Кечээ Тышкы иштер министрлигинин Маалымат-борборунда министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 19-21-октябрда Россияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, брифинг учурунда Асеин Исаев МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров жана Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин жетекчилиги астында өткөн КР Министрлер Кабинети менен РФ өкмөтүнүн биргелешкен жыйынында жетишилген макулдашуулар тууралуу кеңири маалымат берди.
Анын алкагында эки мамлекет үчүн артыкчылыктуу тармактарда кызматташуунун негизги маселелери, өзгөчө өнөр жай, энергетика, транспорт, айыл чарба, санарип технологиялары, билим берүү жана маданият сыяктуу багыттарга өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.
Ошондой эле ал иш сапардын саясий маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын расмий статусуна жана 2024-жылдын 20-октябрында Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүнүн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата салтанаттуу ачылышынын маанисине токтолду.
Исаев жыйындын маанилүү жыйынтыктарынын бири катары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү андан ары тереңдетүүгө багытталган өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык мүнөздөгү беш эки тараптуу документке кол коюлганын белгиледи.
Ошондой эле ал эки мамлекеттин башчылары Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин товар жүгүртүүнү 5 млрд. АКШ долларына жеткирүү боюнча жетишилген макулдашуусу жана бул багытта аткаруу органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча да журналисттерди маалымдады.
Брифингдин жыйынтыгында Асеин Исаев журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.