр жигиттин жарагы,
А коркоктор таяк кармай алабы?
Эси жоктор, акылманды жактырбай,
Өздөрүнүн жасай албайт айтканын.
Баса дагы, кээ бир кыздар шайкелең,
Жоготушат айрым иште баштарын.
Ар бир ишке акыры жооп бересиң,
Кедейлерди турмуш кайдан жарытат.
Падышалар, байлыктан баш айланып,
Сулуу аялдан үстү-үстүнө алышат.
Кыйын-кыйын бу дүйнөдө кедейге,
Өтөт өмүр, жокчулукта ар кандай.
Анан дагы жоготконуң досуңду,
Бир колуңду кыя чаап салгандай.
Ыйык деле эч нерселер калбады,
Медресе элдер барган жабылды.
Шербет жутсаң,берекелүү кеседен,
Бой чымырап, жыргатасың жаныңды.
Баатыр даңкы угулганда алыстан,
Коркок аттуу үйлөрүнөн чыгышпайт.
Дарысынан жакшы болуп кетишсе,
Ооругандар дарыгерди унутпайт.
Ооруң сенин онтотпосо чыдатпай,
Сен жатмаксың, үн чыгарбай балыктай.
О, Мактымкулу, кууса дагы камчы алып,
Сенин кайгың кала бермек айыкпай.
Өкүнүп кылат
Коркок менен баатыр жолу кесилишет кай бирде,
Коркок кантсин, баатыр көрсө келе калат эсине.
Бактысызды көрсө баары, бата түшөт кайгыга,
Үкү гана кайдыгер, учуп-конот урандылар четине.
Ал ким эле басып алып, багындырган дүйнөнү?
Бул жерде да чоң согушта жеңип жүрдү Рүстөм Зал.
Бар эле анын ишенимдүү, тайманбаган жигити,
Ал болбосо, кайдан анан жеңиштерге жетмек ал.
Айтылгандай лакапта: “Кайгы жанды кейитет”,
А абийириң шашса дагы, кушка жетпей түңүлөт.
Чочкоң түшкүр туулганда тосмо астына жер казып,
Чоңойгондо куйрук булгап, бакча карай жүгүрөт.
Ат мыктысын тандай билсең, согуштарда жеңесиң,
Ал жеткирет сүйгөнүңө, жоо колуна түшпөйсүң.
Жакшы билбес жигиттерди дос кылбагын өзүңө,
Балким алар, сырыңды ачып салаарын да күтпөйсүң.
Бийлиги бар, бирөөлөргө жакындашып дос болбо,
Шах кызына үйлөнөм деп, калба Кудай каарына.
Ак пейилдүү достор тапсаң, адашпайсың жолуңан,
Кудайды ойлоп, чын ниеттен мамиле кыл баарына.
Эски достун арасынан, татыктуусун тандай бил,
Досуң сага жөлөк болот, башың калса кайгыда.
Эгерде эле бактысыздык жылдар келсе өмүрдө,
Досуң сага ийнин тосуп, колдоп турат дайыма.
Шылуундар бар, колдон турган суурулуп,
Ушакчы бар, элди бузуп, досуңду да качырган.
Аксакал бар, күнөө кылып, уят-сыйды унутуп,
Кеңешине жалаң гана бай-башчыны чакырган.
Жаңы күндө көңүл ачып, шаттанайын деп ойлоп,
Байга барып айткым келди, керегимди бүтпөгөн.
Ал тилегим ашмак ишке, бир азыраак чыгынсам,
А бирок да жан дүйнөмдү кайгы басты күтпөгөн.
Карытса да кылымдарды, булут кетпейт чокудан,
Байлык жана жалганчылык – бактысыздык бардыгы.
А бир гана эр жигиттер байлык жөнүн ойлонбойт,
Эрдик, чындык, ар-намыс – ушул анын байлыгы.
О, Мактымкулу Кудай деген, эмнени айтып жатасың?
Бул насаатың угат кимдер, же кур сөзбү дарбыган?
Ал анткени – жан дүйнөмдө бүгүн турса гүл өнүп,
Кечке чейин шаттанам да, эртең кайра кайгырам.
Менгли тууралуу ыр
Айрылуудан азап тартып, кыйналдык го жарыгым,
О, Менгли эмне себеп, билгим келет, аныгын.
Бүт тирүүлөр өлүшүп, кайгыдан жер майышты,
Асман түшүп, жылдыздар да өчүп-күйүп жанышты.
А менин оорулуу жанымды, эзүүчүлөр кыя албайт,
Улукманым камактагы, мага кызмат кыла албайт.
Сүйүү мага көзүн салбайт, кайгы дагы бүтпөдү,
Арып-аздым, жан дүйнөмдүн азап болду түтмөгү.
Жоголду эми, көрбөйм кайра мындай укмуш дүйнөнү,
Ал аялдын эсте калды, жоругумду жактыргандай күлгөнү.
Жан дүйнөмдүн булагы да, бир күндө кырк ачылат,
Анан Абу-Ковсар суусун ичип, көксөгөнү басылат.
Мактымкулу күйүп чыкты, өнө бою от болуп,
А себеби, сенин көзүң, бир карады токтолуп.
Жаратканга жалынуу
О, Аллахым, эки жүздүүлүктүн жүгүн таштай албадым,
О, Аллахым, коркунучтуу оорудан кетчү болду дарманым.
О, Аллахым, мага бакыт келген экен, кеч билдим,
Кечир кулуң, мен дайыма бактысызмын деп жүрдүм.
О, Аллахым, ыпластыктан арылтып, агарта көр өңүмдү.
Акыр кыяматта кирпиктерим айтып берер жөнүмдү.
О, Аллахым, жан дилимден жатсам сага жалынып,
Шайтан келип, бузуп турду, кайдан-жайдан табылып.
О, Аллахым, күнөөлөрүм оордук кылат өзүмө,
Кечире көр, орозо кармап, жалынайын өзүңө.
О, Аллахым, куткара көр, өзүмдү ушул өзүмдөн,
Ач жолумду, өзүңсүң го баарын-баарын кечирген.
Укчу Фраги, сага тилиң жоо болбосун ылайым,
О, Аллахым, кечир мени, кыла көргүн ырайым.
Жашын төгөт
Ким кайгымды түшүнсө — өзүнүкүн айткандан да уялат,
Кудайдан башка, кимдер мени азаптардан чыгарат?
Кимдер билсе мен сүйгөндү, өзүнүкүн айтпастыр,
Талаа, кумдан издесе да Мажнунду эч ким таппастыр.
Бардык сүйүүлөрдөн, мага жакты мусулмандын сүйгөнү,
Аалам эли суктанышат, алган окшойт
багындырып дүйнөнү.
Алп акындар Низами менен Навои – уккан болсо дабышым,
Ары түртүп коюшмак, далай сонун ырларынын баарысын.
Түнү ыйлаймын, күндүз деле биле албаймын аныгын,
Сүйгөнүмсүз көрбөй турам, бул дүйнөнүн жарыгын.
О, Фраги, көп таарынбай, сабыр кылчы азыраак,
Чыдаган жан баарын жеңет, капасы да жазылат.
Которгон Темирбек АЛЫМБЕКОВ