Окумуштуулар кант диабетинен жабыркагандарды инсулин инъекциясынын зарылдыгы жок дарылай турган процедураны ойлоп табышты. Бул тууралуу Россиянын “Доктор Питтер” басылмасы жазды.
Статистика боюнча дүйнө жүзүндө 422 млн. адам II типтеги кант диабети менен жабыркайт.
Британиянын диабет изилдөөсүнө ылайык, жыл сайын жаңы диагноз коюлган 2-типтеги диабет менен ооругандардын 5-10%ы инсулин терапиясын талап кылып келген, ал эми 10-12 жылдан кийин бейтаптардын 80%га жакыны туруктуу инсулин терапиясын талап кылып келет.
Таблетка түрүндөгү глюкозаны төмөндөтүүчү дарылар менен дарылоо көбүнчө оорунун алгачкы 5-6 жылында натыйжалуу болот. Бирок убакыттын өтүшү менен канттын нормалдуу деңгээлин кармап туруу барган сайын кыйындайт, анткени уйку безинин клеткалары инсулинди азыраак жана начар иштеп чыгарат. Дарылоого инновациялык ыкманы Амстердам медициналык борборунун окумуштуулары сунушташкан.
Алар 2-типтеги кант диабети менен ооруган 14 бейтапка ReCET деп аталган жаңы эндоскопиялык процедураны сынашкан. Атайын катетер электр талаасынын жардамы менен он эки эли ичегинин былжыр чел кабыгын алып, өзүнүн инсулинине сезгичтигин жогорулатат.
Процедурадан кийин изилдөөнүн катышуучулары эки жума бою карбонгидратсыз диета кармашкан. Натыйжада 14 катышуучунун 12си 6 жана 12 айлык инсулинди талап кылбай калган.
“ReCET” — глюкозанын деңгээлин көзөмөлдөө үчүн организмдин өзүнүн инсулинине сезгичтигин жогорулатууга багытталган процедура.