whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкектеги жаңы автобекет иштей баштады

Бишкектеги жаңы автобекет иштей баштады

Бүгүндөн тарта батыш автобекети ишин толугу менен токтотуп, жаңы дарекке көчүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эми батыш автобекетиндеги бардык каттамдар «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөп баштайт. Аталган ишкана эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.

Учурда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн, батыш автобекетинен «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташууда.

Муниципалитеттен белгилешкендей, мындан ары борбор калаанын тургундары жана коноктору эки автобекеттен жол тартат:

— чыгыш аймактарга багытталган каттамдар Алма-Ата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен кетет;
— батыш аймактарга каттаган унаалар Фрунзе көчөсү, 209 (РИОМ «Унаа» базарынан кийин) дарегинен жөнөйт.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар