Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы KFC тез тамактануучу жайлардын бирине кирип барып, ызы-чуу чыгаргандар кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, факты боюнча кылмыш иши козголуп, 24-29 жаштардагы төрт шектүү УКМК кызматкерлери менен биргеликте Свердлов милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иштери башталды.
«Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайларында, азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдар коомдук жайда өзүн алып жүрүү эрежелерин одоно бузушуп, “Бойкот” деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен коомдук жайга бүлүк салып, коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерин жасашып, интернетте өз аккаунттарына жарыялашкан», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Окуя 18-19-октябрь күндөрү болгон.