Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Энактас баш байгени багындырды

«ТАПТЫК» долбоору И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Энактас командасы тарабынан даярдалган жана Түштүк Кореяда өткөн Сеул смарт шаар эл аралык конкурсуна катышып, «Human CentriCity» номинациясында баш байгени багындырды.

Seoul Smart City Prize — бул шаарларда жашоонун сапатын жакшыртууга багытталган инновациялык технологияларды илгерилетүүнүн дүйнөдөгү алдыңкы платформаларынын бири. Сыйлык кыйынчылыкка туш болгон адамдардын жашоо шартын жакшыртууну камтыган инклюзивдүү акылдуу шаар моделин түзүүгө багытталган. Сынактын уюштуруучулары – WeGO ассоциациясы жана Сеул шаарынын өкмөтү акылдуу шаар адамга жана технологияга багытталышы керек экенин, жөн гана технологияларды өнүктүрүүгө көңүл буруунун актуалдуулугун белгилешет.

Бул жылы конкурска 160 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышкан. Алардын арасында ири шаарлардын мэрлери, эксперттер бар. Сынакта жалпы жонунан 360 команда болсо, финалда 16 мыкты долбоор өзүнүн инновациялык чечимдерин көрсөтүштү.

Алар шаарларда жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык жана технологиялык чечимдерин сунушташты.

Кыргызстандын атынан барган КМТУнун Энактас командасы Human CentriCity категориясында 15 өлкөнүн ичинен жеңүүчү деп табылды.  Ошентип, өлкө намысын татыктуу коргоп, инновациялык долбоорун ийгиликтүү көрсөтүп, Кыргызстандын жетишкендиктерин дүйнөлүк аренада даңазалай алды.

«Таптык» долбоору көзү азиз жана начар көргөн адамдарга жардам берүү максатында иштелип чыккан инновациялык үн картасы болуп саналат. Ал музейлер, китепканалар жана мамлекеттик мекемелер сыяктуу коомдук жайларга орнотууга ылайыкталып, шаардык чөйрөдө багытты оңой жана жеткиликтүү түшүнүүгө жардам берет. Долбоордун социалдык мааниси жана технологиялык жаңычылдыгы калыстар тобун таасирлентип, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган номинацияда жеңишке жетишине шарт түздү.

Белгилей кетсек, долбоор М.А.Мырзалиева жана А.К. Султанова тарабынан иштелип чыккан.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар